Экологияга зыянсыз секс деген эмне?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу жөнүндө ойлонгондо биздин сексуалдык жашообуз тизменин сап башынан көп деле орун албайт.
Бирок веган презервативдер жана таштандыга чыкпай турган контрацепциялар өңдүү туруктуу продукцияларды интернетте издегендер соңку жылдарда көбөйө баштаган.
Экологияга зыянсыз секс деген эмне?
“Айрым адамдар үчүн жыныстык жактан экологияга зыян келтирбөө деген планетага азыраак таасир эткен майлагычтарды, оюнчуктарды, шейшептерди жана презервативдерди тандоо дегенди билдирет”, - деп түшүндүрөт нигериялык экологиялык туруктуулук боюнча адис, доктор Аденике Акинсемолу.
“Башкалары үчүн болсо, порно жаратууда адамдарга жана жаратылышка келтирилген зыянды азайтууну туюнтат. Эки мисал тең өтүмдүү жана маанилүү”.
БУУнун Калк фондунун божомолу боюнча, жыл сайын эркектердин 10 миллиарддай латекс презервативи өндүрүлүп, алардын көпчүлүгү таштанды талааларына ыргытылат.
Анын себеби, көпчүлүк презервативдер синтетикалык латекстен жасалат. Аны жасоодо кошулмалар жана химиялык заттар колдонулат. Демек, аларды кайра иштетүүгө болбойт.

Сүрөттүн булагы, Аденике Акинсемолу
Рим доорунан бери колдонулуп келаткан кой терисинен жасалган презервативдер биологиялык жактан толугу менен өзү бөлүнүп кетүүчү вариант. Бирок, алар койдун ичегилеринен жасалат жана жыныстык жактан жугуучу оорулардын алдын ала албайт.
Көптөгөн майлагычтар дагы мунайдан жасалгандыктан жерден казылып алынуучу отунду камтыйт. Бул суудан жасалган же органикалык өндүрүштүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Андан тышкары үйдө жасалган варианттар дагы кеңири жайыла баштады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Доктор Тесса Коммерстин TikTok барагындагы жыныстык саламаттык боюнча видеолорун миңден ашуун катталуучу көрөт. Анын эң көп көрүлгөн видеосу - дээрлик сегиз миллион жолу көрүлгөн - үй шартында даярдалган майлагычтын рецепти. Ал жүгөрү крахмалы менен суудан жасалган.
Суудан жасалган майлагыч заттар, органикалык жана веган презервативдер убакытты кызыктуу өткөрүү жана туруктуу сексуалдык жашоо баштоо үчүн жакшы вариант”, - дейт доктор Акинсемолу. “Алар айлана-чөйрөгө аз эле зыян келтирүү менен чектелбейт, ошондой эле аларды колдонгондорго жакшы убакыт өткөрүүнү камсыздайт”.
Бирок, айрым “жашылыраак” өндүрүштөрдү этияттап колдонуу керек. Аларды көптөгөн презервативдер менен колдонууга болбойт, анткени тешилип калышы ыктымал. Ал эми контрацепция боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алардан мурда дарыгер же үй-бүлө пландоо боюнча адис менен жолугуп сүйлөшүү сунушталат.
Секс оюнчуктар дагы пластик кеңири колдонулган чөйрөлөрдүн бири. Болот же айнек альтернативалар бар. Кайра кубаттап колдонууга болгон оюнчуктарды сатып алуу дагы таштандыны азайтууга көмөктөшөт. Ал тургай базарда күндөн кубат алган секс оюнчуктар дагы пайда болуп калган.
LoveHoney сыяктуу компаниялар дагы секс оюнчуктардын амнистиясын сунушташат. Анда алар кадыресе кайра иштетүү ыкмасына туура келбеген эски жана сынык оюнчуктарды кайра иштетүүгө жардам беришет.
Дагы кайсы багытта таштандыны азайтууга болот?
Биздин сексуалдык жашообуздагы азыраак көрүнгөн бөлүктөрүндө дагы таштандыны азайтууга боло турган жерлер бар.
