Назарбаевдин коррупцияга шектелген күйөө баласынын Британиядагы үй чыры

Сүрөттө: Эндрю Маунтбеттен-Виндзор 2007-жылы үйүн 15 миллион фунтка саткан

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Эндрю Маунтбеттен-Виндзор 2007-жылы үйүн 15 миллион фунтка саткан
    • Author, Джеймс Оливер, BBC Panorama, Уилл Далгрин жана Энди Верити, BBC News Investigations

Би-Би-Синин иликтөөсү аныктап чыккандай, Улуу Британиянын падышасы Чарльз IIIнүн бир тууганы Эндрю Маунтбеттен-Виндзор коррупцияга аралашкан компаниянын каражаттарын пайдаланган олигархтан миллиондогон фунт стерлинг алган.

Казакстандык миллиардер Тимур Кулибаев адвокаттары аркылуу Би-Би-Сиге маалымат берип, мурда Эндрюга таандык болгон үйдү сатып алуу үчүн Enviro Pacific Investments компаниясынан ссуда алганын айтты.

Италиядагы прокурорлор аталган компания 2007-жылы пара алуу схемасынан накталай акча алган деген тыянакка келишти.

Бул төлөмдөрдүн акыркысы чегерилген соң бир нече жума өткөндөн кийин олигарх Enviro Pacific компаниясы берген акчага Беркширдеги Саннингхилл-Паркты Эндрюдан 15 миллион фунт стерлингге сатып алган. Эндрю ошол кезде ханзаада макамын алып жүргөн.

Казакстандын ошол кездеги президентинин күйөө баласы Кулибаев өлкөнүн мунай-газ тармагындагы эң таасирдүү аткаминерлеринин бири болгон. Би-Би-Синин дагы бир маалыматына ылайык, башка бир кылмыш ишинде италиялык бизнесмен олигархка пара бергенин мойнуна алган.

Кулибаевдин адвокаттары Би-Би-Сиге ал эч качан паракорчулукка же коррупцияга аралашпаганын жана Саннингхилл-Паркын сатып алууга жумшалган каражат мыйзамдуу жол менен алынганын айтышты.

Ачыкка чыккан бул маалыматтар Эндрю кылмыш жолунан түшкөн кирешеден байкабай пайда көргөнбү жана өзү жана анын кеңешчилери мындай айыптардан оолак болуу үчүн мыйзам талап кылган тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүшкөнбү деген суроолорду жаратууда.

Финансы жана коопсуздук борборунун директору, акчаны адалдоо маселелери боюнча эксперт Том Китинг түзүлгөн бүтүмдө "кооптуу белгилер" бар экенин айтты. "Коррупциядан түшкөн кирешелерди адалдоого көмөктөшпөгөнүнө ынануу үчүн түзүлгөн бүтүм кылдат текшерилиши керек болчу", - деди Китинг.

Кабарларга караганда, Кулибаев үй үчүн суралган баадан 3 миллион фунтка жана кыймылсыз мүлктүн базар баасынан болжол менен 7 миллион фунтка көбүрөөк төлөгөн.

Мурдагы ханзаада Би-Би-Синин комментарий берүү өтүнүчтөрүнө жооп берген жок. 2009-жылы бүтүм сынга алына баштаганда ал Daily Telegraph гезитине: "Акча төлөнгөндөн кийин бул менин ишим эмес. Эгерде ушундай сунуш түшсө, мен белектин чоо-жайын териштирип, мага ашыкча төлөп коюшту деп ойлобойм".

Сатылбай келген үйдүн чоо-жайы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Саннингхилл-Паркты Эндрю 1986-жылы ханыша Елизабетадан үйлөнүү тоюна белек катары алган. Бул эки кабаттуу, кызыл кирпичтен салынган заманбап особняк, анда 12 уктоочу бөлмө, 12 жуунучу бөлмө жана алты конок бөлмө бар. Айрымдар бул үй Tesco супермаркетинин типтүү имаратына окшош деп какшыкташат.

Үй биринчи жолу 2001-жылы сатыкка коюлган, бирок өзгөчө деле эч кимдин назарын бура алган эмес. Ушундан соң үйдү сатуу процессине Эндрю жеке өзү тартылган. 2003-жылы Бахрейндеги элчинин орун басары болгон Саймон Уиилсондун айтымында, Британиянын соода өкүлү катары Бахрейнге расмий иш сапары менен барганда, мурдагы ханзаада бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Перс булуңундагы падышалардын үй-бүлө мүчөлөрүнө үйдү сатууга аракет кылган.

