2020-жыл: эң ысык аба ырайы, кургакчылык жана суу ташкындары

Сүрөттүн булагы, EPA
2020-жылдын жайы температуралык рекорддордун баарын жаңылап, өрт, кургакчылык жана суу ташкындары болуп жатат.
Бир жерде катуу ысык, кургакчылык жүдөтсө, дагы бир жерде суук жана суу ташкындары зыянын тийгизүүдө. Бир катар окумуштуулар муну климаттык өзгөрүүлөрдүн бир далили катары мүнөздөдү.
Аба ырайы байкоого алынган бир жарым кылымдан берки эң ысык учур 2020-жылы беш аймакта катталды. Аба ырайынын эң жогорку көрсөткүчтөрү акыркы жыйырма жылда болгон. Мындан улам глобалдык жылуулануу ылдам жүрүүдө деп болжоого мүмкүн. Демек, дүйнө коомчулугу климаттык катастрофаны алдын алуу үчүн кабыл алган Париж келишиминдеги пландарды кайра карап чыгышы керек.
Бирок буга убакыт таба алабы? Азыркы маалда коронавирус пандемиясы дүйнөнүн көйгөйүнө айланды. Оор экономикалык кризис жаралып, табиятка байланышкан маселелер артка жылууда.
Коронавирустун артынан эле суу ташкын жана кургакчылык келди. 2020-жылдын июлу 1880-жылдан берки эң ысык мезгил болуп калды. Кургактагы жана деңиздеги температура ХХ кылымдагыдан орточо 0,92°C жогору.
"Тропикалык ысык кээде айрым өлкөлөр үчүн, айталы, Британия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары үчүн жагымдуу болушу мүмкүн. Бирок чынында бул планетадагы климаттык кризистин ачык эскертүүсү",-дейт Жапайы жаратылышты коргоо (WWF) фондунун өкүлү Гарет Редмонд Кинг.
Июлдагы эң ысык температуранын 10 рекорддук көрсөткүчүнүн тогузу акыркы он жылдыкта катталган. Экстремалдуу ысык бир нече себептери менен жагымсыз. Биринчиден, мындай температура өлүмгө алып келиши мүмкүн. Британиянын Королдук метеорологиялык кызматынын маалыматы боюнча башка табигый катаклизмге караганда ысыктан өлүм-житим көп катталууда.
Температуранын жогору болушу кургакчылыкка алып келди. Ошол эле маалда мөңгүлөр, көп жылдан бери турган көк жалтаң муздар эрип кетүүдө.

Байкоого алынган узак жылдар ичинде 2020-жылдын июлунда арктикалык муз катмары соңку 40 жылдагы көрсөткүчүнөн төрт эсе аз болду. Түндүк муз жолу толук эрип кетти. Өткөн жылы Арктикада Польшанын аймагына тете муз аянты эрип кеткен эле. Соңку 45 жыл ичинде көк жалтаң муздун үчтөн экиси эрип жок болду. Мындай темп менен кетчү болсо, ушул кылымдын орто ченине барып Түндүктө деңиздеги муз катмары жок болот деп болжойт окумуштуулар.
Европанын жарымы июлда ысыктан катуу жапа чекти. Ичүүчү сууну сугатка колдонууга тыюу салынды. Кээ бир мамлекеттерде болсо суу ташкыны күчөп, тескерисинче там аркаларын суу каптап, сордуруп алууга аргасыз болду.

Сүрөттүн булагы, EPA
Португалия 90 жыл ичиндеги эң ысык жайды башынан өткөрүүдө. Франция мындай ысыкты 1959-жылдан бери көрө элек болчу.
Мына ушунусу менен глобалдык жылуулануу өтө кооптуу - температура менен нымдуулуктун кескин айырмасы, табигый кырсыктар, климаттын экстремалдуу болуп жатышы дейт окумуштуулар. Планетанын катуу ысып жатышы абаны муздатуу системасын жана суунун циркуляциясын үзгүлтүккө учуратты. Бороон-чапкын күчөп, кургакчылык, суу ташкыны, күтүүсүз аяз сыяктуу кубулуштар болууда.
Акыркы 40 жыл ичинде кургактагы абанын салыштырмалуу нымдуулугу азайып барууда. Европанын дыйканчылык талааларында үчүнчү жыл катарынан катуу ысыктан түшүм жакшы болбой калды.
Америкалык окумуштуулар (NOAA) 2020-жыл аба ырайы байкоого алынган 141 жыл ичиндеги эң ысык жыл болот деп болжоп жатат. (AbA)













