Атлантикадагы өтмөк жана космостук коргонуу. Эмне себептен Гренландия АКШнын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү?

Гренландиянын аймагында АКШнын бир гана базасы орун алган – бул чоң аэродрому жана ракета чабуулу тууралуу эскертүүчү системасы бар радары жана космостук байланыш системасы менен “Питуффик” базасы. Сүрөттө кыйла чакан көлөмдөгү радар – бул “Питуффик” базасындагы объекттердин бири.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гренландиянын аймагында АКШнын бир гана базасы орун алган – бул чоң аэродрому жана ракета чабуулу тууралуу эскертүүчү системасы бар радары жана космостук байланыш системасы менен "Питуффик" базасы. Сүрөттө кыйла чакан көлөмдөгү радар – бул "Питуффик" базасындагы объекттердин бири.
    • Author, Павел Аксенов
    • Role, Би-Би-Синин аскерий баяндамачысы

Президент Дональд Трамп АКШ Гренландияны өз карамагына алышы керектигин дагы бир жолу кайталады. Би-Би-Синин суроосуна жооп берип жатып, Дональд Трамп Вашингтон буга "жеңил" же "оор" жолдор менен жете турганын айтты. Бирок америкалык президент НАТО боюнча союздашына күч колдонууга чейин барарын айтып коркуткудай эмне себептен Гренландия Кошмо Штаттары үчүн стратегиялык максатка айланды?

Аскердик-стратегиялык көз караштан алганда, АКШнын бул аралды көксөгөнүнүн бери дегенде эки себеби бар. Гренландия АКШнын аймагын деңизден да, асмандан да коргоп келет.

Мындан тышкары, Гренландия АКШнын Арктикадагы турумун бекемдей алат, бул чөлкөм барган сайын көбүрөөк мааниге ээ болуп баратат.

Деңиздеги көздү кызарткан чек аралар

Эсиңиздеби, дээрлик бир жыл мурда Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармагында АКШны Европадан "чоң кооз океан" бөлүп турарын жазган эле? Трамп Атлантиканы айтып жаткан болчу.

Кошмо Штаттарынын батыш жээгин Тынч океаны курчап турат. Дал ушул жерде коопсуздукка чоң коркунуч бар – ал жакка Кытай да чыга алат, болгондо да Кытайдын деңиз жээктери кыйла эле узун. Ошол эле маалда Орусияда да Тынч океанына чыгууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

АКШ дайыма бул аймак коркунучтун булагы болушу ыктымал деп, ошого жараша мамиле жасап келгендиктен, бул аймакка аскерий базаларын өтө көп жайгаштырган. Американын чет өлкөлөрдөгү аскердик базалары эң көп Жапонияда, Филиппинде жана Түштүк Кореяда орун алган.

Бирок Атлантика – бул таптакыр башка маселе. Ага Орусия да, Кытай да түз кире албайт.

Орусиядан ал жакка Кара деңиз, Босфор жана Дарданелл, андан ары Жер Ортолук деңиз жана Гибралтар аркылуу жетүүгө болот.

Бирок бул ыңгайлуу каттам болуп эсептелбейт; бул жолдо бери дегенде Түркиянын эки өтө тар кысыгы бар, алар Монтрё конвенциясына ылайык согуш чыккан учурда жабылат.

2022-жылы дал ушундай болгон – Украинада согуш башталгандан бери орусиялык жана украиналык аскер кемелери кысыктардан өтө албай келишет.

Орусия үчүн экинчи жол кыйла жеңилирээк: Баренц деңизинен Скандинавия жарым аралын айланып, андан ары Исландиянын жанындагы кең өтмөк аркылуу Атлантика океанына жете алат.

Бул жол НАТОго мүчө мамлекеттер – Норвегия, Улуу Британия жана Исландия аркылуу өтөт. Ал эми экинчи тарабында Гренландия болот.

Дал ушул жерде "Фарер-Исландия чек арасы" (англисче аталышы – GIUK gap, Greenland, Iceland, United Kingdom) орун алган – бул Гренландиядан Исландия, Фарер аралдары аркылуу жана Шотландиянын түндүк четине чейинки сызык.

Гренландиянын жээгинен баштап Шотландияга чейин деңизде суунун алдында жүрүүчү кемелерди аныктай алган датчиктер орнотулган.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гренландиянын жээгинен баштап Шотландияга чейин деңизде суунун алдында жүрүүчү кемелерди аныктай алган датчиктер орнотулган.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул сызык шарттуу; аскер адамдары аны Атлантика океанын Түндүк Муз океаны тарабынан коргоо үчүн эң ыңгайлуу жер деп эсептешет.

