Украина: Харьковго жасалган соккудан 4 киши набыт болду

Сүрөттүн булагы, Харьков облустук прокуратурасы
Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов 13-январга караган түнү Харьковдун четине жасалган соккунун кесепетинен каза болгондордун саны төрт адамга жеткенин жазды. Анын айтымында, дагы алты киши ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан.
Харьков облустук прокуратурасы орус аскерлери «Новая почта» терминалына сокку урганын билдирди. Мекеме аймактагы түнкү орус соккусунун кесепеттери тартылган кадрларды жарыялаган. Анда Харьковдун четиндеги украиналык «Новая почта» кызматынын терминалы талкаланганы айтылат. Кадрларга караганда, куткаруучулар урандылардын астынан кеминде бир адамды алып чыгышкан, ал эми имарат олуттуу зыянга учураган.
Түн ичинде Украинанын борбору - Киев шаарында аба чабуулунун сиреналары кеминде эки жолу жаңырды. Украинанын Аба күчтөрү Киевди көздөй орусиялык учкучсуз учактардын бир нече тобу келе жатканын эскерткен.
Киев аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко орус аскерлери Киевге баллистикалык ракеталар менен чабуул жасап жатканын билдирди. Украинанын борборунун мэри Виталий Кличко шаардагы жардыруулар жана абадан коргонуу күчтөрүнүн иши тууралуу маалымдады.
Украин аскерлеринин маалыматы боюнча, согуштук дрондор Полтава облусу тарапка да багыт алган. Учурда Украинанын чыгыш, түштүк жана борбордук аймактарынын олуттуу бөлүгүндө аба чабуулу кооптуулугу жарыяланды.
Дүйшөмбү күнү кечинде Одессада жана Днепропетровск облусунун Павлоград шаарында жардыруулар болгонун украин журналисттер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Одесса облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак тургундарды баш калкалоочу жайларда калууга чакырды.
Украинанын Аба күчтөрү орус дрондорунун Харьков, Херсон облусунун түндүгү, Днепропетровск облусунун түштүгү, Запорожье жана Кара деңиз тараптан Одессага карай багыт алганын да кабарлаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги: Украинанын 78 дрону атып түшүрүлдү
Орус аскерлери 12-январда Москва убактысы боюнча саат 20:00дөн 23:00гө чейин Украинанын 78 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдиришти.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча:
36 дрон — аннексияланган Крымдын үстүнөн;
14 — Орёл облусунун үстүнөн;
8 — Липецк облусунун үстүнөн;
4 — Тула облусунун үстүнөн;
2 — Брянск облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн.
Ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин үстүнөн алтыдан, Воронеж жана Ростов облустарынын үстүнөн бирден БПЛА атып түшүрүлгөнү айтылат.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь орус абадан коргонуу күчтөрү шаарга жасалган аба чабуулунун мизин кайтарып жатканын жазды.
«Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок. Жердеги кесепеттер боюнча маалыматтар такталууда», — деп жазды Слюсарь өзүнүн телеграм-каналында.
Украиналык телеграм-каналдар Таганрогдон тартылды делген видеолорду жарыялап жатышат, анда жардыруулардын үнү угулуп, өрт көрүнүп турат.












