Климаттык өзгөрүү: Биз дээрлик жөнгө салган жаратылыш кырсыктары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Климаттын өзгөрүшү сыяктуу татаал көйгөйлөрдүн жөнөкөй чечүү жолдору жок. Бирок дүйнө өз өтмүшүндө экологиялык кырсыктарды жөнгө салуу үчүн күчүн бириктирген учурлар болгон.
Мисалы, кычкыл (кислоталуу) жаан-чачынды азайтуу же озон катмарындагы тешикти кичирейтүү боюнча кантип иш алып барганбыз? Негизгиси, дүйнөнүн ысышы өңдүү чоңураак көйгөйдү чечүү үчүн кандай сабактарды алганбыз?
1970, 80 жана 90-жылдар: Кычкыл жамгыр
1980-жылдар, Скандинавиядагы дарыяларда балыктар жоголо баштаган убак. Токойлордогу бак-дарактардын жалбырагы күүлүп түшүп, Түндүк Америкадагы айрым көлдөрдө жашоо токтоп, суунун түсү көгөрүп көзгө жагымсыз.
Себеп: Көмүр жаккан электр станциялардан күкүрт диоксидин камтыган түтүн чыгып, абада алыс аралыкка калкып учкан булуттарга кошулуп, анан кайра Жерге кычкыл жаан болуп түшүп жаткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“80-жылдары бул адамзаттын тарыхындагы эң чоң экологиялык көйгөй деген ой болгон”, - дейт Перинж Греннфелт. Ал кычкыл жамгырдын зыяндарын ачып көрсөтүүдө негизги ролду ойногон швециялык изилдөөчү.
Кычкыл жаан-чачын туудурган коркунуч жөнүндө эскерткен темалар көп көтөрүлчү. Баш аламандык, четке кагуу жана дипломатиялык туңгуюктар көп жылдар бою уланып, бирок качан гана илим шек туудурбаган чекке жеткенде аракетке өтүү чакырыктары тез эле колдоого алынып кеткен. Анын натыйжасында эл аралык келишимдер түзүлүп, казылып алынган күйүүчү заттарды жагуудан пайда болгон жамгырды кычкылдантуучу зыяндуу заттарды азайтууга барышкан.

Ошондо ал ишке жарадыбы? Кычкыл жаан-чачын Европа менен Түндүк Америка үчүн өтмүштөгү нерсеге айланса да ал дүйнөнүн башка жактарында, айрыкча Азияда чечилбеген көйгөй бойдон калды.
Бирок, канадалык илимпоз Жон Смолдун айтымында, кычкыл жамгыр көп жагынан “ийгиликтүү окуя” болгон. 1980-жылдары ал жаш изилдөөчү эле. Анын оюнча, “ийгиликтүү окуя” болгон себеби, мамлекеттер биригип, эл аралык көйгөйдү чечишкен. “Эгерде айлана-чөйрөнүн кирдешине баа бербесең, адамдар кирдете берет. Биз ушул нерсени үйрөнгөнүбүз анык”, - дейт ал.
1980-жылдар: Озон тешиги
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
1985-жылы дагы бир экологиялык көйгөйдүн чети көрүнүп, башкы тема болуп турган. Британиянын Антарктика кызматынын (BAS) илимпоздору Антарктиданын үстүндө чоң жана чоңоюп бараткан озон катмарындагы тешик жөнүндө коңгуроо кагып чыгышкан. Тешиктин чоңоюшуна хлорфторкөмүртек (ХФК) алып барган. Ал кезде ХФК катары белгилүү болгон парник газы аэрозолдор жана муздатуучу заттар үчүн колдонулчу.
“Капыстан эле жарылып кетип, анан тез түшүп калат”, - дейт BAS уюмунун уюлдук изилдөөчү Анна Жонс планетаны зыяндуу ультрафиолет нурларынан коргоп турган газ тилкесинин токтоосуз жукарып баратканын сүрөттөп жатып.
Антарктиданын үстүндөгү озон катмары 1970-жылдардан бери кичирейип кеткен эле. Бирок аталган тешик жөнүндөгү кабарлар Антарктида континентин камтып, дүйнө жүзү боюнча чуу көтөргөн. 1987-жылы дүйнөлүк лидерлер Монреал протоколуна кол коюшуп, ал адамзат тарыхындагы эң ийгиликтүү жаратылыш келишимдеринин бири деп таанылган.
Озонду жукарткан химиялык заттар бара-бара колдонуудан чыгып, өнөр жайлар “ХФК камтыбаган” аэрозолдорду колдонууга өтө баштаган жана экологиялык жактан таза керектөөчүлөрдүн кызыгуусун жараткан. “Ал глобалдык көйгөй болчу, бирок өнөр жайлар, илимпоздор, саясатчылар биригишкен”, - дейт Жонс.

