COP26: Байден Кытай менен Орусияны саммитке келбегени үчүн сынга алды

Жо Байден

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Жо Байден COP26 саммитинде сүйлөп жатып комментарий берди

АКШнын президенти Жо Байден Кытай менен Орусиянын лидерлерин COP26 климаттык саммитине катышпаганы үчүн сындады.

Шейшемби күнү кечинде сүйлөгөн сөзүндө Байден климат “зор көйгөйгө” айланганын, Кытай “басып кеткенин” жана “ошол эле нерсе Орусия менен Путинге да тиешелүү” экенин билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин да, Кытайдын лидери Си Цзинпин да саммитке барган эмес.

Бирок эки өлкө тең сүйлөшүүлөр үчүн өз делегацияларын жиберишип, алар эки апта бою, 14-ноябрга чейин ошол жакта болушат.

Кытай дүйнөдөгү көмүр кычкыл газын эң көп бөлүп чыгарган өлкө. Андан кийинки орунда АКШ турат. Орусия болсо Евробиримдик менен Индиядан кийин дүйнөдө бешинчи саптан орун алган.

Шотландиянын эң чоң шаары Глазгодо өтүп жаткан климаттык саммитке 120дан ашуун лидерлер келишкен.

Мамлекеттер ири келишимдерди жарыялоого жетишти. Мисалы, 2030-жылга чейин метандын деңгээлин азайтууга убада беришип, ошол эле жылга чейин токойлорду кыюуну токтотуу милдетин алышты.

Кытай дагы, Орусия дагы токойлорду кыюуну токтотууга кол коё турган өлкөлөр. Байден сүйлөгөнгө чейин Путин шейшемби күнү виртуалдык жолугушууда токойлорду башкаруу боюнча сүйлөп, Орусия токой аянттарын “коргоо боюнча чечкиндүү жана күчтүү чараларды” көрө турганын билдирди. Бул тууралуу Кремлдин през релизинде айтылды.

АКШнын президенти өз комментарийин башка өлкөлөрдүн - анын ичинде Кытай, Орусия жана Сауд Аравия - сүйлөшүүлөрдө ойногон ролу жөнүндө суроо берилгенде айтты.

“Саммитке келбей коюп, Кытай түшүнүктүү себептер менен дүйнөнүн лидери катары жаңы ролун бекемдегиси келип атабы, койгулачы”, - деген Байден Си Цзинпиндин келбей койгону “чоң жаңылыштык” болгонун кошумчалады.

Ал ошол эле нерсени Путин жөнүндө дагы айтты. Байден Орусиянын жапайы токойлору өрттөнүп жатканын, ал эми президенти маселе боюнча “ооз ачпай отурганын” билдирди.

Көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаргандар

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков климаттык өзгөрүү Орусия үчүн “маанилүү” болгонун айткан болсо да, алар октябрда өз чечимин жарыялап жатканда эмне үчүн орус президенти саммитке келбей турганын түшүндүрүп берген эмес.

Ошол эле айда расмийлер Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго Кытайдын президенти Си Цзинпиндин саммитке келбей турганын дагы эскертишкен. Си Цзинпин 2020-жылдын башынан бери Кытайдан сыртка чыкпай жүргөнү айтылып келет.

Сентябрда Си Цзинпин 2060-жылга чейин Кытай көмүртекти нейтралдаштыруу максаты жөнүндө жар салып, бөлүп чыгаруунун деңгээли 2030-жылы эң жогорку чекке жетерин билдирген.

Путин Орусия дагы “2060-жылдан кечиктирбей” көмүртекти нейтралдаштырууга аракет кыларын 13-октябрда өткөн эл аралык энергия форумундагы сөзүндө айткан.

Таза нөлгө түшүрүү же көмүртекти нейтралдаштыруу атмосферага парник газдарын чыгарбоо дегенди билдирет. (EA)