Бирок акыр соңунда сатып алуучу ошол кездеги ханзааданын башка өлкө – Казакстан менен байланышынын натыйжасында пайда болгон. 2002-жылы Эндрю президент Нурсултан Назарбаев менен бирге Британ-Казак коомунун колдоочусу болгон. Эндрю 2006-жылы Казакстанга барып, ошол жылдын аягында эле Назарбаев Букингем сарайында ханыша Елизавета менен жолугушкан.

2007-жылы Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевден Саннингхилл-Паркын сатып алуу сунушу түшкөн.

Сүрөттө: Тимур Кулибаев (ортодо) Каспийдеги мунай операцияларын колдоо базасынын салтанаттуу ачылышында, 2003-жылдын ноябры.

Сүрөттүн булагы, ITAR-TASS / Anatoly Ustinenko

Сүрөттө: Тимур Кулибаев (сүрөт 2011-жылы тартылган) Казакстандын мунай-газ тармагында негизги ролдордун бирин ойночу.

Сүрөттүн булагы, AP Photo/Nikita Bassov

Ал кезде Кулибаевдин байлыгы 1 миллиард фунттан ашкан жана мамлекеттин мунай-газ тармагынын басымдуу бөлүгүнө ээлик кылган Samruk-Kaznya фондун башкарууда маанилүү ролду ойногон.

Маалыматтарга караганда, Кулибаевди Эндрю менен казакстандык ишкер жана олигархтан эки баласы бар Гога Ашкенази тааныштырган. Гога ханзаада анын жакын досу экенин айтып жүрчү, бирок азыр болсо 15 жылдан бери эч кандай мамилеси болбогонун ырастап келет.

Эндрю менен Ашкенази 2007-жылы июнда Аскотто ханышанын катышуусунда өткөн Айымдар күнүн чогуу өткөрүшкөн. Июнь айында Саннингхилл-Паркын сатып алуу боюнча келишимдерге кол коюлган. Бул үйдү сатып алуу үчүн Кулибаев өзүнө таандык Unity Assets Corporation оффшордук компаниясын колдонгон. Падышалык үй-бүлөнүн адвокаттары, Farrer & Co, сатуучунун атынан иш жүргүзүшкөн.

Бүтүм ошол эле жылдын сентябрында түзүлгөн. Падышанын архивдери көрсөткөндөй, соода өкүлү катары Казакстанга расмий иш сапары менен барган мурдагы ханзаада 57 000 фунт стерлингге чартердик каттамды жалдап, бул акча британ салык төлөөчүлөрүнүн чөнтөгүнөн төлөнгөн.

Сүрөттө: Эндрю Гога Ашкенази менен Аскоттогу ат жарышында

Сүрөттүн булагы, Getty Image

Үй сатылып жаткан учурда Улуу Британиянын өкмөтү Казакстанга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. 2007-жылдын апрелинде ошол кезде Европа иштери боюнча министр Жефф Хун Казакстанда "системалуу коррупция боюнча айыптоолор көп экенин" депутаттарга билдирген.

Мындай билдирүүлөргө, ошондой эле Эндрю соода өкүлү катары расмий ролду ойногонуна жана падышалык тактыга кезекте төртүнчү болгонуна карабастан, эки тарап да, Букингем сарайы да сатып алуучу ким экендигин ачыктаган эмес.

2007-жылы Улуу Британияда мүлктү сатып алган оффшордук компаниялардын ээлерин аныктоо талабы болгон эмес, ал эми Кулибаевдин аты маалымат каражаттарына үч жылдан кийин гана чыккан.

Коррупция менен байланыш

2012-жылы ЖМКларда Италиянын прокурорлору Кулибаевге коюлган айыптарды иликтеп жатканы тууралуу маалымат тараганда, келишимдин коррупцияга байланышы тууралуу суроолор пайда болгон.

Enviro Pacific Investments компаниясы аркылуу Саннингхилл-Паркын сатып алууну каржылоо үчүн пара колдонулган болушу мүмкүн деген айыптар коюлган. Бул компания келишимди жарым-жартылай каржылаганы эми расмий тастыкталды. Бирок тергөөнүн жыйынтыгында Кулибаевге эч кандай айып коюлган эмес.

Бирок, Би-Би-Си 2016-2017-жылдардагы бир катар сот иштеринин документтери менен таанышып чыкты жана аларга ылайык, италиялык прокурорлор Enviro Pacific Investments компаниясы пара алуу схемасынан накталай акча алган деген тыянакка келишкен.

