"Бизди алдашты": Орусия үчүн согушууга азгырылган сириялыктар

Полина Александровна Азарных ортодо. Алдангандар Би-Би-Сиге айтып беришкендей, телеграм канал иштеткен мурдагы мугалим адамдарга калп айтып, согушка катышпай турганын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полина Александровна Азарных ортодо. Алдангандар Би-Би-Сиге айтып беришкендей, телеграм канал иштеткен мурдагы мугалим адамдарга калп айтып, согушка катышпай турганын билдирген.
    • Author, Навал Ал-Магафи, Role,Эл аралык иликтөө боюнча улук корреспондент
    • Author, Author,Шейда Киран, Role,BBC Eye иликтөө тобу

Омардын паспортунун четтерин жалын каптаган. "Жакшы күйүп жатат" дейт видеодо көрүнбөгөн аял орус тилинде.

Куруучу болуп иштеген 26 жаштагы сириялык Омар Орусиянын Украинага каршы баштаган согушунда тогуз айдай болгон. Башында анын телефонуна видео келген эле.

Ал аялдын үнүнөн тааныган. Ал Полина Александровна Азарных болгон. Омардын айтымында, Азарных кирешелүү жумуш жана орус жарандыгын убадалап, аны Орусия үчүн согушкандардын катарына жаздырган. Бирок азыр ал жинденип турат.

Алдангандар Би-Би-Сиге айтып беришкендей, телеграм канал иштеткен мурдагы мугалим адамдарга калп айтып, согушка катышпай турганын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Омардын паспорту

Украинадан жөнөтүлгөн аудио билдирүүлөрүндө Омар согуш майданына кантип түшүп калганын жана коркунучка кабылганын айтып берет. Коопсуздугу үчүн анын ысымы өзгөртүлдү.

Анын айтымында, эгерде Азарныхка $3 миң төлөй турган болсо, анда ал согуш болбогон аймакка жөнөтөрүн убадалаган. Бирок Омар болгону он күн машыгуудан кийин эле фронтко жөнөтүлгөн. Ошондо ал акча төлөөдөн баш тартканда Азарных жооп иретинде Омардын паспортун өрттөп салган.

Омар аскердик операцияга катышуудан баш тартканын, бирок командирлер аны өлтүрүп же түрмөгө камайм деп коркутушканын айтат.

"Бизди алдашты... бул аял жеткен калпычы", – дейт Омар.

Полина Александровна Азарных ортодо.

Сүрөттүн булагы, Telegram

BBC Eye иликтөөсү көрсөткөндөй, мурда мугалим болуп иштеген Азарных көбүнчө кедей өлкөлөрдөн эркек кишилерди Орусияда аскердик кызматка азгыруу үчүн Telegram канал колдонору маалым болду.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мурдагы мугалимдин жылмайыңкы видеолорунда жана жандуу постторунда "аскердик кызмат өтөө" үчүн "бир жылдык келишимдер" сунушталат.

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы дээрлик 500 учурду аныктады. Анда Азарных чакыруу деп аталган документтерди камсыздаган. Мындай документти алгандарга Орусиянын армиясына кошулуу үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берилет. Документтер негизинен Сирияда, Египетте жана Йеменде жашаган эркек кишилер үчүн берилген. Алар аскердик кызмат өтөө максатында Азарныхка паспорт маалыматтарын жибергендер.

Бирок аскерге чакырылгандар жана алардын туугандары Би-Би-Сиге айтып беришкендей, Азарных эркек кишилерге бурмаланган маалымат берип, согушка катышпай турганын айтып ишендирген, бир жылдан кийин кайтып кете албасын ачык түшүндүргөн эмес жана ага каяша айткандарды коркутуп-үркүткөн. Би-Би-Си ага байланышканда, ал айыптоолорду четке какты.

Азарных тарабынан эркек кишилер аскерге тартылганын бизге он эки үй-бүлөдөн билдиришти. Алардын айтымында, эркек кишилер азыр каза болгон болушу мүмкүн же дайынсыз жоголгон.

Олуттуу жоготууларга карабастан Орусия Украинадагы аскердик операциясын улантуу үчүн аскерге чакырууну күчөтүп, абактагыларды дагы тартып, аскердик кызмат өтөгүсү келгендерге чоң бонустарды сунуштап келатат.

Азарных адамдарды орус армиясында кызмат өтөөгө үндөгөн видеолорду бат-баттан жарыялап турат.

Сүрөттүн булагы, Telegram

2022-жылы толук кандуу согуш башталгандан бери Орусия 1 млн ашуун аскерин жоготкон же жаракат алган. НАТОнун маалыматы боюнча, 2025-жылдын декабрында эле 25 миңден ашуун аскер каза болгон.

