Климаттык саммиттин Гретага жообу кандай болду?
Швед экоактивисткасы Грета Тунберг Нью-Йоркто өткөн БУУнун климат боюнча саммитинде глобалдык көйгөйгө жетиштүү көңүл бурбай жатат деп, дүйнө лидерлерин айыптап сүйлөгөн.

Сүрөттүн булагы, EPA
"Силер өзүңөрдүн куру сөзүңөр менен менин балалыгымды жана кыялымды уурдадыңар!",-деп билдирүү жасаган Грета.
Гретанын кайрылуусуна чейин эле, жыйын алдында БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш мазмуну ошондой эле сөздү айтты. Болгону формасы дипломатиялык мүнөздө болду.
Гуттериш дагы дүйнө лидерлерин саммитте "кызыл тилге салбай, парник газдарын азайтуу боюнча конкреттүү пландарды жана 2050-жылга барып, таптакыр колдонбоо тууралуу стратегия сунуштоого" чакырган.
"Климатка байланышкан өзгөчө кырдаал - биз утулушта турган жарыш. Бирок жеңип чыгууга дале мүмкүнчүлүк бар",-деди Гуттериш жыйындагы сөзүндө.
"Бул климаттын абалын талкуулай турган саммит эмес. Буга чейин жетиштүү деңгээлде сөз кылганбыз. Бул климат боюнча сүйлөшүү дагы эмес. Анткени табият менен келишим түзө албайсың. Ошондуктан бул конкреттүү чараларды кабыл алуучу саммит",-деп кошумчалады ал.
Грета Тунбергдин эмоционалдуу кайрылуусу менен дүйнөгө дүң болгон саммиттин жыйынтыгы кандай болду?

Сүрөттүн булагы, AFP
Жаңы милдеттенмелер
77 өлкө (анын ичинде Евробиримдиктин өндүрүш локомотиви болгон Германия дагы бар) 2050-жылга чейин экономикасын толугу менен экологиялык жолго коюу милдеттенмесин алды. Тактап айтканда, парник газдарынын абага бүркүлүшүн токтотуп же атмосфераны тазалай турган технологияны колдонууга өтүшөт.
Дагы 70 өлкө окумуштуулардын көрсөтмөлөрүн эске алуу менен өздөрүнүн экологиялык стратегиясын кайра карап чыгышат. Бул Кытай, Индия жана Евробиримдикке дагы тиешелүү.
Абага бүркүлгөн парник газдарынын 27 пайызы (жылына дээрлик 10 трлн тонна СО2) Кытайга таандык. Кытай делегациясы жылына 12 млрд. тонна азайта турганын, экономиканы өнүктүрүүнүн сапаттуу жолдорун табууну убада кылды.
Евробиримдик өлкөлөрү уюмдун казынасынын төрттөн бири климаттык өзгөрүүлөргө таасирин тийгизген көйгөйлөр менен күрөшкө жумшала турганын убада кылды.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Франция болсо Париж климаттык келишимин аткарбаган өлкөлөр менен эркин соода байланыштарын түзбөй турганын айтып чыкты.
Ошондой эле сууларга жакын жерде жайгашкан көмүр жана мунай кендерин чалгындоого тыюу салган өлкөлөрдүн катарына кирди.
2014-жылдан тарта бир млрд чукул көчөт олтургузган Пакистан алдыдагы беш жыл ичинде 10 млрд ашуун көчөт тигүү убадасын берди.
Мындан сырткары 87 ири компания окумуштуулардын 2050-жылга карата парник газдарынын абага тарашын нөлгө чейин кыскартуу боюнча сунушун колдоп, ошону аткарабыз деп айтышты. (AbA)












