Экс-депутат Аккулу Бердиев алдамчылыкка байланыштуу кармалды. Аны аялы да зомбулукка айыптаган

Сүрөттүн булагы, Official
Ички иштер министрлиги өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатканын мекеменин басма сөз кызматы 11-январда билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 1966-жылы туулган Б.А.Т. аттуу жаран 2022-жылы алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, аны өзүнүн жеке муктаждыктарына жумшаганы аныкталган. Учурда шектүү кармалып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
"Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда" деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Бир катар маалымат каражаттары Б.А.Т. инициалдуу адам - Бердиев Аккулу Тагаевич экенин жазышууда.
10-январда интернетте өзүн экс-депутаттын "38 жылдан бери жашаган мыйзамдуу жубайымын" деген Бермет Ормонова аттуу аялдын видеокайрылуусу жарыяланган. Анда ал Аккулу Бердиевдин зомбулугуна кабылганын, ал үйдөн чыгып кет деп коркутуп жатканын айтып, бийлик өкүлдөрүнө арызданган. Ал жолдошунун бир канча аялы бар экенин да айтып, көп аялдуулукка айыптаган.
Экс-депутаттын кармалышы жана ага карата айтылып жаткан дооматтар боюнча анын өзүнөн же мыйзамдуу өкүлүнөн пикир алууга мүмкүн боло элек.
Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин VI жана VII чакырылышынын депутаты болгон. Былтыр, 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Ош облусундагы №8 шайлоо округунан ат салышып, бирок уткан эмес.








