Глазгодогу COP-26 саммити: бул эмне үчүн маанилүү жана андан эмнени күтүү керек?

Николай Воронин, илим маселелери боюнча кабарчы

Глазгодогу COP-26 саммити: бул эмне, эмне үчүн маанилүү жана жолугушуудан эмнени күтүү керек?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Глазгодогу COP-26 саммити: бул эмне, эмне үчүн маанилүү жана жолугушуудан эмнени күтүү керек?

Глазгодо КС-26нын (COP26 деп да белгилүү) жылдык климаттык саммити башталат, андан дүйнөнүн тагдыры көз каранды.

Бул саммит эмне үчүн мынчалык маанилүү, эмне жөнүндө кеп болуп жатат жана келишим ишке ашпай калса эмне болот?

Климат эмне үчүн өзгөрүүдө?

Өнөр жай революциясынын жана массалык өндүрүштүн башталышы менен (болжол менен 19-кылымдын орто ченинде) жер бетинде өнөр жай газынын калдыктары кескин өсө баштаган. Алар биз колдонгон жылуулук менен электр энергиясынан баштап, имараттарды жылытууга жана жарыктандырууга чейин, биз күн сайын керектеген айыл чарба азыктарына чейин дээрлик бардыгынын кошумча продуктусу.

Бул газдардын көбүнүн буулануу эффектиси бар. Күнөскана, биз билгендей, жерди жылыткан күндүн нурларын өткөрүп алып, андан кийин аны тунук дубалдарына камап алып, жылуулукту сыртка чыгарбайт.

Абанын температурасы канчалык көтөрүлдү?

climat

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бир жарым кылымдан бери газдардын абага бүркүлүшүнүн үзгүлтүксүз өсүшү Жердеги температуранын орточо эсеп менен Цельсий боюнча 1,1 градуска жогорулашына алып келди.

1 эле градус! “Анан, эмне болуптур?”- деп ойлошуңуз мүмкүн.

Бирок, баары чындап эле абдан олуттуу. Анын эки себеби бар. Биринчиден, суу дагы эле 0 градус температурада эрийт (жана деңиз суусу - бир аз төмөн, дээрлик минус 2).

Бул жыл бою кыш болуп турган түндүктө, тоолуу аймактарда ошол ашыкча 1-1,5 градус дагы өтө оор болушу мүмкүн дегенди билдирет.

Эриген суу өрөөндөргө куюлуп, акыры барып Дүйнөлүк океанга кошулат, андан соң ал сөзсүз түрдө анын деңгээлин жогорулатып, жээктеги аймактарды каптап кетет.

Экинчиден, 1,1 градус шарттуу түрдө "ооруканадагы орточо температура". Бирок, чындыгында абанын ысышы такыр бирдей болбойт: планетанын кээ бир бөлүктөрү тезирээк, кээ бирлери жайыраак ысыйт.

Эгер планета ысып жатса, эмне үчүн бизде суук?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Климаттык процесстерди моделдөө өтө кыйын, анткени алар ар кандай факторлорду камтыйт. Жогоруда айтылгандай, планета текши ысыбайт, ошондуктан атмосфералык циркуляциянын бузулушуна жараша убактылуу бир жерде абдан суук болушу мүмкүн (мисалы, 2018-2019-жылдын кышында болгон сыяктуу).

Негизги себептердин бири - Арктика башка аймактарга караганда бир кыйла тез ысыйт, анткени ал жердеги кар жана мөңгүлөрдүн эриши кургактыктын жана океандын бетинин караңгы жерлерин ачып берет. Демек, алар күн нурун көбүрөөк сиңирип, ого бетер ысый башташат. Процесс ылдамдап баратат.

Ушундан улам полярдык жана мелүүн кеңдиктердин ортосундагы температуранын айырмасы азайып, кылымдардан бери келе жаткан тең салмактуулук бузулуп жатат. Аба жана деңиз агымдары адашып, багытын өзгөртүп, аба ырайына кедергисин тийгизүүдө.

Ошондуктан, канчалык парадоксалдуу угулбасын, глобалдык жылуулуктун кесепеттеринин бири өтө катаал, аномалдуу суук кыш болушу мүмкүн.

Бул бизге кандай коркунуч туудурат? Күтүлгөн катастрофа канчалык масштабдуу?

climat

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акыркы кырк жылда суу ташкындары, жер көчкүлөр, бороон-чапкындар, узакка созулган жылуулук толкундары жана башка аба ырайынын бузулушу дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Бул процесс улана берсе, жалпы адамзаттын аман калышына коркунуч туулат, анткени акыркы бир нече миң жылдар бою биздин ата-бабаларыбыз орточо жылдык температурасы 13-15 градустан ашпаган кандайдыр бир "климаттык уячанын" ыңгайлуу шарттарында жашашкан.

