Өзбекстан арзан баадагы электромобиль чыгарууга киришеби?

Шавкат Мирзиёев

Сүрөттүн булагы, official

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жылына 50-60 миң автоунаа жана электр унаасын чыгаруу зарылдыгын айтты. Ал үчүн автоунаа өндүрүш тармагына жогорку шарттарды түзүүнү тапшырган.

Президенттин мындай көрсөтмөсү өлкөдө "УзАвтоМоторс" монополияга айланып алганы боюнча сындар күчөп турган учурга туш келди. Мирзиёевдин басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда өлкөнүн автоунаа өндүрүш тармагына кирүүгө кызыкдар болгон бир катар компаниялардан кайрылуулар келип түшкөн. Президент чет жерлик эксперттерди тартуу тапшырмасын берген.

Өткөн жылдын март айында президент Шавкат Мирзиёев атамекендик өндүрүштөн чыккан автоунаалардын баасы өтө эле кымбат экенин сынга алган эле.

автомобиль

Сүрөттүн булагы, UZAVTOSANOAT

Декабрдагы парламенттеги кайрылуусунда Мирзиёев автоунаа өндүрүш тармагын атаандаштык аркылуу өнүктүрүү тууралуу сөз кылды. Ишкерлер үчүн баарына бирдей шарт жаратуу зарылдыгына токтолгон. Өзбекстандын автоунаа тармагында KIA, Volkswagen, Skoda сыяктуу ири компаниялар үстөмдүк кылып келген.

Өзбекстандан чыгарылган RAVON автоунаасы Кыргызстанда дагы өткөн жылдары сатыла баштаган. Бирок кардарлар баасы бир топ эле кымбат экенин айтышкан.