Жаңы изилдөө: Дүйнөдө мөңгүлөр тездик менен эрип жатат

Сүрөттүн булагы, Brian Menounos
Соңку илимий изилдөө дүйнөдөгү мөңгүлөр өтө тездик менен эрип жатканын жана ага эмне себеп болгону аныктады.
Франциялык команда Жер планетасындагы мөңгүлөрдүн дээрлик баарын изилдөөгө алган. Окумуштуулар жыйырма жылдын ичинде мөңгүлөрдүн 270 миллион тонна музу жыл сайын эрип жатканын табышты.
Мындай көлөмдөгү муздун эрип жатканын элестетүү өтө кыйын. Ошондуктан Улстер жана Осло университетинин изилдөөчүлөрү аны салыштырып түшүндүрүп беришти:
"Жыйырма жылдын ичинде дүйнөдөгү мөңгүлөрдүн 267 гигатонна музу жыл сайын эрип жатты. Ошондо муз эригенден кийинки суунун көлөмүн алсак, жыл сайын Ирландия аралынын аймагын үч метр суу каптап тургудай муз эрип жатты",-деп билдирди изилдөө тобунун өкүлү Роберт МакНабб.
Мөңгүлөр негизинен климаттын өзгөрүүсүнөн жукарып жатат жана кар дагы аз жаап жатканы байкалууда.
Окумуштуулар 1999-жылы космоско көтөрүлгөн НАСАнын "Терра" спутниги тарткан сүрөттөрдү колдонгон. Космостон тартылган сүрөттөр 2019-жылга чейин каралып, мөңгүлөрдөгү өзгөрүүлөр дыкат изилденген.
"Жаңы изилдөөнүн негизги артыкчылыгы, биз муздун эрип жатканын жогорку сапаттагы сүрөттөрдөн карай алдык. Аны жыйырма жылдын ичинде температурадагы өзгөрүүлөр менен салыштырдык. Бул маалыматты дагы спутник камсыз кылды",-деп айтты окумуштуу Матиас Хусс.
Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде климаттык өзгөрүү дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы айтылган.
Быйыл ноябрь айында дүйнөлүк лидерлер климаттык өзгөрүүнүн кесепетин талкуулоо үчүн COP26 саммитине чогулат. Бул иш чарага Кыргызстан дагы катышат.
Окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгү аянттар кыскарып жатканын белгилеп келишет. Айрым изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда соңку элүү жыл ичинде мөңгү аянттары орточо эсеп менен 16 пайызга кыскарган. Чоң мөңгүлөр майдаланып кеткен учурлар бар.
"Мөңгүлөр кандай кыскарат деп алсак, өрөөн мөңгүлөрү деп коёбуз, булар бир жылда орточо алганда 8 метрге чейин кыскарууда. Ал эми чоң мөңгүлөрдөгү кыскаруулар мындан бир топ эле көп, 50-60 метрге чейин жеткендери бар. Анан эң аз кыскарганы тоо капталында асылып турган кичинекей мөңгүлөр - 2 метрге чейин азайып жатат",-деди изилдөөчү Рыскул Усубалиев.
Мөңгүлөрдүн кыскарышына глобалдык жылууланууну таасири бар. Ошол эле маалда адам баласынын аракети дагы таасирин тийгизип жатканын четке кагууга болбойт.

















