Кытайдын климат саясаты баарыбызга таасир этет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайда көмүр кычкыл газы ашыкча бөлүнүп чыгууда. Анын көрсөткүчү башка өлкөлөрдүкүнөн да ашып өтүп, күндөн-күнгө өсүп жатат.
Адистердин айтымында, Кытай көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну кескин түрдө азайтпаса, дүйнө жүзү климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштө жеңишке жете албайт.
Кытай президенти Си Цзинпин өлкөнүн бөлүп чыгаруусу 2030-жылы эң жогорку чегине жетип, көмүртек нейтралдуулугуна 2060-жылы жетишмекчи.
Бул аябагандай амбициялуу максатты Кытай кандайча ишке ашырарын айткан жок.
Дүркүрөп өскөн экономика
Азырынча бардык мамалекеттер көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтуу көйгөйүнө туш болуп жаткан маалда Кытай өтө чоң маселенин алдында турат.
Кытайдын киши башына бөлүп чыгаруу чендери АКШдагыга караганда эки эсеге аз. Бирок өлкөдө жашаган 1.4 миллиард калк менен дүркүрөп өскөн экономика көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу жагынан алып караганда башка мамлекеттерден алда канча алдыга озуп чыккан.
2006-жылы Кытай көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган дүйнөдөгү эң чоң өлкө болгон. Ал эми Кытай учурда дүйнө жүзү боюнча парник газын бөлүп чыгаруу боюнча төрттөн бири үчүн жоопкерчиликтүү.
Көмүрдөн баш тартуу
Көптөгөн адистердин айтымында, Кытай үчүн көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу көрсөткүчүн азайтуу колдон келе турган нерсе, бирок чечкиндүү кадамдарды талап кылат.
Ондогон жылдардан бери көмүр энергия алуунун негизги булагы болуп келген жана көп пайдаланылууда.

Президент Си Цзинпин Кытай 2026-жылдан тарта көмүрдү пайдаланууну "бара-бара азайтарын" айткан. Бирок анын билдирүүсүн айрым мамлекеттер жана активисттер жетишсиз кадам деп сынга алышты.
Бээжиндеги Цинхуа университетинин изилдөөчүлөрүнүн айтымында, электр энергиясын алуу үчүн Кытай көмүр колдонуудан 2050-жылга чейин толугу менен баш тартуусу керек. Анын ордуна өзөктүк жана калыбына келип туруучу энергия өндүрүүгө өтүшү зарыл.
Бирок көмүр менен иштеген станцияларды жабуунун ордуна Кытай өлкө боюнча 60тан ашуун жерде жаңы станцияларды курууда. Айрым жерлерде бирден көп станция бар.

Жаңы станциялар көбүнесе 30-40 жылга чейин иштейт. Ошондо эгерде Кытай көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайткысы келсе, анда жаңы станциялардын ишин азайтып, эскилерин болсо жабуусу керек болот, дейт Париждеги Айлана-чөйрө жана климат илимдери боюнча институтунда изилдөөчү болуп иштеген Филипп Сиа.
Айрым бөлүп чыгарууларды кармап калуу жолдорун модернизациялоого балким болот, бирок аны чоң көлөмдө ишке ашыруу технологиясы эми гана иштелип чыгууда. Анын үстүнө көптөгөн станциялар минималдуу колдонуудан кийин жабылууга тийиш.
Кытай Батыш өлкөлөрү мурда кандай кылган болсо, ошондой эле кылууга акысы бар экенин айтып талашууда. Мурда башка өлкөлөр дагы экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу процессинде көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган.
Ошондой эле Кытай өзүнүн "Бир алкак - бир жол" долбоору аркылуу өлкө сыртында көмүр менен иштеген электр станцияларын каржылаган. Бирок азыр ал жаңы инвестицияларды азайтууга белсенип жаткандай.
Бирок Кытай жашыл энергияга өтүүдө
Цинхуа университетинин изилдөөчүлөрүнүн айтымында, 2050-жылга чейин энергиянын 90% өзөктүк жана кайра калыбына келүүчү булактардан алынышы абзел.
Бул максатты көздөп Кытай күн панелдери менен ири масштабдагы батареялар сыяктуу жашыл технологияны өндүрүштө сап башында болуусу жакшы жардам бериши мүмкүн.
Абанын булганышы менен күрөшүү жолу катары Кытай биринчи жолу экологиялык жактан таза технологияны пайдаланган. Абанын булгануусу көптөгөн шаарлар үчүн олуттуу көйгөй бойдон калууда.
Бирок мамлекет дагы эбегейсиз экономикалык мүмкүнчүлүгү бар экенине ишенет. Миллиондогон кытайларды жумуш менен камсыздап, ошондой эле Кытайдын чет элдин майы менен газына көз карандылыгын азайтууну көздөйт.
"Кытай эбак эле глобалдык энергетикалык өзгөрүүдө алдыда баратат", — дейт Чет мамлекеттердеги өнүгүү институтунун кызматкери Юэ Цао. — Арзаныраак жашыл технологияны ишке ашырганыбыздын себептеринин бири Кытай ".

Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кытай эң көп күн энергиясын иштеп чыгат. Кытай калкынын көп экенин эске алганда бул таң калыштуу деле болбошу ыктымал. Бирок бул мамлекет кайда багыт алганынын белгиси.
Кытайдын шамал электр станциялары 2020-жылы башка мамлекеттердегиге салыштыра келгенде үч эселеп көбөйгөн.
Кытай бийлигинин айтымында, жерден казылып алынбаган энергия булактарынын катышы 2030-жылга чейин 25% өсүшү керек. Көптөгөн байкоочулардын баамында Кытай көздөгөн максатына эртерээк эле жетиши мүмкүн.
Электр машинелери
Электр машинелердин сатылышы боюнча Кытай дүйнөдө жетинчи орунда. Бирок калкынын көп экенин эске алганда, Кытай электр машинелерди жасоо жана сатып алуу боюнча башка өлкөлөрдөн алда канча алдыда. Кытайда сатылып алынган 20 машиненин бири электр менен иштейт.

Электромобилдерге өтүү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну канчалык азайтарын так айтуу оңой эмес, айрыкча кубаттоочу булактарды өндүрүүнү эске алганда.
Бирок изилдөөлөргө ылайык, электр машинелерден иштөө мөөнөтү аралыгында көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу бензин жана дизел сыяктуу майлар менен иштеген машинелерден адатта төмөн болот.
Бул маанилүү. Анткени, транспорттон бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы жалпы күйүүчү майдан бөлүп чыгаруулардын болжолдуу төрттөн бирине туура келет. Алардын ичинен жол транспорттору көмүр кычкыл газын эң көп бөлүп чыгарат.
Кытай өндүрүп чыгарган батареялардын көлөмү 2025-жылга чейин башка мамлекеттерде өндүрүлгөн батареялардын санынан эки эсеге көбөйөт.
Байкоочулардын айтымында, бул жаңырып туруучу булактардан алынган энергияны мурда болуп көрбөгөндөй масштабда сактоого жана чыгарууга өбөлгө түзөт.
Кытайдын жерлери жашылдана баштады
Парник газдарын чыгарууну токтотуу демек Кытай бөлүп чыгарууну токтотот дегендик эмес.
Анын мааниси Кытай бөлүп чыгарууларды мүмкүн болушунча азайтып, ар түрдүү жолдор менен эмне калган болсо ошону өз ичине сиңирет дегенди билдирет.
Ал үчүн өсүмдүк өскөн аймактарды кеңейтүү жардам берет. Себеби, өсүмдүктөр көмүр кычкыл газын сиңирип алат.
Дагы бир дем берүүчү кабар, башка мамлекеттерге салыштырганда Кытай өтө ылдамдык менен жашылданып баратат. Анын баары топурак эрозиясын жана кирдешин азайтууга багытталган токой чарба программасынын натыйжасында ишке ашууда.

Ошондой эле мындай жетишкендик жылына бирден көп жолу түшүм алууга багытталган кайра айдоонун натыйжасында болууда. Анткени, ал жер бетин өсүмдүктөр менен узагыраак мөөнөткө каптап турууга шарт түзөт.
Эмки кадамдар кандай?
Кытайдын ийгиликке жетиши дүйнө үчүн керек.
"Эгер Кытай көмүр кычкыл газын азайтпаса, биз климаттын өзгөрүүсүн жеңе албайбыз", — дейт Ланкастер Айлана-чөйрө борборунун профессору Дэвид Тайфилд.
Кытай кээ бир чоң артыкчылыктарга ээ, айрыкча узак мөөнөттүү стратегияларга бекем кармануу жана чоң масштабдагы инвестицияларды мобилизациялоо боюнча жөндөмдүү.
Кытайдын бийлик өкүлдөрү эбегейсиз чоң тапшырманын алдында турушат. Андан кийин эмне болору өтө деле маанилүү эмес. (EA)