“Алар тез арада аракетке өтүшкөн. Алар ошол протоколду бара-бара күчтөндүргөн механизм менен иш алып барышкан. Бул бир нерсени ишке ашыруу үчүн аябай маанилүү үлгү”.
Монреал протоколунун ийгиликтүү ишке ашканына карабастан кыйынчылыктар дагы болгон. Озонду жукарткан химиялык заттарга альтернатива катары иштелип чыккан гидрофторкөмүртектер (ГФК) күчтүү парник газы экени аныкталган.
Анан Кытайда ХФК болуп көрбөгөндөй көп байкалган. Эки иш тең андан ары аракетке өтүүгө түрткөн. Озон тешиги “калыбына келе баштаган” менен озонду жукарткан химиялык заттар атмосферада көп убакытка чейин тура бергендиктен анын калыбына келиши узакка созулган, жай процесс болуп калды.
1920-жылдарда 2020-жылдарга чейин: Этил бензини
Көптөгөн жылдар бою биз этил бензинин колдонуп келдик. Компаниялар май жакшыраак күйүшү үчүн коргошун кошулмаларын пайдаланчу. Этил бензини транспорт каражаттарынын коргошун бөлүктөрүн бөлүп чыгаруусун шарттайт. Өз кезегинде аны дем алган жаш балдардын саламаттыгында ар кандай көйгөй жаралып келген. Мисалы, жүрөгү кармап, инсультка алып барган жана акыл-эс жактан өнүкпөй калган.
Илимпоздордун, бийлик өкүлдөрүнүн жана өнөр жайлардын ортосундагы узак убакытка созулган талаш-тартыштардан кийин саламаттык маселесинин айланасында мунаса табылып, бай мамлекеттер этил бензинине 1980-жылдардан тарта тыюу салган.
Аны өнүгүп жаткан өлкөлөрдө пайдалануу улана берген. Анткени, этил камтыбаган бензинди өндүрүүгө караганда ал арзаныраак болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө программасынын (UNEP) алдында бейөкмөт уюмдардын көпкө созулган өнөктүгүнүн артынан этил бензининин акыркы тамчысы машиналардын багына өткөн айда куюлган.
Дүйнө жүзүндө этил бензини расмий түрдө жоголгон болсо да коргошун бөлүкчөлөрү айлана-чөйрөдө чаң жана топуракта сакталып, узак убакытка чейин тура берет.

Климаттык өзгөрүү үчүн кандай сабак алдык?
Климаттын өзгөрүшү жалпыга маалымдоо каражаттарында басымдуулук кылып, озон тешиги өңдүү темаларды азыр өтө аз угуп калдык. Бирок, ошол кризистер менен олуттуу делген климаттык өзгөрүүнүн ортосунда окшоштуктар бар.
Кычкыл жаан-чачын көпкө чейин эл аралык чыр-чатактын булагы болуп келген. Айрымдар анын бар экенин четке кагып, казылып алынган күйүүчү заттар боюнча иштеген өнөр жайлар айлана-чөйрөнү коргоого үндөгөндөргө каршы болушкан. Бул тааныш учурап жатабы?
Канадалык илимпоз Смолдун оюнча, кычкыл жаан боюнча талаш-тартыштар татаалыраак климаттык өзгөрүү көйгөйүнө даярдаган машыгуу болгон. “Мен алган биринчи сабагым - изилдөөбүздүн жыйынтыктарын башка илимпоздор менен эле эмес, саясий чечим чыгаргандар жана жалпы элдин кеңири катмары менен жакшылап бөлүшүшүбүз керек болгон”, - дейт ал.
“Эгерде маалыматтык боштук болуп калса, анда аны кызыкдар топтор тез эле толтуруп коюшат”.
Илимпоз Смолдун айтымында, азыр кырдаал социалдык медианын жана жалган маалыматтын жайылуусунан улам бир топ эле татаалдашып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Этил бензининен баш тартуу боюнча эл аралык аракет жөнүндө сөз кыла турган болсок, UNEP уюмунун туруктуу мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Роб де Йоң эң негизги сабак биргелешкен мамиле баалуулугу болгон дейт.
“Этил бензини боюнча өнөктүк толугу менен коомдун маалымат алуусуна, социалдык жана жамааттык аракетке, анын жаш балдарга тийгизген таасирине көңүл буруга багытталган эле”.
Озондун жукарышын шарттоочу химиялык заттарды азайтууга багытталган эл аралык коомчулуктун кадамдары көрсөткөндөй, дүйнөнүн ысышы менен күрөшүү үчүн дагы ошондой эле кызматташууга муктаждык бар.
“Климаттын өзгөрүшү озонду чечүүгө караганда татаалыраак көйгөй. Себеби, ХФКларга альтернатива таап алганыбыздай казылып алынган күйүүчү заттардын ордуна колдоно турган каражаттарыбыз жок”, - дейт изилдөөчү Анна Жонс. “Бирок бул кол куушуруп отуруп алганга себеп эмес. Көйгөй аябай маанилүү, аябай чоң жана ага каршы күрөшүү зарыл”.
“Мурда өнөр жайлар менен өкмөттөр биригип, дүйнө жүзүнүн үшүн алган жаратылыш кырсыктарын чечкен. Азыр да алар ошондой кыла аларын кайрадан көрсөтүшү керек”. (EA)