Бул чектин стратегиялык маанисин ХХ кылымдын башында эле баамдашкан, бирок Кансыз согуш маалында гана ал чечүүчү мааниге ээ болгон, себеби баллистикалык ракеталарды ташыган өзөктүк суу астында жүрүүчү кайыктар ал аркылуу Атлантикага нөөмөткө жетип алышчу. Атлантиканын кыйырсыз чектеринде көзгө көрүнбөй калган суу астында жүрүүчү кайык күтүлбөгөн жерден сокку ура алмак.

Атлантика Түндүк Американын жана Европанын эң маанилүү камсыздоо жолу болчу жана азыр да ошол бойдон кала берүүдө. Бул каттамды Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кригсмарине да (Үчүнчү рейхтин аскер-деңиз күчтөрү) бөгөттөөгө аракет кылган.

Эгерде Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетсе, Советтер Союзу сууда жана суунун алдында жүрүүчү кемелерин жиберип, Түндүк Атлантикадагы кемелердин жүрүүсүнө бут тосууга аракет кылмак.

Кансыз согуш маалында бул райондо (жана Дүйнөлүк океандагы айрым бир башка аймактарда) америкалыктар SOSUS (Sound Surveillance System – үндү аныктоо системасы) системасын жайгаштырышкан, бул – кемелерди көзөмөлдөөнүн автоматтык системасы. Бул система датчиктердин тармагын колдонуу менен Атлантикага нөөмөткө бараткан советтик суу астында жүрүүчү кайыктарды көзөмөлдөп турган.

1980-жылдары жаңы IUSS системасы (Integrated Undersea Surveillance System) орнотулган, ага кемелердин багытына көз салуу боюнча глобалдык америкалык аскер системасы киргизилген.

Гренландияда IUSS менен байланышкан жер үстүндөгү кандайдыр бир объекттер тууралуу маалымат ачык булактарда жок жана системанын бул райондогу ишке жөндөмдүүлүгү жээкте америкалыктардын бар болуп-болбогонуна көз карандыбы же жокпу – бул белгисиз.

Бирок, ар кандай коргонуу чегинин чабал жери – бул флангдар, эгерде НАТО Дональд Трамп корккондой Гренландиядагы көзөмөлдү жоготсо, анда мындай көзөмөлдү алгандар Түндүк Атлантикага азыркыга караганда эркин кире алышат.

Космостук коргонуу үчүн мааниси

Экинчи себеби – Гренландияда "Питуффик" Космос күчтөрүнүн аскердик базасы орун алган (2023-жылга чейин "Туле" аскер-аба күчтөрүнүн базасы болчу). "Питуффик" АКШны көздөй учурулган континенттер аралык баллистикалык ракеталар тууралуу эскертип турган америкалык системанын эң маанилүү элементи болуп саналат. Бул Орусиянын ракеталык чабуул жөнүндө эскертүү системасынын (РЧЭС) аналогу.

Эгерде глобусту карай турган болсок, Гренландия континенттер аралык баллистикалык ракеталардын учуу жолунун алдында турат. Бул ракеталар стратегиялык багыттагы орусиялык аскер күчтөрүнүн көпчүлүк позициялык аймактарынан учурулса болот.

Базадан болжол менен 10 чакырым алыстыкта UEWR (Upgraded Early Warning Radar) жайгаштырылган, бул – ракеталык чабуул тууралуу алдын ала эскертүүчү чоң стационардык радар, ал Орусиянын жана Азиянын европалык бөлүгүнөн учурулган ракеталарды байкоого жөндөмдүү.

АКШнын Космос күчтөрүнүн базасы Гренландияда жайгашкан

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Космос күчтөрүнүн базасы Гренландияда жайгашкан

Ал Орусияга өтө эле жакын жайгашкан жана ракета учурулганда кошумча убакытты утуп алып, кандай реакция жасаш керектигин түшүнүүгө мүмкүндүк берет – бул жерде сөз мүнөттөр жөнүндө болуп жатат.

Трамптын администрациясы "Алтын кумпа" деп аталган ракетадан коргонуунун жаңы стратегиялык системасын куруу демилгесин көтөрүп чыкты. Анын архитектурасы азырынча жалпысынан эле белгилүү, ага ылайык, ал негизги көңүлдү космостук системаларга бурат десе болот.

Бирок, "Питуффик" учурулган ракеталарды байкоо системасынын бир бөлүгү гана эмес, ошол эле маалда спутниктер менен байланыш түзүү үчүн кызмат кылган космостук база да болуп саналат.

