Шыктанууга эмес, талкууга себеп: Грета Тунбергдин эстелиги

Окуу жай бул эстелик климаттын өзгөрүшүнө, экологиянын бузулушуна каршы күрөштө коомго дем берет деп үмүттөнгөн

Сүрөттүн булагы, DOMINIC PARKES PHOTOGRAPHY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуу жай бул эстелик климаттын өзгөрүшүнө, экологиянын бузулушуна каршы күрөштө коомго дем берет деп үмүттөнгөн

Шведдик эко-активист Грета Тунбергдин Англиядагы университетке коюлган жалпы баасы 24 миң фунт турган эстелиги коомчулукта талаш-талкууну жана нааразылыкты жаратты.

Университет жетекчилиги бул эстеликтин коюлушу жөндүү деп эсептесе, сынчылар "даңкка умтулуучулуктун, көйрөңдүкдүктүн" эстелиги атады.

Окуу жайдын студенттер бирикмеси мынча каражатты керектүү , пайдалуу иштерге жумшаса болот эле деп чыкты. Бирикменин президенти Меган Болл азыр эстелик койгонго ылайыктуу учур эмес экенин айтууда.

"Биз ковид менен бир жыл жашадык. Көпчүлүк студенттер окуу жайга келе албай калышты. Айрымдар онлайн окууга аракет кылууда жана алар жардамга аябай муктаж",-деди Болл.

Эстеликке сарпталгандай эле каражатты студенттерге колдоо көрсөтүү үчүн бөлүп берүү талабы айтылды. Бирок окуу жай жетекчилиги эстеликти курууга студенттик фонддордон каражат алынбаганын билдирди.

"Биз туруктуу өнүгүүнү жана социалдык адилеттүүлүктү туу туткан окуу жай катары дүйнөнү шыктандырган кызга ушундай жол менен урмат көрсөткөнүбүзгө сыймыктанабыз",-деди эстеликтин ачылышында сүйлөгөн университеттин вице-канцлери, профессор Жой Картер.

Тунберг тууралуу

Грета Тунберг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Швед экоактивисткасы Грета Тунберг Нью-Йоркто өткөн БУУнун климат боюнча саммитинде глобалдык көйгөйгө жетиштүү көңүл бурбай жатат деп, дүйнө лидерлерин айыптап сүйлөгөнү менен көптөрдүн эсинде калды.

"Силер өзүңөрдүн куру сөзүңөр менен менин балалыгымды жана кыялымды уурдадыңар!",-деп билдирүү жасаган Грета.

16 жаштагы Грета Тунберг экологиялык активист. Буга чейин аны Нобель сыйлыгына көрсөтүшкөн. GQ версиясы боюнча "Жыл адамы" деп табылган. Давосто жана британ парламентинде кайрылуу жасоого мүмкүнчүлүк алган.

Бир жыл мурун Грета Тунберг мектептеги сабагын таштап, швед парламентинин алдына митингге чыккан. Тунберг аутизмдин бир формасы менен ооруган.

"Мындай илдет менен жабыркаган кишилер үчүн дүйнө ак жана кара түстө гана. Биз жалган айтканды биле бербейбиз. Ошондой эле силерге абдан жакшы көрүнгөн социалдык оюндарды дагы жактырбайбыз. Менимче, биз, аутисттер көп жагынан кадимкидей элебиз, калгандары түшүнүксүз",-дейт Грета.

"Ал мектепте болушу керек эле. Биз анын бул чечимин (сабакты үзгүлтүккө учуратуу) колдогон эмеспиз. Бирок биз Гретанын өз позициясын коргоп жаткан аракетин урматтадык. Анын алдында эки жол бар эле: үйдө олтуруп өзүн бактысыз сезүү, болбосо каршылык көрсөтүп, өзүн бактылуу сезүү",-деген атасы Сванте Тунберг.

Тунбергдин бүлөсүнүн экологиялык кыймылдарга эч кандай тиешеси жок.