"Кыямат күн": Ирандагы митингдер тууралуу күбөлөр эмнелерди айтышууда?

Сүрөттүн булагы, Public domain
- Author, Роджа Ассади, Сара Намджу, Би-Би-Синин Перс кызматы
"Өз көзүм менен көрдүм – алар түз эле демонстранттарга ок атып, адамдар турган жеринде эле сулк жыгылып жатышты".
Бул BBC News сайтында жарыяланган макаланын котормосу. Англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуса болот.
Омид башынан өткөргөн окуяларды дирилдеген үнү менен айтып берди, себеби бийлик анын изине түшөт деп чочулайт. Иран менен тышкы дүйнөнүн ортосунда пайда болгон жымжырттык дубалын бузуу эбегейсиз кайраттуулукту талап кылат, себеби режимдин куугунтугу өтө күчтүү.
Жашы 40тан ашкан Омид (коопсуздук максатында ысымын өзгөрттүк) бир нече күндөн бери Ирандын түштүгүндөгү чакан шаарчада өтүп жаткан нааразылык акциясына катышып келүүдө. Омид демонстрацияларга экономикалык абалдын кескин начарлашы себеп болгонун айтты.
Омиддин ырасташынча, коопсуздук күчтөрү митингчилерди Калашников автоматына окшош куралдардан аткылашкан.
Би-Би-Синин кабарчылары өткөн аптада Ирандын булуң-бурчунда чыккан нааразылык акцияларын бийлик ырайымсыз басып жатканы тууралуу маалыматтарды байма-бай алып жатышат.
Ирандын бийлиги интернетти өчүргөндүктөн, болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат алуу мурдагыдан да кыйын болуп калды. Ирандын өкмөтү Би-Би-Синин Перс кызматына өлкөдө иштөөгө тыюу салып келет.
12 күндөн бери уланып жаткан жалпы улуттук нааразылык акциялардын эң масштабдуусу бейшемби күнү өттү. Кабарларга караганда, 1979-жылдагы Ислам ыңкылабында бийликтен кулатылган шахтын бозгундагы уулу Реза Пехлевинин чакырыктарынан кийин бейшемби жана жума күндөрү дагы көп адамдар митингдерге кошулушту.
Эртеси күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи "Ислам Республикасы артка чегинбей турганын" айтты. Коопсуздук күчтөрү жана Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу (ИЫСК) Хаменеиге баш ийгендиктен, дал ушул эскертүүдөн кийин митингдерди өзгөчө ырайымсыздык менен басууга киришти.
Ирандын бийлиги башаламандыкка АКШ менен Израилди айыптоодо. Ирандын маалымат каражаттары нааразылык акцияларын "террордук актылар" деп аташууда.
"Кыямат күн"
Тегеранда жашаган кыз өткөн бейшембини "кыямат күн" деп атады.

Сүрөттүн булагы, Eyewitness image
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Тегерандын эң алыскы аймактары да демонстранттарга толуп кетти. Мындай райондордо митингдер өтөт деп ойлогон да эмесмин", - дейт ал.
"Бирок жума күнү коопсуздук күчтөрү адамдарды тынымсыз эле өлтүрүп жатышты. Мунун баарын өз көзүм менен көргөндүктөн, өзүмдү аябай жаман сезип жатам. Жума кандуу күн болду".
Кыздын айтымында, жума күнкү кыргындан кийин адамдар көчөгө чыккандан коркуп, эми бурч-бурчтарда жашынып же үйлөрүндө отуруп, ураан чакырып жатышат.
Маектешибиздин ырасташынча, ушул тапта Иран согуш талаасына окшошуп турат: демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү өз позицияларын ээлеп, көчөлөрдө жашырынышууда.
"Согушта эки тараптын тең куралы болот эмеспи. Ал эми бул жерде адамдар жөн гана ураан чакырса эле аларды өлтүрүшүүдө. Бул бир тараптуу согуш", - деп кошумчалайт ал.
Тегерандын батышындагы Фердис шаарында орун алган окуяларга күбө болгондордун айтымында, жума күнү Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун ыктыярчылар бөлүгүнүн мүчөлөрү демонстранттарга күтүүсүз жерден кол салышкан.
Күбөлөрдүн ырасташынча, куралчан, мотоциклдерди айдаган адамдар демонстранттарга ок ачышкан. Номерлери жок машинелер да көчөлөрдү аралап, митингдерге катышпаган жергиликтүү тургундарды аткылашты.
"Ар бир көчөдө өлүү жаткан эки-үч кишини көрүүгө болот", - дейт окуянын күбөсү.
Каза болгондордун саны ар башкача
Би-Би-Си менен маектешкен адамдардын айтымында, дүйнөнүн башка өлкөлөрү Иранда азыр эмне болуп жатканын элестете да алышпайт.
Маектештер эл аралык маалымат каражаттарында каза болгондордун саны тууралуу чыгып жаткан кабарлар аз көрсөтүлүп жатканын, алардын өз эсеби боюнча бул сан алда канча көп экенин айтышты.

