Салык кызматынын мурдагы төрагасы Абдувапов, орун басары Кыдыргычов боюнча сот өкүмү чыкты

Салык

Сүрөттүн булагы, Social

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповго жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго сот айып пул чегерип, сот залынан үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ленин райондук соту билдирди.

Маалыматка караганда, Алтынбек Абдуваповго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 400 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле белгилүү бир кызматтарды ээлөөгө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынды.

Исламбек Кыдыргычов да ушул эле берене боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 300 миң сом айып пул салуу жазасы дайындалды. Мындан тышкары, ага да белгилүү бир кызматтарды ээлөөгө же ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынды.

Андан тышкары атайын наамдарынан, класстык чиндеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.

Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычов 2024-жылдын 6-декабрында УКМК тарабынан кармалган.

Ага чейин, үч күн мурда, борбор калаадагы Салык кызматынын төрт райондук бөлүмүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

УКМК алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экенин билдирген.

Атайын кызмат мурдагы салык жетекчилери айрым бизнес өкүлдөрүнө ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качууга, чыныгы кирешелерин жашырууга шарт түзүп бергенин билдирген.

Алтынбек Абдувапов баштаган бир катар салыкчылар корупцияга шек саналып кармалгандан кийин ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кызматтан кетирүү маселеси күчөп, көп өтпөй башка ишке өттү деген жүйө менен ал иштен алынган эле.