Ак терек, көк терек, экологияга электр унаасы керек

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

электромобиль

Сүрөттүн булагы, Social media

Баш калаа Бишкек дүйнөнүн эң булганыч шаарларынын сап башына чыккандан кийин экологиялык таза транспорттун маанисин эл түшүнө баштады. Бирок бул жакта толтура аткарчу иш турат, биринчи кезекте мамлекеттин максаттуу саясаты, тийиштүү инфратүзүмдү куруу жана экологиялык фонддордон акча тартуу керек.

электромобиль

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте апрелде электр транспорттордун биринчи маршы болду

ПРООНдун адистерди атайын изилдөө жүргүзүп, электр транспортун өнүктүрүү жолдорун карап чыгышты. Алардын эсеби боюнча Кыргызстанда өткөн жылдын аягында электромобилдердин саны 100гө жетти, андан бери өткөн сегиз ай ичинде 200 гө жетип калды болуш керек.

Бишкекте соңку он беш жылда калктын саны 30% өстү, ал эми автомобилдердин саны беш эсе өстү. Автоунаалар шаардын көчөлөрүнө батпай атканы аз келгенсип, алар бөлүп чыгарган түтүн менен газ абага толуп, шаарда экологиялык абал курчуп, Бишкек дүйнөдөгү булганыч шаарлардын рейтингинде сап башына чыкты.

“Кышында абанын начардыгынан көп жарандарыбыз жабыркап атат. Ошондуктан өкмөт элдин ден соолугун ойлосо, электромобилге өтүү саясатын колдошу керек. Экинчиден, дүйнө жүзү бүт электротранспортко өткөн жатат. Байден жакында эле келечек электр транспорттуку деп айтты. Авто чыгаруучу компаниялар баары электромобил чыгарууга өтө баштайт. Кыргызстан мындан сыртта кала албайт, эртеби-кечпи өтүшүбүз керек. Ошондуктан эртерээк кам көрүп, инфраструктураны куруу керек”,-дейт эксперт Азамат Акелеев.

Жалпы өлкө боюнча алганда бир миллиондон ашык жеңил автотранспорт жылына 104 млн тонна көмүр кылчкыл газын абага чыгарат. Ал эми автобус жана микроавтобус 2,5 млн тонна чыгарат. Жүк ташуучу автоунаалардыкы бир миллион тоннага жакын. Баардыгы абага бүркүлгөн газ жылына 107 миллион тоннаны түзөт.

«Ками Моторс»

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда «Ками Моторс» компаниясы электр менен жүргөн жүк ташыгыч унаа чыгара баштаганын "Зар рулем" жазып чыкты.

Ошондуктан электр жеңил автоунааларга өтүүнүн маанисин өкмөт да, эл да түшүнө баштагандай болду. Бирок атайын мамлекеттик максаттуу саясат болмоюнча, иш жылбайт.

Транспорт министрлиги электромобилдерди салык төлөбөй алып кирүүгө уруксат берди, бул мамлекеттик деңгээлде жасалган биринчи кадам болуп калды. Бирок андан башка дагы тоскооолдук толуп атат. Электромобил кымбат, аларды тейлөөчү инфраструктура жок. Электромобилдерди сатып алууга стимул же жеңилдик берген программалар жок.

“Эң биринчи тоскоолдук – электр унаалардын кымбаттыгы. Бирок дүң баа менен сатып алганда ал арзан түшөт. Экинчи маселе, инфраструктура, заряддагыч станциялар. Аларды сатып келип, жайгаштыруу, логистика, инфраструктура керек. Ошондой эле электр тармагына да жүк түшөт. Биз бул жерде өлкөнүн энергетикалык потенциалын да эске алышыбыз керек”,-дейт башка эксперт Бактыгүл Ысабекова.

