ТИМ Мальтада каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн алып келүү иштери жүрүп жатканын айтты

Мальта

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Тышкы иштер министрлиги Мальтадагы Сент-Жорж булуңунда Кыргызстан жараны каза болгонун тастыктады. Учурда Италиядагы элчилик маркумдун сөөгүн мекенине кайтаруу боюнча бардык зарыл иш-чараларды уюштуруп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Мальтада Кыргызстандын жаранын деңиз толкуну тартып кетип, каза болгону тууралуу социалдык тармактарда маалымат тараган. Анда өзүн маркум аялдын жолдошу катары тааныштырган киши жубайын деңиз толкуну алып кетип каза тапканын, жанында кошо жүргөн кызы нес абалда экенин айтып, жардам сурап кайрылган.

"Менин жубайымды толкун алып кеткен. Кызым тирүү. Ал азыр нес болгон жаман абалда. Бардык документтери жана уюлдук телефондору жоголду. Учурда ал (кызым) байланышсыз жана жардамга муктаж болуп турат. Биз алыстабыз, Мальтада тааныштарыбыз жок. Ошол жакта жүргөн кыргыздарга жана казактарга кайрылабыз. Кызыма моралдык колдоо көрсөтүп, полиция, тез жардам же элчилик менен байланышууга жардам берсеңиздер, абдан суранабыз. Кандай гана жардам болбосун өтө маанилүү",- деп жазылган социалдык тармактардагы кайрылууда.

Бул маалыматты Times of Malta басылмасы да тастыктады. Анда 11-январда Мальтадагы Сент-Жорж булуңунда деңиз кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын 48 жаштагы жараны каза болгону айтылат.

Маалыматка ылайык, полицияга окуя тууралуу кабар болжол менен саат 12:40 чамасында түшкөн. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында, жээктен өтүп бара жаткан бир нече адам деңиз толкуну алып кеткен эки аялды суудан чыгарып, жардам көрсөтүүгө аракет кылган.

Кийинчерээк окуя болгон жерге медицина кызматкерлери жана жарандык коргонуу өкүлдөрү келип, жабыркагандарды тез жардам унаасына салып, "Матер Дей" ооруканасына жеткиришкен.

"Тилекке каршы, 48 жаштагы аял каза болду. Экинчи аялдын абалы туруктуу",- деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери уланып жатканы айтылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо маалымат текшерилип, тиешелүү иштер аткарылып жатканын билдирген.