Бул документтерди алгач L'Espresso журналы Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун Caspian Cabals долбоорунун алкагында алган.

Алар Enviro Pacific Investments башка Aventall деп аталган компания аркылуу коррупциялык схемаларга катышкан деп болжолдошууда. Монцтагы бир иште италиялык мунай магнаты Агостино Бьянки Кулибаевге жана башка казакстандык аткаминерлерге кирешелүү мунай келишимдери үчүн пара бергенин моюнга алган, ал эми Aventall параны өткөрүп берүү үчүн колдонулган компаниялардын бири катары аталган. Ошондо да Кулибаевге эч кандай айып коюлган эмес.

Сүрөттө: 1980-жылдары курулган Саннингхилл-Парк Tesco супермаркетине окшош деп шылдыңга алынган

Сүрөттүн булагы, Shutterstock

Бьянкинин күнөөсүн моюнуна алуу тууралуу сотко чейинки макулдашууга ылайык, Aventall компаниясын Массимо Гидотти башкарган, ал коррупцияда "ортомчу" катары сыпатталган.

Тиешелүү иш боюнча соттук документтерге ылайык, ал казак олигархтарынын таасирин баалоочу рейтинг системасын түзгөн. 2009-жылдагы электрондук катында ал Кулибаевге максималдуу болгон беш жылдыз берген. Прокурорлор сураганда, Гуидотти параны бөлүштүргөнүн четке каккан.

Миландагы экинчи иште прокурорлор Саннингхилл-Паркын сатып алуу үчүн каражат берген Enviro Pacific Investments компаниясына Aventall "ачыктан-ачык коррупциялык мүнөздөгү" төлөмдөрдү жасаганын билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, үйдү сатып алуу үчүн 6,5 миллион доллар убада кылынган, бирок болгону 1,5 миллион долларлык төлөмдүн гана далили табылган. Акыркы төлөм 2007-жылдын апрелинде Саннингхилл-Паркын сатып алуу боюнча бүтүм аяктаганга чейин эки айга жетпеген убакытта жасалган.

"Ачык булактар" көрсөткөндөй, Enviro Pacific Кулибаев менен байланышта болгон деп билдиришти прокурорлор. Бирок Миландагы иш 2017-жылдын январында жабылган, себеби прокурорлор төлөмдөрдү конкреттүү келишимдер менен байланыштыра алган эмес же бул акчаны алган мамлекеттик аткаминерлерди так аныктай алышкан эмес.

Адвокаттар Би-Би-Сиге Кулибаевдин пара алганын четке кагып, келишимдерди түзүүгө тиешеси жок экенин жана Италияда эч бир тергөөнүн объектиси болбогонун айтышты. Алар Кулибаев "Бьянки же Гуидотти аралашкан кандайдыр бир "коррупциялык схемаларга" катышпаганын жана билбегенин" айтышты.

Анын адвокаттары Кулибаев эч качан Enviro Pacific компаниясына ээлик кылбаганын жана аны көзөмөлдөбөгөнүн жана компания эч качан анын атынан активдерге ээлик кылбаганын билдиришти. Алар купуялуулукту шылтоолоп, үй кимге таандык деген суроолорго жооп беришкен жок.

Анткен менен олигархтын адвокаттары Би-Би-Сиге алардын кардары Саннингхилл-Паркын сатып алууну каржылоо үчүн "2007-жылы Enviro Pacific компаниясынан коммерциялык максатта жана коммерциялык шарттарда гана базар курсу боюнча насыя алганын" тастыкташты.

Бул демек, коррупциялык схемага тиешеси бар деп айтылып келаткан компания Эндрю менен бүтүм түзүүгө да катышкан.

Олигархтын адвокаттары 6 миллион фунт стерлинг өлчөмүндөгү насыя тууралуу маалыматты четке кагышкан жок, алар Кулибаев кийинчерээк бул насыяны үстөк пайызы менен кайтарып бергенин билдиришти.

Алар Саннингхилл-Паркын сатып алууга жумшалган акча толугу менен мыйзамдуу болгонун жана ошол учурда бардык зарыл текшерүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты. Адвокаттардын айтымында, Кулибаев мүлктү сатып алуу процесси ийгиликтүү жыйынтыкталышы үчүн 15 миллион фунт стерлинг төлөгөн, себеби бул үйгө кызыккан башка сатып алуучу болгон.

