COP26: Президент Жапаров тоолуу өлкөлөргө өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Президент Садыр Жапаров Глазго жергесинде өтүп жаткан БУУнун климаттык саммитинде сүйлөп, Кыргызстан климаттык өзгөрүүнүн терс кесепеттерин сезе баштаганын айтты жана тоолуу өлкөлөргө максаттуу каржылоо кароону сунуштады.
Жапаров климаттык өзгөрүүнү басаңдатууга Кыргызстан да өз салымын кошорун билдирди. Ал өз сөзүндө 2030-жылга чейин өлкө парник газын бөлүп чыгарууну 44% кыскартуу максатын коюп жатканын айтты.
“Бүгүнкү күндө дүйнөлүк эмиссиянын түзүмүндө биздин өлкөнүн үлүшү анча чоң эмес, болжол менен нөл бүтүн жүздөн үч (0,03%) пайызды түзөт, ал эми эмиссиянын табияты өндүрүштүк эмес, адамдардын жашоосуна байланышкан, башкача айтканда антропогендик мүнөзгө ээ”, - деди ал.
Президент 2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл экономикага көмүртексиз жетишүүгө аракет кыларын, ал үчүн кайра жаралуучу энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын локомотиви болоруна токтолду.
“Биз табиятка зыян келтирбестен, өнөр жай тармагын жана турак жай коммуналдык секторун көмүртектик энергия булактарынан, биринчи кезекте көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштадык”.
Бул максатка жетүү үчүн ал Кыргызстанда бүгүнкү күндө онго чукул кичи жана орто гидроэлектростанциялар курулуп жатканын айтты.
Ошондой эле, Жапаров өз сөзүндө дүйнөлүк лидерлердин көңүлүн Кыргызстандагы мөңгүлөргө, суу ресурстарына жана тоолорго бурду. Өлкөнүн 94% тоолор ээлерин эске алып, алдыдагы иштердин масштабына басым жасады.
“Климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу мен айткан көйгөйлөр көп жагынан көптөгөн тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл. Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштайбыз”.
“Атап айтканда, биз мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз”, - деп кошумчалады Жапаров.











