Жапаров ипотекалык үйлөрдүн баасы боюнча түшүндүрмө берди

Турак-жай

Сүрөттүн булагы, Facebook

Кыргызстан президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-январда, Бишкектеги "Мурас" турак-жай комплексинин курулушунун экинчи этабынын алкагында ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Жапаров мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган кезектеги батирлердин ээлерине берилишин өлкөдө турак-жай саясаты туура багытта жана ырааттуу ишке ашырылып жатканы менен байланыштырды.

Анын айтымында, бул жолу "Мурас" турак-жай комплексинен 1080 батир өз ээлерине тапшырылат. Комплекстин алкагында жалпысынан 39 блоктон турган 4754 батир куруу пландалган. Анын ичинен 2024-жылы 510 батир, 2025-жылы 476 батир пайдаланууга берилген.

"Учурда курулушу жигердүү жүрүп жаткан 2688 батир мерчемделген мөөнөтүндө өз ээлерине өткөрүлүп берилет. Албетте, комплексте бала-бакча, мектеп жана унаа токтотуучу жайлар орун алып, заманбап жашоого керектүү бардык социалдык объектилер менен камсыздалган. 10 млн сомдук уставдык капитал менен 10 жыл мурда ачылган Мамлекеттик ипотекалык компания учурда уставдык капиталын 87 млрд сомго жеткирип, келечекте 200 млрд сомго чыгарабыз деген аракетин көрүп жатат. Бул мекеме 2025-жылы 4 662 үй-бүлөнү турак-жайлуу кылып, 2024-жылга караганда 4 эсеге көп батир бере алышты",- деди президент.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн бери жалпы 14 945 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болду.

Учурда өлкө боюнча 80 245 ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Президент жыл аягына чейин Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Талас жана Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусунун Кочкор, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашуун батир курулуп, жарандарга берилерин кошумчалады.

Жапаров коомчулукта ипотекалык батирлердин баасына байланыштуу айтылып жаткан сын-пикирлерге да токтолду.

"Компания батирлерди турак-жай программасынын кезегинде турган жарандарга алдын ала төлөмү жок 25 жылга 4 жана 8 пайыз менен берип жатканын жакшы билесиздер. Бул керек болсо өлкөдөгү инфляция денгээлинен да төмөн. Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айта кетейин. Мисалы, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда чарчы метрин 700 доллардан кирип жашай тургандай кылып бересиңер деп биз жеке компанияларга тапшырма берип, салдырып, анан алар 700 доллардан бир доллар ашырбай, мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет. Мына ушул үйлөрдү 700 доллардан алып жатабыз. Мамлекеттик ипотекалык компания болсо үстүнө 250 доллардан кошуп, 950 доллардан берип жатат",- деди президент.

Анын айтымында, бул кошумча сумма 25 жыл ичиндеги инфляцияны толук жаппайт.

"Биз ошого карабастан, элге жеңилдик болсун деп берип жатабыз. Эгерде жеке жактардан алсаңар, жок дегенде 1500 доллардан алат элеңер",- деди Жапаров.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров алдыда мамлекеттик ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүп, турак-жай фондун кеңейтүүнү көздөп жатканын айтты. Анын маалыматына ылайык, быйыл компанияга мамлекеттик бюджеттен акыркы жолу болжол менен 500 млн доллар бөлүнөт. Кийинки жылдан тарта компания бюджеттик каржылоосуз, өз капиталынын эсебинен иш алып барат.

Президенттин айтымында, келечекте 200 млрд сомдук капитал менен бул мамлекеттик ишкана жаңы үйлөнгөн үй-бүлөлөрдөн тартып, турак-жайга муктаж улгайган жарандарга чейин үй менен камсыздоону узак мөөнөттүү негизде улантат.