Канаданын Арктикадагы акыркы мөңгүсү кантип эрип кетти? Спутник сүрөттөрү

31-июлда мөңгүнүн түндүк тарабында жаракка пайда болгон

Сүрөттүн булагы, PLANET LABS INC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 31-июлда мөңгүнүн түндүк тарабында жаракка пайда болгон
Presentational white space

Planet компаниясы июлдун соңунда бир нече бөлүкчөлөргө ажырап, сууга кеткен төрт миң жылдык шельф мөңгүсү Милндин спутник сүрөттөрүн жарыялады.

Шельф мөңгүлөрү планетадан жок болуп бара жатат. Милн мөңгүсү Канаданын аймагындагы мурдагы турпатынан бузулбай турган шельф мөңгүлөрүнүн акыркысы эле. Июлдун соңунан тарта 80 чарчы километр аянтын жоготуп, тагыраагы аянтынын 43 пайызын жоготту.

3-августта болсо мөңгү дагы эки бөлүккө ажырап, көк жалтаң муздар суу менен кетти. Канаданын эң акыркы шельф мөңгүсү талкаланды. Бир учурда Элсмир аралынын түндүк жээгинде асылып турган бул мөңгү көк жалтаң муз менен капталып жаткан эле. ХХ кылымдын башында эле бул жердеги муз 8600 чарчы км. аянтты элеп турган. Кылым соңунда миңге чарчы км. аянтка чейин кыскарды.

26-июлдагы Милн мөңгүсү

Сүрөттүн булагы, PLANET LABS INC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 26-июлдагы Милн мөңгүсү

Мөңгүдөгү көк жалтаң муздун майда бөлүкчөлөргө ажырай баштаганы 2003-2005-2008-2011- 2012-жыларды дагы уланды. Анын эң соңку кульминациясы быйылкы жылдын июль айына туура келди.

Азыркы маалда Элсмир аралындагы мөңгүлөрдүн аянты 500 чарчы км. калды. Ал эми Милн мөңгүсүнүн калган бөлүгү 106 чарчы км.

Арктикадагы азыркы болуп жаткан көрүнүштөр 15 жылдан кийин муз калбай калат деген окумуштуулардын божомолуна негиз болууда.

Ellesmere Island

Сүрөттүн булагы, Copernicus Data/Esa/Sentinel Hub

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 6-августтагы сүрөт

Шельф мөңгүлөрү планетанын эки уюлунда тең жок болуп баратат. Окумуштуулардын айтымында Арктикада аз эле санда калды. Алар толук жок болуп кетсе эмне болору азырынча окумуштууларга белгисиз. Өткөн жылы Исландияда Окйёкудль мөңгүсү жок болуп кеткен.

Presentational white space
ледник милна

Сүрөттүн булагы, Jérémie Bonneau

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жыл сайын Милн мөңгүсүнүн алдында көл пайда болуп, андан суу агып чыкчу
Presentational white space

**