Би-Би-Синин Орус кызматынын иликтөөсүнө ылайык, Украинадагы Орусиянын күчтөрү мурдагы жылдарга караганда былтыр эң көп жоготууга учураган. Иликтөө некрологдорго жана каза болгондор боюнча ачык статистикаларга негизделген эле.

Орус армиясынын катарына канча чет элдик кошулганын аныктоо оор. Би-Би-Си Орус кызматынын талдоосу боюнча, Куба, Непал жана Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн бери эле дегенде 20 миң киши аскерге тартылган болушу мүмкүн. Талдоодо каза болгон жана жаракат алган чет элдиктердин саны да камтылган.

Украина дагы чоң аскердик жоготууларга учураган жана өз катарына чет элдик согушкерлерди тарткан.

"Өлүп жаткандар ар жерде"

Омар Азарных менен алгачкы жолу 2024-жылдын мартында байланышкан. Анда ал Москва аэропортунда дагы башка 14 сириялык менен бирге дээрлик эч кандай акчасы жок кармалып калган эле.

Сирияда иш орундар тартыш болчу жана акы аз төлөнчү. Омардын айтымында, бирөө ага Орусиядагы мунай объекттерин кайтаруу сыяктуу жарандык иш сунуштаган. Алар Москвага учуп келишкенде гана алданганын сезишкен.

Омардын айтымында, интернетте варианттарды караштырып жатып, алардын ичинен бирөөсү Азарныхтын каналына туш болот да, ага кат жазат.

Азарных аларды бир нече сааттын ичинде эле аэропорттон тосуп алып, Орусиянын батышында жайгашкан Брянсктагы иш берүү борборуна поезд менен алып барганын Омар айтат.

Анын айтымында, ошол жерде Азарных аларга орус армиясында бир жылдык келишим, $2 жарым миң тегерегинде айлык маяна жана келишим түзүү үчүн $5 миң сунуштаган. Мындай сумма алар үчүн Сирияда кыял гана болчу.

Омар келишим орус тилинде болгонун айтат. Аны сириялыктардын бири да түшүнгөн эмес. Азарных алардын паспортторун алып, Орусиянын жарандыгын тууралап берерин убадалаган. Ошондой эле, Азарных келишим түзгөндө алынчу бонустук акчадан $3 миңден төлөп беришсе, анда аларды согуштук аймакка жиберилбей турганын убадалаганын айтат Омар.

Омар фронттук тилкеде катуу салгылашуулар болуп, жарылуулар тез-тез кайталанып турганын сүрөттөп берди.

Сүрөттүн булагы, Roman Chop/Global Images Ukraine via Getty Images

Бирок, анын айтымында, болгону 10 эле күндүк даярдыктан кийин жана эч кандай аскердик тажрыйбасы жок туруп, болжолдуу бир айдын ичинде эле аны фронтко жиберишкен.

"Биз бул жерде 100% өлөбүз", – деп айтат ал Би-Би-Синин иликтөө тобуна жиберген аудио билдирүүлөрүн биринде.

"Жаракат көп, жардыруу көп, атышуу көп. Эгерде жардыруудан өлбөсөң, үстүңдөн жааган сыныктардан өлөсүң", – дейт ал 2024-жылдын майында.

"Өлүп жаткандар ар жерде... Өлүп жаткандарды тебелеп басып алдым, Кудай мени кечир", – деп кабарлайт ал кийинки айда.

"Эгер кимдир бирөө өлсө, өз көзүм менен көрдүм, алар аны таштанды баштыгына салып туруп, дарактын жанына ыргытып коюшат", – деп кошумчалайт ал.

Дээрлик бир жылдан кийин ал Азарных ачык түшүндүрүп бербеген нерсени аңдап жетет. Орусиянын 2022-жылкы жарлыгында аскерлерге согуш бүткөнгө чейин келишимдерди автоматтык түрдө узартууга уруксат берилет.

"Эгер алар келишимди узартышса, анда өлдүм. Кудай, ай", – дейт ал.

Анын келишими узартылыптыр.

"Университеттен согушка"

Азарныхтын Telegram каналында 21 миң киши катталган. Ал постторунда Орусиянын армиясына кошулууну каалагандарга паспортуңарды сүрөткө тартып жибергиле деп айтат. Кийин ал чакыруу документтерин чыгарып турат. Кээде документтерде чакыруу алган эркек кишилердин ысымы жазылган тизмелер да болот.

Би-Би-Си 490дон ашуун ушундай чакырууларды аныктады. Бул чакырууларды Азарных өткөн жылы Йемен, Сирия, Египет, Марокко, Ирак, Кот-д'Ивуар жана Нигерия сыяктуу өлкөлөрдөгү эркек кишилерге жиберген.