Кооптуу белгилер

Кулибаев үйдү сатып алгандан кийин Саннингхилл-Паркы бир нече жыл ээн туруп, акыры 2016-жылы бузулган. Анын ордуна 14 уктоочу бөлмөсү бар жаңы үй курулган, бирок анда да бул үйгө эч ким көчүп кирген эмес.

Кулибаев Саннингхилл-Паркын төлөөгө жумшаган каражаттын булагын мурдагы ханзаада Эндрю билгени тууралуу эч кандай далил жок.

Бирок түзүлгөн бүтүмдө акчанын жок дегенде бир бөлүгү коррупциялык жол менен алынган болушу мүмкүн деген бир нече "кооптуу белгилер" бар болчу. Дал ошол белгилер Эндрюнун адвокаттарынын назарын бурушу керек эле.

Ал төмөнкү белгилер:

Британ өкмөтүнүн ошол кездеги "Казакстандагы системалуу коррупция" тууралуу тынчсыздануусу;

Кулибаевдин мамлекеттик аткаминер жана Казакстандын ошол кездеги президентинин күйөө баласы катары макамы;

Так жүйө келтирбестен бир нече компанияларды жана насыя макулдашууларын камтыган татаал оффшордук түзүмдөрдүн пайдаланылышы;

Ашыкча жогорулатылган баа;

Сатып алуучунун тек жайында ачык-айкындуулуктун жоктугу.

"Падышанын үй-бүлөсүнөн болосузбу, олигарх же миллиардер болосузбу, кыймылсыз мүлк менен ар кандай бүтүмдөрдө сиздин атыңыздан иш жүргүзгөндөр Улуу Британиянын кыймылсыз мүлкүнө офшордук инвестицияларына таандык юридикалык да, абройго байланышкан да тобокелдиктерге көңүл бурууга тийиш", - деди Финансы жана коопсуздук борборунун акчаны адалдоо маселелери боюнча эксперти Китинг.

Анын айтымында, 2004-жылдан бери адвокаттар кыймылсыз мүлктү сатып алган оффшордук компаниялардын ээсин аныктоо менен бирге, каражаттын булактарын дыкат текшерүүгө да милдеттендирилген.

Улуу Британия өкмөтүндө коррупция менен күрөш үчүн жооп берген Маргарет Ходж Би-Би-Синин иликтөөсү "нес кылганын" айтып, "ансыз да өтө талаштуу келишимге кылмыштуу иштен түшкөн кирешелер" тартылган болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

"Мындай айыптоолорду парламент да, тиешелүү улуттук органдар да талаптагыдай иликтеп чыгышы керек. Эч ким мыйзамдан өйдө тура албайт", - деди ал.

Букингем сарайы жана Эндрю Маунтбеттен-Виндзор комментарий берүүдөн баш тартышты.

Сүрөттө: Кулибаев Эндрюдан сатып алган үйдү бузуп, анын ордуна 14 уктоочу бөлмөсү бар жаңы үйдү курган, бирок ага эч ким көчүп кире элек

Сүрөттүн булагы, Shutterstock

Падышанын үй-бүлөсүнүн адвокаттары Farrer & Co да кардарлардын купуялуулугун шылтоолоп, комментарий берүүдөн баш тартышты. Сатып алуучунун авдокаты ошол учурда бардык талап кылынган жол-жоболор жүргүзүлгөнүн, фирма кыймылсыз мүлктү сатып алган адам Кулибаев экенинен кабардар болгонун билдирди.

Назарбаев 2019-жылы президенттик кызматтан кеткенден бери Казакстандын жаңы өкмөтү коррупцияга айыпталган адамдардан жана компаниялардан миллиондогон акчаны кайтарып алуу үчүн Швейцарияда соттук териштирүүлөрдү баштаган. Кулибаев катышты делген Италиядагы паракорлук схемасы бул соттук иштин бир бөлүгү болуп саналат, бирок айып коюлгандардын арасында олигарх жок.

2025-жылдын башында Кулибаев кайнатасы президент болуп турганда топтогон байлыгын иликтөөгө байланыштуу Казакстандын өкмөтүнө 1 миллиард доллар төлөп берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жөнүндө кабарлар чыккан.

Олигархтын адвокаттары анын байлыгы ондогон жылдар бою ишкерлик жолу менен топтолгонун, анын үстүнөн эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөгөнүн жана мыйзамсыз сатып алынган мүлктөр үчүн компенсация төлөп берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген пикирлер чындыкка дал келбей турганын ырасташууда. (ZMa)