Окумуштуулар жакынкы эки он жылдыкта климаттын өзгөрүшү менен аба ырайынын кескин бузулушу жердин олуттуу бөлүгүн күйүп кеткен чөлгө айлантып, бул уячаны жок кылуу, ал тургай биздин планетаны жашоого жараксыз кылуу коркунучу бар экенин эскертишүүдө.

Ошондуктан, парник газдарынын абага бүркүлүшүн азайтуу же азайтпоо боюнча бизде тандоо деле жок. Маселе мунун канчалык тез аткарылышында.

Убакыт өтө аз калды: илимпоздор тарабынан курулган климаттык моделдер 2030-жылга чейин болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн көбү коркунучтуу чектен өтүп кетишибиз ыктымал экенин көрсөтүп турат.

Эмне үчүн кризистен чыгуунун жолун табуу кыйын?

climat

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бул суроого көптөгөн туура жооптор бар, бирок эки негизги маселе өзгөчө маанилүү.

Биринчиден, глобалдык жылуулануунун чыныгы себептери дагы эле белгисиз жана илимпоздор өнөр жайлык парник газдарынын абага бүркүлүшүн азайтуу менен өзгөрүп жаткан климаттын ортосунда себеп-натыйжалык байланышты түзүү үчүн далилдер жетишсиз деп эсептешет.

Бул абдан кеңири таралган туура эмес түшүнүк. Узак убакыт бою илим чындап эле глобалдык жылуулануунун себептери жөнүндө бир түшүнүктөгү корутундулардан баш тартты.

Бирок, IPCC эл аралык эксперттик тобунун август айында жарыяланган баяндамасында бир маанилүү корутунду бар: адамдын иш-аракеттерисиз климаттын мындай кескин өзгөрүшү мүмкүн эмес.

Бардык табигый факторлордун жыйындысын чогуу алып караганда да глобалдык жылууланууга анын таасири 0,02 эле градуска жакын, башкача айтканда, байкоолор көрсөткөндөн 30-50 эсе аз.

Ал эми экинчиден, климаттын өзгөрүшү боюнча маселе чынында эле глобалдуу. Жер деген күнөсканада баарыбыз чогуу жашайбыз жана эч бир мамлекет канчалык кыйын жана бай болсо да бул маселени жалгыз чече албайт.

Сиз Дональд Трамптан үлгү алып, кошуналарды таш дубал менен тоссоңуз дагы, ал аба агымын токтото албайт. Андыктан бардыгы бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта ​​кризистен чыгуунун жолун издөөгө туура келет.

"КС-26 клуб" деген эмне жана ал эмнеге керек?

Climate

Сүрөттүн булагы, Getty Images

KС - "Тараптардын конференциясы" (Конференция сторон) деген сөздүн орус тилиндеги аббревиатурасы; ошол эле аббревиатуранын англис версиясы COP (Conference of Parties). Ал 197 өлкөнүн өкүлдөрү масштабдуу климаттык өзгөрүүлөрдү талкуулап, глобалдык катастрофаны болтурбоо үчүн мамлекеттик жана жеке деңгээлде кандай шарттар аткарылышы керек экенин макулдашууга аракет кылган жылдык саммит.

Саммит БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциясынын алкагында өткөрүлүүдө. Аталган эл аралык келишимге дээрлик 30 жыл мурун дүйнөнүн бардык өлкөлөрү жана аймактары тарабынан кол коюлган, анда адамдын климатка тийгизген таасирин чектөө чаралары каралган.

KS-26 бул келишим 1994-жылдын 21-мартында күчүнө киргенден берки 26-жыйын болмокчу. Бул жылы жолугушуу 1-ноябрдан 12-ноябрга чейин Шотландиянын Глазго шаарында өтөт.

Эмне үчүн Глазгодогу саммит абдан маанилүү?

climate

Сүрөттүн булагы, Getty Images

КС-26 2015-жылы Париж келишимине кол коюлгандан берки климаттык кризистен чыгуу үчүн эмнелер аткарылганын баалоочу жана бул чөйрөдөгү негизги чечимдерди кабыл алуучу алгачкы саммит болот.

Анда жалпысынан алганда 175 өлкөнүн өкүлдөрү жактырган климаттык катастрофанын алдын алуу боюнча адамзаттын стратегиясы баяндалган.

Париж келишими эмнени талап кылат?