Анын постторунда "эл аралык элиталык батальонго" кызматкер алынып жатканы айтылган. Орусияда мыйзамсыз жүргөндөр, виза мөөнөтү өтүп кеткендер да документ тапшырса болору белгиленген.

Азарных аскерге тарткан чет элдиктердин сегизи менен сүйлөштүк. Алардын арасында Омар да бар. Андан тышкары дайынсыз жоголгон же каза болгон 12 эркек кишинин үй-бүлөлөрү менен да баарлаштык.

Көпчүлүгү Азарных калп айтты же кыянат кылды деп эсептешет. Алар эркек кишилер аскерге баратканын билишкен, бирок фронтто кызмат өтөөрүн күтүшкөн эмес. Омар сыяктуу бир нечеси даярдык жетишсиз болгонун же бир жылдан кийин кетсе болот деп ойлошкон.

Египеттеги Юсуф (ысымы өзгөртүлдү) агасы Мухаммед 2022-жылы Екатеринбургда университетте окуй баштаганын Би-Би-Сиге айтып берди.

Бирок ал чыгымдарын төлөй албай кыйналганын айтат Юсуф. Анан ал Полина аттуу бир орус аял ага онлайн жардам сунуштап жатканын үй-бүлөсүнө айткан. Анда Орусиянын армиясында дагы иш сунушталган. Анын аркасында Мухаммед окуусун улантам деп ишенген.

"Ал аял ага үй жана жарандык убадалаган... айлык каржы", – дейт ал. "Ал кокустан эле Украинага жиберилген. Ал согушта болуп калган", – дейт Юсуф.

Акыркы жолу ал 2024-жылдын 24-январында байланышка чыкканын айтат Юсуф. Болжолдуу бир жылдан кийин, Юсуф айтып бергендей, Telegram аркылуу Орусиянын номурунан Мухаммеддин сөөгүн сүрөткө тартып жиберишкен. Ошентип үй-бүлөсү анын бир жыл мурда эле каза болгонун билишкен.

"Айрымдар акылдан азышты"

Орусиянын армиясында кызмат өтөгөн дагы бир сириялык Хабибдин айтымында, Азарных орус армиясына "тарткан маанилүү адамдардын бири" болуп калган. Ал видеого тартууга каршы болгон жок, бирок коопсуздугу үчүн ысымын жашырууну өтүндү.

Хабибдин айтымында, Азарных "менен Орусияга чакыруу визаларынын үстүнөн үч жылдай иштешкен". Ал башка маалымат берген жок жана биз анын бул процесстеги ордун ырастай алган жокпуз. Коомдук желеде 2024-жылы чыккан фотосүрөттөрдө экөө бирге түшкөнүн көрүүгө болот.

Орусиянын түштүк-батышындагы Воронеж аймагынан чыккан Азарных 2024-жылы Telegram каналын ачканга чейин Москвада окууну каалаган араб студенттерге жардам берген Facebook тайпаны иштетчү.

Хабибдин айтымында, чет элдик студенттердин көбү объекттерди кайтарабыз же көзөмөл өткөрүү бекеттеринде турабыз деп ойлошкон. "Арабдар келери менен эле каза болуп жатышат. Айрымдары акылдан азышты. Өлгөн адамдарды көрүү оор", – дейт ал.

Хабиб Би-Би-Сиге: «Полина эркектердин өлүмгө бара жатканын билип туруп эле, аларды алып кетчү», — деп айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Хабиб Омар менен калган сириялыктарды аскердик машыгуу жайында жолуктурганын айтат. "Ал аларга жарандыкты, жакшы маянаны жана коопсуздукту убада кылган", – дейт Хабиб. "Бирок келишимге кол койгондон кийин артка жол жок".

"Эч кимиси курал колдонууну билген эмес. Аларды атып жатса деле алар кайра ок чыгара алган эмес... эгер ок атпасаң, сени өлтүрүшөт", – дейт ал. "Полина эркек кишилер каза болорун билип турса дагы аларды алып кетчү".

Хабибдин айтымында, ал "ар бир адам үчүн армиядан $300 алчу". Би-Би-Си муну ырастай алган жок. Аскерге тартылган башкалар дагы ал акча алат деп ойлошорун бизге айтышты.

"Бекер эч нерсе жок"

Азарныхтын 2024-жылдын ортолорунан кийинки постторунда аскерге тартылгандар "согуштук иш-аракеттерде катышары" белгиленип, согушта каза болгон чет элдиктер жөнүндө айтыла баштайт.

