Климаттык саммит: Кыргызстан парник газдарын азайтууга милдеттенме алат

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстан БУУнун климаттык саммитинде улуттук милдеттенмелерин сунуштайт

Сүрөттүн булагы, Akipress

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан БУУнун климаттык саммитинде улуттук милдеттенмелерин сунуштайт

31-октябрда Шотландиянын Глазго шаарында БУУнун климаттык саммитинде Кыргызстан улуттук милдеттенмени сунуштайт. Бул жыйын негизинен дүйнө тагдырын чече турган иш-чара.

Кыргызстан климаттын өзгөөрүсүнө карата кандай улуттук салымдарды сунуштаганы жатат? Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин алдындагы Климаттык каржылоо боюнча борбордун директору Дастан Абдылдаев Би-Би-Сиге айтып берди:

Д. Абдылдаев: Кыргызстан 2025-2030-жылдарга карата парник газдарын абага бүркүлүшүн азайтуу боюнча милдеттенме алды. Тактап айтканда, 2025-жылга карата 16,63% кыскартууну караган программаны иштеп чыктык. Эл аралык уюмдардын колдоосу болсо, бул көрсөткүчтү 36,65% көтөрө аларыбызды ал программада белгиледик.

Ал эми 2030-жылга карата көмүр кычкыл газынын тароосун 16% чейин кыскарталы деген план койдук, эл аралык уюмдардын каржылоо болсо, аны 43,62% чыгарууга даяр экенибизди да көрсөттүк.

Бул жерде биз айтып аткан биринчи сандар мамлекеттин өзүнүн ички ресурстарынын негизинде ишке ашчу иш-чаралар болуп атат. Ал эми экинчиси, жогору болуп турган сан - бул эл аралык финансылык колдоо менен жетчү максат.

Дастан Абдылдаев, Климаттык каржылоо боюнча борбордун директору

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дастан Абдылдаев

Би-Би-Си: Кыргызстан климаттык өзгөрүүгө адаптация болуусу үчүн 2050-жылга карата жылына 130 миллион долларга муктаж болот деп буга чейин айтылды эле. Жаңы эсептөөлөр, прогноз барбы бул туурасында?

Д. Абдылдаев: Климаттын өзгөрүү маселесине келгенде эки тармак каралат. Биринчиси – митигация (mitigation, “жумшартуу” же “кесепеттерин жумшартуу”), экинчиси – адаптация тармагы. Ушул эки тармакты кошуп алганда 2030-жылга чейин Кыргызстан алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн жалпысынан 10 миллиард долларга чейинки акча талап кылынат деген эсептөөлөр бар.

Анын бир бөлүгү өз каражатыбыздын эсебинен, бирок көпчүлүк бөлүгү эл аралык уюмдардын жардамы менен гана ишке ашчу нерсе.

Бул, албетте, Кыргызстан үчүн эбегейсиз чоң сумма. Эл аралык коомчулукка Кыргызстан ушундай максаттарга жетүүгө, структуралык реформаларды жасоого, климаттын өзгөрүүсүнө каршы аракеттенүүгө даяр, жардам эле болсо деген чакырык менен Глазгого бара жатабыз.

Ал жактагы конференцияда биз ушул максаттарыбызды тааныштырып, тийиштүү долбоорлорду кийинки жылдан тарта чогуу ишке ашырууга сунуштарды беребиз.

Бишкектеги түтүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парник газдарын азайтуу Кыргызстан алчу башкы милдеттенмелердин бири

Би-БиСи: Климаттын жылууланышына карата эл аралык коомчулуктан каражат алуунун кандай шарттары бар?

Д. Абдылдаев: Жалпылап алганда, азыр өнүккөн өлкөлөр жылына 100 миллиард долларга чейинки акчаны чогултууга даяр экенин айтып атышат. Бирок чогултулган сумма азырынча ошол чекке жете элек. Азыр жылына 70 миллард долларга чейинки сумманы чогултуу мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз. Азыр дүйнөдө парник газдарынын абага бүркүлбөшүн караган долбоорлорго артыкчылык берилип жатат.