Эгерде документтин маңызын кыска жана так аныктасак, анда Париж келишимине кол койгон бардык өлкөлөр төмөнкү шарттарды аткарууга милдеттенишкен:

· парник газдарынын абага бүркүлүшүн азайтуу;

· энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүнү көбөйтүү;

· глобалдык температуранын көтөрүлүшүн 2°Cден «бир топ төмөн» кармай тургандай кылып, идеалдуу түрдө 1,5°С менен чектөө;

· жакыр, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңүүгө жардам берүү үчүн миллиарддаган доллар каражат корун топтоо.

Ошону менен бирге, бул багыттагы иштердин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана өлкө боюнча алдын ала жыйынтыктарды чыгаруу беш жылда бир боло тургандыгы белгиленген. Биринчи COP-26 саммити 2020-жылы өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам аны 2021-жылга жылдырууга туура келген.

Коронавирус пандемиясы канчалык жардам берди же тоскоолдук кылды?

Climate

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Пандемиянын айынан саммит жылып кеткендигине байланыштуу, муну менен ал келишим бузулду десек болот. Бирок, ошол эле учурда дүйнө тыныгууга аргасыз болгондугуна байланыштуу жашоонун кадимки агымы толугу менен бузулду жана бизде пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү процессин кайра карап чыгууга болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк бар.

Биз чын эле учактарда ушунчалык бат-бат учушубуз керекпи? Үйдөн иштөө шашылыш маалда жол кыймылын азайта алабы? А балким, де-урбанизация менен күрөшүүгө убакыт келдиби? Ушул сыяктуу суроолор көп.

KS-26да дүйнөлүк лидерлер жаңы максаттарды коюп, бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы тактикаларды иштеп чыгышы керек - жана бул максаттар абдан дымактуу болушу керек.

Лидерлер Глазгодогу саммитте эмнеге жетишүүгө үмүттөнүүдө?

climate

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жолугушуу дээрлик эки жумага созулат, анткени ар бир өлкөнүн кризисти чечүүнүн көптөгөн маселелери боюнча өз көз карашы бар жана жалпысынан пландар көп.

Мадриддеги мурдагы жолугушуудан көптөгөн чечилбеген маселелер калган. Дал Мадриддеги саммитте швециялык активист Грета Тунберг БУУда сүйлөгөн сөзүнүн убактысын белгилеп, дүйнөлүк лидерлерди ыкшоо деп айыптап, анын мууну иш жүзүндө келечектен ажыратылганын билдирген.

Глазгодогу саммиттин алдында жүздөн ашык өнүгүп келе жаткан өлкөлөр өз талаптарын белгилешти:

 · бай өнүккөн өлкөлөр аларга бардык кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн каражат бөлүүсү керек - башкача айтканда, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана ага ыңгайлашуу боюнча иш-чараларды дээрлик толугу менен каржылоо;

· ошол эле өнүккөн өлкөлөр глобалдык жылуулуктан улам өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына келтирилген зыяндын ордун толтурууга тийиш;

· алардын экономикасын "жашыл жолго" которууну каржылоо керек болот...

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө негизги көйгөй эмнеде?

Чындыгында, парник газдарынын абага бүркүлүшүн бир гана жогору жактан келген чечимдер менен кыскартуу мүмкүн эмес. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш ийгиликтүү болушу үчүн ар бирибиз сөздүн түз маанисинде катышуубуз керек, ал эми көбү буга даяр эмес.

Мисалы, башка өлкөлөргө салыштырмалуу Улуу Британия абдан жакшы көрүнөт: 1990-жылдардан бери парник газдарынын абага бүркүлүшү дээрлик эки эсеге кыскарган. Бул өлкөнүн энергетика тармагын зыяндуу көмүрдөн жаратылыш газына, алда канча таза отунга жана кайра жаралуучу булактарга которгонуна байланыштуу болду.

Бирок, энергия өндүрүү маселенин бир гана жагы. Парник газдарынын абага бүркүлүшүн толугу менен нөлгө чейин кыскартуу үчүн (бул тигил же бул жол менен сөзсүз жасалышы керек, антпесе глобалдык катастрофа сөзсүз болот), ар бирибиз өзүбүздүн керектөөбүздү түп тамырынан карап чыгышыбыз керек.

Терезени ачып коюп, батарейкаларыбыз менен бүт шаарды “жылытууну” токтотушубуз керек, үйдөгү жылуулукту изоляциялоо маселелерин карашыбыз керек, иш жүзүндө жеке транспорттон баш тартып, коомдук транспортту гана колдоно башташыбыз керек, көп өлчөмдө эт жегенди токтотушубуз керек же эң жакшысы, вегетариандык диетага өтүшүбүз керек - ж.б.

Мунун баарын аткаруу үчүн бизде болжол менен ушул он жылдыктын аягына чейин гана убакыт бар. Бирок азырынча буга акча төлөгөнгө даяр болгондор да бизди ынандыра албай жатат. (MD)