электро мотоцикл

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ecobike" компаниясы баш калаанын милициясына бир электр мотоциклин белек кылды

Электромобилдерге заряд берүүчү станциялардын да түрү бар. Мисалы, үй шартында зарядоочу түзүлүштөр жай иштейт. Анда жакшы иштеген орточо станцияларды соода түйүндөрүнүн, чоң бизнес борборлордун парковкаларына койсо болот, анын наркы 15000-16000 долларга чейин. Ал эми тез заряддаган – суперзарядкалардын наркы 60 миң доллар.

“Биз ишкерлер менен баарлашып көрдүк. Алар Бишкек-Ысык-Көл же Бишкек-Ош жолунда заряддагыч инфраструктура болсо, эл көбүрөөк ала баштамак дешет. Бирок аны койгонго өкмөттүн жардамы керек. Анткени ал өзүн тез актабайт. Машина бир жолу заряддаганда аз эле акча төлөйт. Электромобилге өтүүнүн артыкчылыгы аны заправка кылуунун арзандыгында да. Ошон үчүн буга сөзсүз түрдө мамлекет жардам берип, инфрструктураны түзгөнгө жеңилдиктерди бергени туура. Ошондой эле дүйнөлүк финансы борборлорубу, бактар болобу, башында инвестициялык грант тартып келип, ишти баштап кеткенге жардам кылбаса болбойт”,-дейт Азамат.

заправка

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мамлекет өзүндөгү автопаркты электромобилдерге которууну колго алышы абзел. Ошону менен катар курулуш стандарттарын өзгөртүү, заряддагыч станциялардын техникалык нормативдерин киргизүү, электромобилдерди сатып алуучуларга жеңилдик менен кредит берүү, мамлекеттен субсидия караштыруу, коомдук станцияларда акысыз заряддагычтарды камсыз кылуу, электробустарды сатып келүү сыяктуу иштерди жасоо керек.

Кыргызстанда электротехникалык станциялар үчүн коюлган тарифте бир киловаттын баасы 1,58 сом болуп каралган. Мындай тариф менен 300 км жүргөндө керектелген электр акысы бир доллар болот. Ал эми тариф 70 тыйын болуп турганда 100 км 12 квт керектегенде, наркы 9 сом болот экен.

Бул аябай арзан, бирок электр тарифтери да бул боюнча турбайт, алар көтөрүлбөй койбойт. Демек, өкмөт электромобилдер үчүн аны абдан кымбат кылып жибербеши керек.

Ошол эле учурда электр каатчылыгы быйыл курч маселе болуп жатканын айта кетели. Отуз жыл ичинде керектөөчүлөр көбөйүп, бирок иштелип чыккан электр көлөмү өскөн жок. Ага кошул-ташыл Токтогул суу сактагычында эки жылдан бери суу аз, каатчылык болуп жатат. Демек, мамлекет электромобилдерге көчүү процессинде керектөөнү канчалык деңгээлде канааттандыра алат, аны дагы дыкат эсептеп иш алпарбаса болбойт.

Эң башкысы бул иштерди аткарууга көп акча керек, андай каражат колдо жок болгондон кийин дүйнөлүк финансы булактарына кайрылууга туура келет. Ансыз деле бай өлкөлөр глобалдык жашыл фонд түзүп, миллиарддаган каражат топтоп, жакыр өлкөлөргө бөлүштүрүп жатпайбы. Кыргызстан ал жактан бир тыйын ала элек. Андан башка дагы дүйнөдө акча бере ала турган алтымыштай климаттык фонддор бар экен.

Ошондой эле эксперттер Кыргызстандын банктарынын биринде климаттык каржылоо багытында электромобил сатып алууга кредит бериле баштаганын айтышууда.

Бир жакшы мисалы, Бишкектеги туристтик милицияга 27 электр мотоциклдери сатылып алынып, тийиштүү инфраструктурасы менен иштеп баштады.

электромобиль

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Автоунаа чыгарган компаниялар электр транспортун чыгарууга өтө баштады