Түндүк-Батыш өтмөк жана Арктика

Акыр-аягы, Гренландиянын үстүнөн көзөмөл АКШнын Арктикадагы позициясын бекемдей алмак, себеби Арктика көп жакшы өздөштүрүлбөй келаткан дүйнөлүк чөлкөм болуп саналат.

Канткен күндө да климаттын өзгөрүүсү муздун эришине алып келүүдө, бул болсо жаратылыш ресурстарын иштетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Гренландияда мунай, уран жана сейрек кездешүүчү металлдар: неодим, празеодим, диспрозий жана тербий бар.

АКШнын Арктикадагы аскер кемелери

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Арктикадагы аскер кемелери

Арктика жаңы транспорт коридорлору үчүн да маанилүү.

Арктикадагы эң белгилүү эки транспорт коридору бар – бул Орусиянын жээгиндеги Түндүк деңиз жолу жана Канаданын Арктикалык архипелагы аркылуу Түндүк Американын түндүк жээгиндеги Түндүк-Батыш өтмөгү.

Атлантика жана Тынч океаны Панама каналы жана Антарктиданын жээгиндеги Дрейк кысыгы менен туташып турат. Бирок түндүктө мындай жол жок.

Өтмөктө инфраструктура өтө начар – чоң порттор, байланыш системалары, муз жаргычтар жетишсиз.

Бирок бул өтмөктүн соода жана аскердик дарамети эбегейсиз жана бул жерге салынган инвестиция өзүн актамак.

Канада Түндүк-Батыш өтмөгү анын ички сууларына таандык деп эсептейт; АКШ болсо, өтмөк эл аралык сууларда жайгашкан деп ырастап келет. Канаданыкы туура болсо, алар кемелердин жүрүүсүнүн өз эрежелерин орното алышмак, ал эми АКШныкы туура чыкса, ал жерде эл аралык эрежелер иштемек.

Эгерде АКШ Гренландияга көзөмөлдү алса, Түндүк-Батыш өтмөгүнүн айланасындагы талашта өзүнүн позициясын бир топ чыңдайт. Бирок бул жалгыз себеп эмес.

Арктикада учурда Орусия менен Кытай жигердүү иш алып барууда, ошол себептен Гренландияга көзөмөл АКШнын турумун бекемдей алмак.

Өз кезегинде Москва Арктикада аскердик кубатын көбөйтүп, муну менен түндүктөгү Франц-Иосиф Жериндеги "Арктический трилистник" жана Новосибирск аралдарындагы "Северный клевер" аскер базаларын кеңейтүүдө. Ошондой эле Арктикада Орусиянын чоң аэродромдору жана радарлары да бар.

2018-жылы Кытай өзүн "Арктикага жакын мамлекет" деп жарыялап, Түндүк Муз океанын бойлой "Уюлдагы Жибек Жолун" түзөрүн билдирип, муз жаргыч кемелерди сатып ала баштаган.

Ижарага алуубу же ээлик кылуубу?

Гренландия – Дания Королдугунун курамына кирген автономдуу аймак.

1951-жылы АКШ Гренландияны коргоо жөнүндө келишим түзгөн, ал Түндүк Атлантика келишими менен байланышкан.

АКШ менен Даниянын ортосундагы колдонуудагы макулдашууларга ылайык, АКШ Гренландияга чексиз сандагы аскерлерин жөнөтө алат.

2023-жылы Кошмо Штаттары менен Дания Коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Бул макулдашуу да НАТОнун келишимдерине негизделет жана Данияда жайгашкан америкалык күчтөр үчүн юридикалык негизди түзөт. АКШнын Гренландияда болушун өзүнчө макулдашуу жөнгө салат.

Трамп Гренландия Орусиянын же Кытайдын көзөмөлүнө өтүп кетиши мүмкүн экенин, ошол себептен Америка бул аймакты ижарага албастан, ага ээлик кылышы керектигин бир нече жолу айткан.

"Мен кытай элин жакшы көрөм, мен орус элин жакшы көрөм. Бирок мен алардын Гренландияда бизге кошуна болушун каалабайм. Мындай болбойт, - деп айтты 2026-жылдын январь айынын башында Трамп. – Баса, НАТО да муну түшүнүшү керек".

Данияны НАТОдогу негизги өнөктөштөрү – Европа өлкөлөрү жана Канада колдоп жатышат. Алар "Өз ара мамилелерге тиешелүү чечимди Дания менен Гренландия гана кабыл ала алат" деп билдиришти. (ZMa)