COP26: климат боюнча жыйын эмнеге маанилүү?

Illustration showing a person trying to put out fire that has engulfed planet Earth.

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC

COP26 аттуу климаттык өзгөрүү боюнча жыйын быйыл ноябрда Шотландияда өтөт. Бирок Бириккен Улуттар Уюму уюштуруп жаткан саммит эмнеге маанилүү?

COP26 деген эмне?

COP - Conference of the Parties (Партиялардын конференциясы) деп кыскартылган, 197 мамлекет катышкан жыл сайын өткөн жыйын. Саммитте негизинен климаттык өзгөрүү жана аны менен күрөшүү жолдору талкууланат.

Жыйын Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык өзгөрүү боюнча Конвенциясынын бир бөлүгү. Конвенция эл аралык келишим менен бекитилген. Макулдашууга кол койгон мамлекеттер адамдын климатка болгон терс таасирин азайтууга умтулууда.

COP26 саммити 26-жолу дүйнөлүк лидерлерди бир жерге чогултат. Келишим 1994-жылы 21-мартта күчүнө кирген. Быйылкы жыйын 1-12-ноябрда Шотландиянын Глазго шаарында өтөт.

COP26 эмнеге маанилүү?

Illustration showing a person injecting planet Earth with love

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC

Бул жыйын абдан маанилүү. Анткени быйылкы жыйында 2015-жылы жетишилген Климат боюнча Париж келишими кандай аткарылып жатканы биринчи жолу каралат.

Париж келишими деген атка конгон макулдашуу климаттык өзгөрүү алып келген апаатты алдын алууга багытталган. Жолугушууда глобалдык жылуулануу 1,5C градустан ашса, анда планетада кайтарылгыс терс өзгөрүүлөр болоору белгиленген.

Кандай гана долбоор болбосун, аны ишке ашыруу үчүн эрк керек эмеспи. Дал ушул ишти COP жыйыны аткарат. Бул жыйынга дүйнөлүк лидерлер чогулуп, келишимди ишке ашыруу жолдорун талкуулашат.

Illustration showing a difficult path to a target

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC

Ошондо Парижде (COP21 саммитинде) климаттык өзгөрүү алып келет деген апаатты алдын алуу үчүн маанилүү максаттар коюлган. Келишимге кол койгон мамлекеттер төмөнкүлөргө макул болгон:

  • Көмүр кычкыл газдын калдыктарын чектөө,
  • Кайра жаралуучу энергияга басым жасоо,
  • Глобалдык жылууланууну 2C градустан төмөн кармоо жана 1.5C градустан жогорулатпоого умтулуу,
  • Климаттык өзгөрүүнүн кесепети менен күрөшүү үчүн миллиарддаган долларды жакыр мамлекеттерге бөлүп берүү.

Саммитте беш жыл сайын келишим кандай аткарылып жатканын карап чыгуу беренеси дагы кошулган. 2020-жылы COP26 жыйынында келишимдин аткарылып жатканы каралышы керек эле. Бирок коронавирус пандемиясынан улам саммит бир жылга жылдырылган.

COP26 кандай максат коюп жатат?

Illustration showing two people arguing

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC

Биринчиден, Мадрид шаарында өткөн COP25 саммитинде бир нече маселе чечилбей калган. Мадриддеги жыйында жаш активист Грета Тунбергдун кайрылуусуна көптөр көңүл бурган эле. Активист илимий далилдерге карабастан дүйнөлүк лидерлер климаттын өзгөрүүсүн алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрбөй, жаш муундун келечегине балта чаап жатканын айткан.

Ага карабастан дүйнөлүк лидерлер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө каржылык жардамдын көлөмү жана климаттык өзгөрүүдөн экономикасы жабыркаган мамлекеттерге компенсация төлөп берүү маселеси боюнча мунаса тапкан эмес.

Illustration showing a person at the foot of a big hill with the target on top

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC

Андан тышкары көмүр кычкыл газынын базары жана кредиттери кандай система менен ишке ашырылышы керек экени дагы так эмес. Бул механизм аркылуу зыяндуу газдарды аз бөлүп чыгарган мамлекеттер же "жашыл экономикага" басым жасаган өлкөлөр кредиттерин көмүр кычкыл газын абага ашыкча чыгарган мамлекеттерге сатууга мүмкүнчүлүк алат. Бул адилеттүү угулушу мүмкүн. Бирок мындай жагдайда бай мамлекеттер өзгөрүүнүн ордуна, "айлана-чөйрөнү булгоого лицензия" сатып алуу мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн канча акча төлөнүшү керек экени кантип эсептелет? Айталы, бир токой толугу менен кыйылса, ага канча каражат төлөнүшү керек? Бул суроолорго жооп табыла элек.

Глазго жыйынында жогоруда белгиленген маселелердин баары чечилбей калышы мүмкүн. Бирок дүйнөлүк лидерлерди бир жерге чогултуп, ушул суроолорго көңүл бурганы абдан маанилүү.

Illustration showing a person standing in a flood of water holding an umbrella

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC

Жыл сайын климатка байланыштуу жаңы көйгөйлөр пайда болуп жаткандыктан, COP26 жыйыны улам жаңы маселелерге көңүл бурушу керек. Бирок саммиттин негизги максаттарынын бири, ушул кылымдын жарымына чейин зыяндуу газдардын абага бөлүнүшүн толугу менен токтотуу болуп саналат. Ал үчүн 2030-жылга чейин дүйнөдөгү мамлекеттер чечкиндүү кадамга барышы керек.

Быйылкы саммитте климаттык өзгөрүү менен күрөшүү үчүн табиятты колдонуу жолдору дагы каралат. Мисалы, туура бадалдар менен дарактарды отургузуп көмүр кычкыл газын сиңирүү же суу ташкын менен жер көчкүлөрдү алдын алуу. Ошондой эле көмүрдү колдонууну чектөө максаттары айтылышы ыктымал.

Глазгодогу жыйынга Грета Тунберг катышпайт, бирок дүйнөнүн лидерлери чогулуп жаткандыктан көптөгөн кызыктуу окуялар болушу күтүлүүдө.