Сүрөттүн булагы, Eyewitness image
Чет элдик журналисттер Иранда эркин иштей алышпайт жана негизинен өлкөдөн чыгып кеткен ирандык укук коргоо уюмдарынын маалыматтарына таянышууда. Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан IHRNGO тобу дүйшөмбү күнү Иранда бери дегенде 648 демонстрант каза болгонун, анын ичинде бойго жете электер бар экенин билдирди.
Кээ бир жергиликтүү маалымат булактары жана күбөлөр өлкө боюнча абдан көп киши өлтүрүлгөнүн, алардын эсеби боюнча миңдеген адамдар каза тапканын айтышууда.
Би-Би-Си азырынча бул маалыматты тактай албай жатат. Ирандын бийлиги нааразылык акциялары маалында каза болгондор тууралуу расмий маалымат бере элек.
Анткен менен Ирандын маалымат каражаттары демонстрациялар маалында коопсуздук күчтөрүнүн 100 кызматкери өлгөнүн кабарлашты. Алардын ырасташынча, демонстранттар ар кайсы шаарларда ондогон мечиттерди жана банктарды өрттөшкөн.
Би-Би-Синин Перс кызматынын журналисттеринин колуна тийген видеолордон полициянын автоунаалары жана айрым мамлекеттик мекемелер өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.
"Ооруканалар жарадарларга толуп кетти"
Би-Би-Сиге видеолор негизинен Тегеран, коңшулаш Кереж, өлкөнүн түндүгүндөгү Решт, түндүк-чыгыштагы Мешхед жана түштүктөгү Шираз сыяктуу ири шаарлардан келип жатат. Бул аймактарда көбүрөөк адамдар Starlink спутник кызматы аркылуу Интернетке кире алышат.

Сүрөттүн булагы, Eyewitness image / Reuters
Ошол эле учурда бизде интернети болбогон жана тирешүүнүн башында көптөгөн адамдар каза болгон чакан шаарлар боюнча маалымат өтө аз.
Анткен менен, ар кайсы шаарларда митингдер абдан ырайымсыз жол менен басылып жатканы тууралуу далилдер көп.
Би-Би-Сиге сүйлөгөн дарыгерлер көп адамдар өлгөнүн жана жараат алышканын айтышты. Алардын кабарлашынча, көптөгөн шаарлардагы ооруканалар жарадарларга толуп, өзгөчө башынан жана көзүнөн оор жаракат алган адамдарга жардам көрсөтө албай жатышат. Айрым күбөлөр өлгөн адамдарды "бири-биринин үстүнө жыйып", үй-бүлөлөрүнө бербей жатканын айтышууда.
Жекшембиде ирандык активисттер жүргүзгөн Vahid Online телеграм-каналы Тегерандагы Кахризак соттук медицина борборунда адамдардын сөөгүн көрсөткөн бир нече видеолорду жарыялады. Кадрларга караганда, каза болгондордун туугандары сөөктөрдү таанууга аракет кылып жатышат.
Кахризакта тартылган видеолордун биринде кара баштыктарда көптөгөн өлүктөр бар экенин көрүүгө болот. Дагы бир видеодо бир нече өлүк адам жаткан кампа көрсөтүлгөн.
Мешхед шаарындагы өлүккананын кызматкеринин айтымында, жума күнү эртең менен ал жерге оор жарааттан каза тапкан 180ден 200гө чейин адамдын сөөктөрү жеткирилген.
Решт шаарындагы күбөнүн Би-Би-Сиге билдиришинче, бейшемби күнү 70 адамдын сөөгү шаардагы ооруканалардын биринин өлүкканасына жеткирилген. "Коопсуздук күчтөрү сөөктөрдү өткөрүп берүүдөн мурун туугандарынан "октун акысын төлөп берүүнү" талап кылышкан", - деди ал.
Тегерандын чыгышындагы оорукананын кызматкери бейшемби күнү ал жерге 40ка жакын адамдын сөөгү жеткирилгенин айтты. Коопсуздук максатында бул оорукананын атын атабайбыз.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жекшемби күнү "Иран бийлигинин демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонгону, анын натыйжасында каза болгондор жана жарадар тууралуу маалыматтар нес кылганын" билдирди. (ZMa)












