Артур Атыровдун өлүмүнө шектүү аскер 5-мартка чейин камалды

Сүрөттүн булагы, courtesy
Манас шаардык соту катардагы жоокер Артур Атыровдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган М.М.М. аттуу аскер кызматкеринин бөгөт чарасын карап, аны 5-мартка чейин камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы Би-Би-Сиге билдирди.
Буга чейин Жалал-Абал гарнизонунун аскер прокуратурасы аскердин өлүмүнө байланыштуу 2006-жылы туулган аскер кыматкерин кармаганы кабарланган.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү ("Өзүнө кол салууга жеткирүү") менен катталган.
Аскер прокуратурасы тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жооптуу кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берилерин белгилеген.
Кийинчерээк, 8-январда жоокердин өлүмү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана ковой департаментинин взвод командири, лейтенант Р.У.А. кармалып, Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилгени белгилүү болгон.
Көзөмөл орган учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. Аскер прокуратурасы каза болгон жоокердин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана туугандарынын бардык жүйөлөрү текшерилип, анын жыйынтыгында тиешелүү юридикалык баа берилерин кошумчалаган.

Сүрөттүн булагы, жеке архив
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер Артур Атыров 5-январда өз жанын кыйганы маалымдалган.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, 5-январь күнү саат 15:25 чамасында күзөттө турган жоокер өздүк куралы менен өзүнө ок чыгарып, алган жаракатынан ошол жерде көз жумган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"...катардагы жоокер, 2007-жылы 14-майда туулган А.А.Н. ЖАМКнын №10-түзөтүү мекемесинде күзөттө туруп, өздүк куралы менен белгисиз себептен улам өзүнө ок чыгарган. Алган жаракаттан ошол жерден көз жумган", - деп айтылган маалыматта.
Артурдун ата-энеси Би-Би-Сиге баласы катуу сабалганын айтып, уулу өзүн-өзү өлтүрдү дегенге ишенбей турганын билдиришкен.
"Абалым өтө оор. Адам чыдагыс. Баламды тепкилеп өлтүрүп коюшту. Денесинин баары көк-ала. Табарсыгына тебишиптир. Эмнеге андай кылышты?! Контракттык негизде кызмат өтөгөндөр эле өлтүрүп коюшту. Килейген балдар сабап, чалажан кылып, анан вышкага алып барып, өзүн-өзү өлтүрдү деп коюшту. Менин балам өзүн-өзү өлтүрбөйт болчу. Андай кадамга барбайт болчу", - деген маркумдун апасы Карлыгач Гусейинова.
Маркумдун атасы Нурлан Атыров уулунун өлүмүнө жол берген аскер кызматкерлерин катаал жазалоону талап кылган:
"Жоокерлер эле эмес, офицерлер да күнөөлүү. Командир, сержанттын баары жоопкерчиликке тартылсын. Негизи ал жерде тартип жок. Эч кандай жоопкерчилик жок. Реформа керек. Канчалаган ата-эне жыл сайын сыздап жатат".
Артур Атыров быйыл 14-майда болгону 19 жашка чыкмак. Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы кыргыз улуттук техникалык университеттин экинчи курсунда окуп жаткан. Жакындары алдыңкы студенттердин бири болгонун айтышууда. Мындан тышкары борбордогу кафелердин биринде ашпоз болуп иштечү. Жакшы ишке орношуу үчүн аскердик билет керек деп өз каалоосу менен армияга кеткен экен. Чогуу иштеген кесиптештери Артурду иштерман, айкөл, ак көңүл жигит катары эстеп калышты.
Аскерде өкүмзордук, чоңсунуу учурлары токтобой, коомчулукта бул тармакты толугу менен реформалоо зарылдыгы айтылып келет. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова фейсбуктагы баракчасына жаш жоокерлерге абак кайтартууну токтотуу зарылдыгын жазды:
"Балдар түрмөлөрдү кайтарбашы керек. Түрмөлөрдү тиешелүү физикалык жана психологиялык даярдыгы бар, жетилген, кесипкөй адистер кайтарышы зарыл жана алар мунун үчүн татыктуу айлык алышы керек. Жаш жигиттер армияда кызмат өтөгүсү келет. Алар түрмө кайтарып, айыпталуучуларды жана соттолгондорду коштоп жүргүсү келбейт".
Былтыр жайында Жалал-Абадда Жаза аткаруу кызматынын ушул эле аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокер асынган абалда табылган. Маркум өлөрдөн мурун кат калтырып кеткени, анда кошо кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазганы кабарланган.
Жоокерлердин өлүмүнүн санын Аскер прокуратурасы "аскер сыры" деген жүйөө менен ачык айтпайт. Кыргызстанда жоокерлердин эң көп өлүмү катталган учур 2010-2016-жылдарга туш келет. Анда алты жылда эле 84 аскер түрдүү жагдайда каза болуп, анын отуз жетиси өз өмүрүн кыйганы айтылган.








