COP26: 2030-жылга чейин токойлорду кыюу токтойт

Бак-дарактар жерди жайытка айлантуу үчүн кыйылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бак-дарактар жерди жайытка айлантуу үчүн кыйылууда

COP26 аттуу климаттык саммиттин эң биринчи ири келишиминде 100дөн ашуун дүйнө лидерлери 2030-жылга чейин токойлорду кыюуну токтотууга сөз беришет.

Амазонкада тропикалык токойлордун көпчүлүк бөлүгү кыйылган Бразилия шейшемби күнү кол коё турган өлкөлөрдүн катарына кирет.

Бул милдет үчүн дээрлик $19,2 млрд мамлекеттик жана жеке менчик каражат каралган.

Эксперттер мындай кадамды жакшы кабыл алышты. Бирок алар 2014-жылкы келишимдеги “токойлорду кыюуну азайтуу ишке ашпай калганын” жана ошол милдетти аягына чыгаруу керек экенин эскертишти.

Бак-дарактарды кыюу климаттын өзгөрүүсүнө таасир этет. Анткени, ал ысытуучу CO2 газын сиңирип алган токойлорду жоготууга жол ачууда.

Эгерде климаттык өзгөрүү көзөмөлгө алына турган болсо, анда Глазгодогу эки апталык саммит аябай маанилүү болуп калмакчы.

Бул милдетти алууга кол коёрун айткан өлкөлөр, анын ичинде Канада, Бразилия, Орусия жана Индонезия, дүйнө жүзүндөгү токойлордун 85% ээлик кылат.

Каржылоонун бир бөлүгү өнүгүп жаткан өлкөлөргө бузулган жер кыртышын калыбына келтирүүгө, токойлордун өрттөнүүсү менен күрөшүүгө жана түпкүлүктүү жамааттарды колдоо үчүн берилет.

28 өлкөнүн өкмөттөрү токойлорду кыюуну дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл-чарба соодасынан алып салууга дагы милдеттенме алмакчы. Мисалы, пальма майы, соя жана какао.

Бул өнөр жайлар жайытка айлантуу үчүн же чөп кылуу үчүн токойлордун жоголуусуна себеп болгон.

Дүйнөдөгү эң ири 30 компания токойлордун азаюусу менен байланыштуу иш-аракеттерге инвестиция кылуу боюнча милдеттенме алат.

Конго ойдуңундагы дүйнөдөгү экинчи эң ири тропикалык токойду коргоо үчүн £1,1 млрд (фунт стерлинг) өлчөмүндөгү фонд түзүлмөкчү.

Глазгодогу дүйнөлүк жолугушууну өткөрүп жаткан Британиянын премьер-министри Борис Жонсон аны “жердеги токойлорду коргоо жана калыбына келтирүү боюнча бурулуш жасоочу макулдашуу” деп атамакчы.

Иш-чарада анын “Бул ири толуп-ташып жаткан экосистемалар - табияттын чоң чиркөөлөрү - булар планетабыздын өпкөлөрү”, - деп айтышы күтүлүп жатат.

Амазонкада токойлорду кыюу соңку жылдарда күчөп кеткен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Амазонкада токойлорду кыюу соңку жылдарда күчөп кеткен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Лондон коллеж университетинин климат жана токойлор боюнча эксперти, профессор Саймон Люис төмөнкүлөрдү айтты:

“Көптөгөн мамлекеттердин токойлорду кыюуну токтотуу боюнча саясий милдеттенме алганы жана ошол багытта каражаттын маанилүү бөлүгүн жумшоо - бул жакшы жаңылык”.

Ал жаңы келишим тропикалык жерлерде эт өндүрүшү сыяктуу азык-түлүккө болгон талаптын жогорулашын чечпей турганын кошумчалады. Ал үчүн АКШ жана Британия сыяктуу өлкөлөрдөгү эң көп эт керектөө маселесин чечүү зарыл.

Chatham House уюмунун туруктуу өнүгүү акселераторунун аткаруучу директору Ана Яң төмөнкүчө билдирди:

“Бул келишим көбүрөөк өлкөлөрдү, көбүрөөк оюнчуларды жана көбүрөөк акчаны камтыйт. Бирок шайтан майда иштерде катылган, биз аны көрө элекпиз. Бул чындыгында COP26дагы маанилүү кадам. Бул жолугушуу амбициянын деңгээлин жогорулатуунун жана дүйнөлүк температураны 1,5C даражадан жогору көтөрүлбөсүн кармап туруунун айланасында болууда. Бул өтө чоң кадам”.

Амазонка ойдуңунун түпкүлүктүү жамаатынын координация бөлүмүнүн өкүлү Тунтиак Катан келишимди жакшы кабыл алып, түпкүлүктүү жамааттар токойду кыюуну токтотуу боюнча алдыңкы катарда жүргөнүн Би-Би-Сиге айтты.

Эквадордогу түпкүлүктүү Шуар элинин өкүлү Катандын айтымында, түпкүлүктүү жамааттар дүйнөдөгү биотүрдүүлүктүн 80% коргоп калган менен коркутууларга жана зордук-зомубулукка туш болушкан.

“Көп жылдардан бери экосистемалар менен токойлорду коргоп келген өзүбүздүн жашоо образыбызды сактап келдик. Биз болбосок, эч бир акча же саясий чечим климаттын өзгөрүүсүн өзгөртө албайт”, - деди ал.

Келишимге бир нече негизги мамлекеттер кол коёт.

Индонезия пальма майын эң көп экспорттогон өлкө. Аталган май шампундардан тарта бисквиттерге чейин пайдаланылат. Аны өндүрүү бак-дарактардын кыйылышын жана түпкүлүктүү элдин аймагынын кыскарышын шарттап жатат.

Ал эми Орусиянын ири табигый токойлору жыл сайын 1,5 млрд тонна көмүртек сиңирип алат. Өлкөдөгү токой планетадагы бак-дарактардын бештен биринен көбүрөөгүнө туура келет.

Планетадагы эң ири тропикалык Амазонкадагы токойдун кыйылышы 2020-жылы Бразилиянын президенти Жаир Болсонарунун тушунда 12 жылдык жогорку көрсөткүчкө чыккан.

“Бразилиянын келишимге кол коюшу чындыгында маанилүү. Себеби, ал тропикалык токойлордун чоң бөлүгүнө ээлик кылат. Бирок акчаны жергиликтүү деңгээлде аны ишке ашыра ала тургандарга бериш керек”, - деди Яң.

Амазонкада жашаган жана анын шаар аймактарында турган адамдардын көбү өз жашоосунда токойдон көз каранды жана алар жаңы киреше булактарын табуу үчүн колдоого муктаж экенин кошумчалайт Яң.

Бак-дарактар дүйнөнүн ысышынан коргогон негизги ресурстардын бири. Алар атмосферадан көмүр кычкыл газын соруп алып, көмүртекти сиңирүүчү катары кызмат кылат. Алар жыл сайын дүйнөдөгү CO2 үчтөн бирин сиңирип алат.

Учурда ар мүнөт сайын 27 футбол талаасындай болгон токой аянты жоголуп жатат.

Жоголгон токойлор дагы CO2 бөлүп чыгарышы ыкытмал. Эгерде көп дарак кыйыла берсе, илимпоздор планета чукул жана күтүүсүз эле кандайдыр бир климаттык өзгөрүүгө дуушар болгон чекке жетиши мүмкүн деп тынчсызданып жатышат. (EA)