Өзбекстан-Кыргызстан: Суу ресурстарын пайдалануу маселеси талкууда

Сүрөттүн булагы, www.energo.gov.kg
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. Өкмөттүк булактар эки өлкө ортосундагы суу ресурстарын пайдалануу маселеси жана чек араны аныктап, тактоо иштери талкуулана турганын билдирди.
Журналисттерге маалымат берип жатып, Кыргызстандын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Орто-Токой суу сактагычын биргелешип пайдалануу боюнча келишимди ишке ашыруу маселеси талкуулана турганын айтты.
Эки жыл мурун Кыргызстан менен Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычын биргелешип пайдалануу тууралуу макулдашкан.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргызстанга өтүп, Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алары айтылган эле.
Суу сактагычтын сыйымдуулугу - 165 млн куб/метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргызстан пайдаланат.
"Келишим ратификациялангандан кийин өзбек тарап жылына 16-20 млн. сом өлчөмүндө каражат же жалпы чыгымдын 92 пайызын бөлөт. Кыргыз тарап үчүн жаӊы 60 жумушчу орун ачылмакчы",-деп айтылган расмий маалыматтарда.

Орто-Токой суу сактагычы кыргыз-өзбек чек ара тилкесининен 13 чакырым ичкериде Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Учурунда аталган суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, узак убакыт ээлик кылуунун шарттары чечилбей келген эле. Мурда суу сактагычты өзбек тарап кайтарып келген. Суу сактагычка байланыштуу маселе эки өлкө ортосундагы чек ара чатактарына дагы себеп болуп келгени бар.
Региондо абал өзгөрдүбү?
Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер 1993-жылдан бери суу бөлүштүрүү маселесин оңдуу чече албай келүүдө. СССР урагандан тарта суу башындагы Кыргызстан, Тажикстан менен суу этегиндеги Казакстан жана Өзбекстан ортосунда суу маселесине байланыштуу талаш-талкуу, түшүнбөстүктөр бар. Буга Кыргызстан менен Тажикстан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, ал эми Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын ирригациялык максатта гана колдонууга кызыкдар болуп жатканы себеп.
Өткөн жылы март айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга расмий иш сапары менен келип, эки тарап суу ресурстарын туура колдонуу боюнча мунаса тапканын жана келечекте ири долбоорлорду чогуу ишке ашырууга макул болушканын жар салган.
"Рогун боюнча олуттуу көйгөйлөр чечилди. Бул аялуу маселе болчу. Бирок биз мунаса таптык",-деп айткан эле Мирзиёев.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Президент Рахмон болсо Дүйшөмбү коңшу мамлекеттерге "эч кандай оорчулук жаратууну көздөгөн эмес жана келечекте дагы маселе чыкпайт. Биз коңшуларыбызды эч качан суусуз калтырбайбыз" деп жооп кылган.
2018-жылы август айында президент Рахмон иш сапары менен Ташкентке барып, Өзбекстан менен Тажикстан Зарафшан дарыясынын боюна 320 мегаваттык эки гидроэлектр станция куруу боюнча келишимге жетишкени бар.
Бул макаланы дагы караңыз:
Буга чейин "Рогун" ГЭСиндей эле Ташкент "Камбар-Ата" ГЭСинин курулушуна каршылыгын билдирген.
2017-жылы сентябрь айында өзбек лидери иш сапары менен Кыргызстанга келгенде, "Камбар-Ата" ГЭСин чогуу куруу боюнча Бишкектин сунушун дагы колдогон. Анда ошол кездеги президент Атамбаев өлкөдөгү ГЭСтер "Өзбекстандын катышуусуз курулбайт" деп айтыканы бар.
Дүйнөлүк жана жергиликтүү адистер чөлкөмдөгү суу Борбор Азия мамлекеттерине жетиштүү экенин баса белгилешүүдө. Түпкү максат - аймактагы суу ресурстарды натыйжалуу, үнөмдүү жана туура пайдалануунун жолун табууда турат.
Мисалы, жалпы баасы бир миллиард доллардан ашкан CASA-1000 долбоору боюнча бирдиктүү иштер он жылдан бери уланып келатат. Ага ылайык, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ГЭСтерден Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын алып баруу үчүн 1,3 чакырымдык линияларды куруу каралган.
Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргыз өкмөтү Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөнүн билдирди.
"Мындай чечим суу кодексинин ченемдеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органын түзүүнү жөнгө салган талаптарын ишке ашыруу максатында кабыл алынды",-деп айтылды расмий кабарда.
Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдеттери жүктөлөт.
«Суу ресурстарын пайдалануу жана коргоого бирдиктүү мониторинг жасалбайт. Мамлекеттин суу ресурстарына менчиктик укуктары бузулууда, себеби жер үстүндөгү булактардан сууну көзөмөлсүз алуу шарттары түзүлгөн. Мындай шарттардын кесепети суу керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушу болуп саналат. Биздин өлкө суу ресурстарына бай экендигине карабастан, аймактарды ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыздоо начар бойдон калууда. Суунун жетишсиздиги жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө таасирин тийгизет. Агенттиктин түзүлүшү менен суу секторунда улуттук, мамлекеттер аралык жана эл аралык деңгээлде бирдиктүү саясат жүргүзүлө баштайт. Суу ресурстарын интергациялуу башкаруу принциптерине негизделген суу ресурстарын пландаштыруу жана башкаруу милдеттери аткарылат. Ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тутумдарды пайдалануу жана техникалык тейлөө, мамлекеттик органдардын имшердүүлүгүн координациялоо жана бардык суу ресурстарына бирдиктүү мониторинг жүргүзүү камсыздалат», - деп билдирген өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. (AbA)












