Бишкектеги таштанды полигонун курууда каражат туура эмес пайдаланылганы кабарланды

Таштанды

Сүрөттүн булагы, Social

Бишкек мэриясынын кызматкерлери таштанды полигонун долбоорлоо жана курууда каражатты туура эмес пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына жана ишти аткарган компаниялардын жетекчилерине карата коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду.

2015-жылы кредиттик уюм шаар мэриясына 22 миллион евро бөлгөн. Каражат "Тазалык" жана "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканалары үчүн колдонулмак. Акча таштанды полигонун долбоорлоо жана курууга, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга, бульдозер, жүктөгүч, таштанды ташуучу унааларды, контейнерлерди жана башка атайын техникаларды сатып алууга багытталган.

"Жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча бөлүнгөн кредиттик каражаттардан бюджетке келтирилген алдын ала зыян болжол менен 182 млн. сомду түздү",- деп айтылат маалыматта.

12-январда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А., "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А.Ж., ишти аткарган компанияларынын жетекчилери И.В.Р., А.Н.Б. кармалган.

Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.