Өзбекстан: ички керектөөдөн улам газ экспорту азаят

Сүрөттүн булагы, PA Media
Өзбекстан жаратылыш газын экспорттоону токтотсо, анда 1 трлн. сум кирешеден кол жууйт. Эгемендик алгандан бери мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө 30 миллиард доллардай каражат салынды. Бирок соңку беш жыл аралыгында газ өндүрүшү кескин төмөндөгөн.
Бул жылы пандемиядан улам газды экспорттоо өткөн жылга салыштырганда 78 пайызга кыскарды. Ошентсе деле калкка жеткиликтүү болбой жатат. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев ички муктаждыкты камсыздоо үчүн газды экспорттоону дагы азайтууну тапшырды.
Каржы министри Тимур Ишметов белгилегендей, экспорт токтосо өлкө бюджетинин киреше бөлүгү 1 триллион сумга кыскарат.
2019-жылы Өзбекстан орточо алганда, 12 миллиард кубометр газды сыртка чыгарды. Коронавирус пандемиясынан улам негизги сатып алуучулар болгон Кытай менен Орусия керектөөсүн кескин азайтты. Жыйынтыгында өткөн жылга салыштырганда, газ экспорту дээрлик 78 пайызга кыскарды.

Сүрөттүн булагы, MAKHMUD ESHONKULOV
Экспорттун көлөмү кескин түшүп кеткенине карабай, Өзбекстан быйыл ноябрда мурда болуп көрбөгөндөй газдын кескин тартыштыгына туш болду. Газ берилбей калганына нааразы болуп, айрым жерлерде жергиликтүү тургундар көчөгө чыгышты.
16-декабрда өткөн жыйында Шавкат Мирзиёев жаратылыш газын экспорттоону азайтып, биринчи кезекте калктын керектөөсүн камсыздоону тапшырды. Буга чейин элге газ жеткирүү үчүн жергиликтүү бийликтер айрым ишканалардын газын өчүрүүгө аргасыз болгон.
Президент Шавкат Мирзиёевдин айтымында, Өзбекстанда эсептегичтер орнотулбагандыктан газдын көбү жөн эле талаага кетүүдө. Өлкөдө газ жетиштүү деди ал. Ошондой эле калктын керектөөсү дагы улам жогорулап жатканын белгиледи.
Көз карандысыз эксперт Гульбахор Султанованын айтымында, көп жерлерде газ түтүктөрү талапка жооп бербей калганы дагы чоң көйгөйлөрдүн бири.
Өзбекстандын мурдагы каржы министри Абдулла Абдукодировдун эсебинде, 1991-2016-жылдары мунай-газга 30,7 млрд сум инвестиция салынган. Ал ачык булактан алынган маалыматтарга таянып, "Өзбекнефтегаз" 2015-жылы 46,21 миллиард кубометр газ өндүрсө, 2020-жылы 28,99 миллиард кубометр өндүргөнүн айтууда.
Бул сандар бир аз көбөйтүлүп айтылган болушу мүмкүн. Чынында реалдуу газ өндүрүшү мындан аз деди ал. Эксперттер эгерде өкмөт газ өндүрүү тармагындагы көйгөйлөрүн чечпесе, кырдаал жыл өткөн сайын оорлошо бериши мүмкүн экенин эскертүүдө.