"Силер баарыңар согушка баратканыңарды жакшы түшүндүңөр", – дейт ал 2024-жылдын октябрындагы бир видеосунда. "Силер эч нерсе кылбай эле Орусиянын паспортун алып, беш жылдыздуу мейманканада жашайбыз деп ойлоп жаттыңар беле?... Бекер эч нерсе жок".

2024-жылдагы дагы бир иштен Би-Би-Си Азарных уулу аскердик кызмат өтөп жаткан энеге жиберген аудио билдирүүнү угуп чыкты. Азарных ал аял "орус армиясы жөнүндө өтө жаман бир нерсе чыгарганын" айтат. Сөгүнүп-сагынган сөздүн арасында ал уулунун өмүрүнө коркунуч келерин айтып, ал аялга эскертүү берет: "Мен сени жана бардык балдарыңды табам".

Би-Би-Си Азарных менен байланышуу үчүн бир нече жолу аракет кылды. Башында ал эгерде биз Орусияга барсак интервью берерин айткан. Бирок коопсуздук маселесинен улам Би-Би-Си андан баш тартты. Кийинчерээк ага телефон аркылуу аскерге тартылгандар согушка жиберилбей турганы убадаланганы жөнүндө суроо узатканда, ал телефонду өчүрүп койду. Андан кийин аудио билдирүү жибергенибизде, ал биздин ишибиз "кесипкөй болбой" жатканын айтып, ыктымал жалаа жабуу боюнча териштирүү болорун айтып эскертти. Ошондой эле ал төмөнкүлөрдү айтты: "Биздин урматтуу арабдар айыптоолорун көттөрүнө тыгып алышсын".

Би-Би-Си Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Коргоо министрлигине комментарий алуу үчүн байланышып, бирок эч кандай жооп ала алган жок.

Мурдараак, 2022-жылы Владимир Путин Жакынкы Чыгыштан эркек кишилерди тартуу иштерин колдоп, алар каржылык эмес, идеологиялык себептерден улам келерин айткан: "Акча үчүн эмес, өз ыктыяры менен келип, адамдарга көмөк көрсөткүсү келген адамдар бар".

2024-жылдын январында Азарныхтын Telegram каналында жарыяланган сүрөттө Хабиб анын жанында туруп турганы көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Telegram

"Акчалай стимул"

Бул маселе боюнча көз салып келаткан журналисттер менен изилдөөчүлөрдүн айтымында, Азарных сыяктуу адамдар аскерге тарткан бейрасмий тармактын бир бөлүгү.

Би-Би-Си Орусиянын армиясына кошулууну сунуштаган ушундай эле араб тилиндеги эки Telegram каналды аныктады. Биринде чакыруу документтерин көрсөткөн посттор жана адамдардын тизмеси болсо, экинчисинде "элиталык батальонго" кошулгандарга ири суммадагы төлөмдөр берилери жарнамалаган.

Сентябрда Кениянын полициясы кениялыктарга жумуш сунуштап азгырган, бирок Украинадагы согушка жиберүүгө шектелген "адам соодасы менен алектенген синдикаттын" ишин токтотконун билдирген.

Согушту изилдөө институтунун изилдөөчүсү Катерина Степаненко Би-Би-Сиге билдиргендей, Орусиядагы айрым муниципалдык жана аймактык бийлик өкүлдөрү орусиялыктарды же чет элдиктерди аскердик кызматка тарткан HR адистер менен тургундар сыяктуу адамдарга $4 миңге чейин акчалай стимул сунуштап жатышат.

Анын айтымында, Кремль башында аскерге тартуу үчүн "Вагнер" жеке менчик аскердик тобу жана абак системасы сыяктуу ири институттарды пайдаланган. Бирок 2024-жылдан бери "жергиликтүүлөр менен чакан компанияларды" да колдонуп келатат.

Бул "мурдагы ыкмалар аркылуу ошончо адамды тартууга болбой калганын көрсөтөт", – деп кошумчалайт ал.

Ал ортодо Хабиб Сирияга кайтып барган. Ал келишимди жокко чыгаруу үчүн бир нече коммандирге пара бергенин айтат. Омар болсо Орусиянын жарандыгын алып, Сирияга кайтып кеткен. Аны менен бирге кызмат өтөгөн дагы эки сириялык каза болгон. Бул тууралуу алардын үй-бүлөсү билдирген.

Азарных "бизди сан же акча катары көрөт – ал бизди адам деп эсептебейт", – дейт ал. "Бизге кылганы үчүн аны кечирбейбиз".

Репортажга кошумча салым кошкондор: Ольга Ившина, Гехад Аббас, Али Ибрагим, Виктория Аракелян жана Райан Мааруф.