Кедей өлкөлөр климаттык өзгөрүү менен күрөшүүгө акча алабы?

Түтүн ыргытып жаткан мор

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бай мамлекеттер көптөн бери убада кылып келаткан каржылык колдоону кедей өлкөлөргө “кечиктирбей бериши керек”, деп билдирди Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климаттык өзгөрүүгө арналган 26-конференциясынын (COP26) президенти Алок Шарма. Конференция ноябрь айында Глазгодо өтөт.

Алок Шарма бул эми “ишеним маселеси” болуп калды дейт.

Өнүккөн мамлекеттер 2020-жылга чейин жыл сайын $100 миллиарддан камсыздап турууга убада берген менен бул азыркыга чейин ишке аша элек.

Лондондо 50дөн ашуун мамлекеттердин министрлери жана расмийлеринин катышуусу менен өткөн жолугушууда климатты каржылоо маселеси кеңири талкууланган эле.

БУУнун климаттык маселелер боюнча улук өкүлү Патрисия Эспиносанын айтымында, өнүгүп келаткан мамлекеттер 2020-жылга чейин коюлган милдеттенмелердин аткарылышын күтөрү боюнча “позицияларын бекем жана ачык билдиришкен”.

Акча эмнеге берилет?

Бай өлкөлөр өз экономикасынан казылма отун менен көмүртекти алып салууга ылайыкташуусу бир топ эле оор болот.

Ал эми өнүгүп келаткан мамлекеттер үчүн бул аябай эле кыйынга турат. Себеби, жаңы инфраструктура менен технология үчүн төлөй турган акча жок.

Ошондой эле көптөгөн адамдар коркунучка кептелет.

Каражат төмөнкүлөр үчүн керек болот:

Адаптация - климаттык өзгөрүүнүн өсүп аткан кесепеттерине ылайыкташуу

Алдын алуу - парник газын атмосферага чыгарууну азайтуу

Канжа каражат убадаланган?

2009-жылы эле өнүккөн өлкөлөр 2020-жылга чейин кедей мамлекеттерге жыл сайын $100 миллиарддан берип туруу боюнча макулдашкан болчу. Каражат төмөнкүлөргө жумшалмак:

Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери менен күрөшүү

Келечекте жашылыраак экономиканы түптөө

Бирок, расмий маалыматтар ачыкка чыга элек болсо да, БУУнун баяндамасында коюлган максат ишке толук эмес ашканы айтылат. Ошол эле маалда 2025-жылга карата жаңы жана амбициялуу тапшырмалар коюлушу күтүлүүдө.

“$100 миллиард деген милдеттенме бул эң жогорку чек эмес, башталгыч кадам гана катары каралышы керек, — дейт Брукинс институтунун кызматкери Амар Баттачаря. —Айрым жетишкендиктер бар, бирок дагы көп иш жасалышы керек”.

Көптөгөн өлкөлөр үчүн бул COP26нын алдында чече турган маселе жана өтө кедей өлкөлөр чара көрүүнү талап кылып жатышат.

Графика: 100 млрд максатка жетүү динамикасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 100 млрд максатка жетүү динамикасы

Убадалар орундалабы?

Жалпы сумма кайсы каражаттардан топтолорун эсептөө аябай оор. Себеби, акча мамлекеттер, эл аралык насыя берүүчүлөр жана жеке менчик компаниялар берген каражаттардын топтомунан турат.

Бирок БУУ менен Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) эсеби боюнча, жалпы сумма 2018-жылга карата $79 млрд түзүп, 2020-жылга чейин коюлган $100 млрдга жетпей калган.

2016-2018-жылдары каржылоонун 43% Азияга, 25% Африкага жана 17% Түндүк жана Түштүк Америкага берилген. Каражаттын көпчүлүк бөлүгү жашыл энергияга же транспорттук инфраструктурага жумшалган.

Бирок мындан да көп каражат керек болот.

кирдеген мөңгү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ким жетиштүү деңгээлде төлөбөй жатат?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бай мамлекеттер өздөрүнө коюлган тапшырманы аткара албаганын мойнуна алууда.

“Чоң жетиликтин (G7) ичинен лидер болгон өлкөлөр тартиби менен Германия, Жапония жана Франция”, — дейт Баттачаря.

Британия менен Канада алардан бир аз артта, бирок өтө эле артта бараткандар Америка Кошмо Штаттары жана айрыкча Италия.

Апрель айында АКШ өзүнүн 2016-жылдагы климатты каржылоосун эки эсеге көбөйтүп, 2025-жылга чейин $5.7 млрд чыгарарын жар салган. Бирок өзүнүн экономикасына салыштыра келгенде бул аябай эле аз сумма.

Ал эми Италия жылына болгону $0.6 эле берет.

Эки өлкө тең бөлүнө турган каражаттын жалпы көлөмүн көбөйтүүгө кол койгон менен бирок мындай чечим ички саясий колдоого ээ болушу керек.

“Президент Байден муну ишке ашырууга толук киришерин мага билдирди, — деген АКШнын климат боюнча элчиси Жон Керри. — Эгерде өнүккөн өлкөлөр биригип аны иштеп чыкпаса, анда кеңири масштабдагы макулдашууларга жетүү абдан эле кыйындашат”.

Ошентип жакынкы күндөрдө, COP26га чейин, жаңы билдирүү таратылары күтүлүүдө. Германия менен Канаданын министрлери $100 млрд деп бекитилген максатка жетүү үчүн “ишеничтүү план” иштеп чыгуу тапшырмасын алышкан.

Бирок адистердин айтымында, бул болгону башталышы болуусу кажет.

Климаттык өзгөрүү жана айлана-чөйрө боюнча Грантам изилдөө институтунун кызматкери Алина Аверченкованын айтымында, $100 млрд жетишсиз, коомдук жана жеке менчик секторлордон триллиондогон каражаттар топтолушу кажет.

“Пандемия бизге качан гана саясий эрк болсо, муну ишке ашырса болорун көрсөттү, — дейт ал. — Тилекке каршы, климаттын өзгөрүшү дагы пандемияга окшош эле чукул чараларды көрүүнү талап кылууда жана ал биз менен көпкө чейин болот”.

Акчага такалган шарттар барбы?

Ооба. 2018-жылга чейин өнүгүп жаткан өлкөлөргө климаттык иш-аракеттер үчүн берилген мамлекеттик акчанын төрттөн үчтөй бөлүгү кайтарымсыз грант эмес, насыя түрүндө болгон.

Өтө кедей өлкөлөр үчүн гранттын үлүшү көбүрөөк болгон менен бирок жалпы сумманын жарымынан азды түзгөн.

Бул ансыз да чоң карызга баткан мамлекеттер үчүн чоң көйгөй жаратат. Анын үстүнө коронавирус дагы эл аралык каржылоо алууну оорлоштуруп салбадыбы.

“Өнүгүп аткан өлкөлөр насыяларга эле таянып калбашы керек, ошондуктан климаттык каржылоого акчаны грант түрүндө бөлүп берүү аябай маанилүү, — дейт Аверченкова. — Албетте, акчанын баары грант түрүндө берилбейт, бирок грант көбүрөөк болушу зарыл”.

Ошон үчүн каржылоонун сапаты эле эмес, саны дагы маанилүү.

Ал эми дүйнөдөгү кедей өлкөлөрдүн айта турган кеби жөпжөнөкөй эле: эгерде климаттык максаттар амбициялуу болсо, алар үчүн төлөшүң керек болот. (EA)

Климаттын өзгөрүшү боюнча дагы окуңуз