Кыргызстан АКШ менен виза алуунун жаңы талаптарын талкуулады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстан АКШ менен жарандарга B-1/B-2 категориядагы визаларды берүүдө кошумча талаптарды киргизүүгө байланыштуу маселени талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукканда сөз болду.
Жолугушууда кыргыз тарап жаңы талаптардын киргизилишине тынчсыздануусун билдирип, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, бул чаралар ишкерлер ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө тоскоолдук жаратары айтылды.
Өз кезегинде, Вигери кошумча талаптар кандайдыр бир конкреттүү өлкөгө карата эмес, АКШнын миграциялык саясатынын алкагында жана визалык мыйзамдарды сактоо зарылдыгын эске алуу менен киргизилгенин белгиледи.
Тараптар визалык чөйрөдөгү учурдагы абалды жөнгө салууга багытталган өз ара кабыл алынуучу чечимдерди издөөгө үчүн тыгыз кызматташуу боюнча макулдашты.
Ошондой эле алар кыргыз-америкалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
2026-жылдын 4-5-февралында Бишкекте пландалып жаткан "В5+1" форумдун даярдыктары тууралуу сүйлөштү.
Иш-чаранын уюштуруучулук жана мазмундук аспектилери, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда регионалдык диалогду чыңдоого жана кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон мааниси талкууланды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
6-январда АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттарга кирүүдө визалык күрөө төлөө талап кылынган мамлекеттердин тизмеси кеңейтилгенин кабарлаган эле. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, бул тизмеге дагы 25 өлкө кошулган. Арасында Кыргызстан дагы бар.
Эми быйыл 21-январдан тартып бир катар чет мамлекеттер менен бирге Кыргызстан жарандары B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана иш сапар) виза алуу үчүн 5 миңден 15 миң АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык күрөө төлөө талабы киргизилет.
Каржылык күрөөнүн так өлчөмү маектешүүнүн жүрүшүндө консулдук кызматкер тарабынан жеке тартипте аныкталат.
Мындан тышкары, арыз берүүчү консулдук кызматкердин тиешелүү көрсөтмөсү берилгенден кийин гана АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтурууга жана АКШнын Каржы министрлигинин Pay.gov онлайн төлөм платформасы аркылуу каржылык күрөө шарттарына макул экендигин тастыктоого милдеттүү.
Бирок каржылык күрөөнүн төлөнүшү визанын берилишине кепилдик бербейт. АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калган учурда күрөө кайтарылбайт. Көрсөтүлгөн талаптар күчүнө киргенден кийин берилген жаңы арыздарга гана колдонулат.
Андан тышкары каржылык күрөө шартында виза алган жарандар АКШга Бостон шаарындагы Логан эл аралык аэропорту, Нью-Йорк шаарындагы Жон Ф. Кеннеди атындагы эл аралык аэропорту, Вашингтон шаарындагы Даллес атындагы эл аралык аэропорту аркылуу гана кирип, чыга алат.