Этикалык жактан туура жасалган ич кийим жана кийим сатып алуу, душта секс кылуудан оолак болуу, азыраак ысык суу колдонуу, жарыкты өчүрүп туруу, көп жолу колдонулган жышыгычтын баары планетага биздин тийгизген таасирибизди азайтуунун жолдору.
Биз сатып алган көп нерселерде пакетке ороо көбүнчөсү таштандынын пайда болушун шарттайт. Нью-Йорктук ишкер жана нөл-таштанды инфлюенсери Лаурен Сингер ушул багыттарда көптөгөн компаниялар өзгөртүү киргизе аларын айтат.
Презервативдер, майлагыч заттар жана күн сайын колдонулган контрацепциялык дарылар кутуларга салынып, ал акыры таштанды талааларын толтурууда. Жатын ичине орнотулган түзмөктөр жана импланттар көбүрөөк убакытка чейин кызмат кылган контрацепциялык каражаттарга кирет. Алардан таштанды азыраак чыгат, бирок өзүнүн тобокелдиктери да бар.
Лаурен дээрлик таштанды чыгарбай жашайт. 2012-жылдан бери ал кайра иштете албаган нерселердин баарын банкага чогултуп келет.

Сүрөттүн булагы, Лаурен Сингер
Лаурендин банкасынан презервативдерди таба албайсыңар. Сексуалдык өнөктөштөрү менен жатардан мурда ал дайыма алардын текшерүүдөн өтүүсүн суранат. Презервативдер жыныстык жактан жуккан оорулардан коргогон жападан жалгыз каражат эмеспи.
“Азыркы өнөктөшүм моногамиялык, бирок өнөктөшүңөргө төшөккө жатардан мурда текшерүүдөн өтүүсүн суроодон ыңгайсыз болсоңор, анда алар менен негизи эле жатпашыңар керектир”, - дейт Лаурен.
Бирок, анын айтымында, каалабай туруп бойго бүтүп калуудан же жыныстык жактан жуккан оорудан өткөн жаман нерсе жок.
“Кайсы таштандыны чыгарып, кайсынысын чыгарууга болбосун карап чыгышыбыз керек”, - дейт ал. “Таштанды өңүтүнөн улам эле адамдар презервативдерди колдонбошу же бойго бүтүүнү көзөмөлдөбөшү керек. Өзүңдү жана өнөктөшүңдү коргоо маанилүүрөөк”.
Доктор Акинсемолу буга макул. “Экологиялык жактан зыянсыз продукция болобу же жокпу, коопсуз секс узак мөөнөттө адамдар жана планета үчүн эң туруктуу вариант”, - дейт ал.
Балалуу болуунун климатка таасири
Бул бизди кийинки секс менен жаратылыш кездешкен чекитке, балалуу болуу темасына, алып келет.
2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, машинасы жок жашоо жылына болжолдуу 2,3 тонна CO2 сактоого шарт түзөт экен. Ал эми өсүмдүккө негизделген диета болсо 0,8 тоннаны сактары аныкталган. Ага салыштырмалуу, эгерде өнүккөн дүйнөдө жашасаңар, анда балалуу болбоо жылына 58,6 тоннаны сактап калат.
Анча өнүгө элек өлкөлөрдөгү көмүртектин изи азыраак. Малавиде бир наристе 0,1 тоннадан ашпашы болжолдонот.
Айрым таасирдүү инсандар балалуу болуу боюнча өздөрүнүн шек-күмөнүн талкуулап келишкен. Принц Гарри 2019-жылы Vogue журналына өзү жана Сассекс герцогинясы “ашып кетсе” эки балалуу болорун билдирип, бул чечими үчүн жаратылыш башкы фактор экенин айткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошол эле сыяктуу АКШ конгрессинин мүчөсү Александрия Окасио-Кортес 2019-жылы C40 Мэрлердин дүйнөлүк саммитинде ал “балдарыбыздын келечеги жөнүндө билгендерибизден улам энелик кыялдарым кычкыл-таттуу даамданган аялмын” деп билдирген.
Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдө төрөттүн саны азайып кеткен. Он жылдык тенденцияны бир эле климаттык өзгөрүү менен байланыштырып койгонго албетте болбойт.
Бирок британиялык окумуштуулардын быйыл жүргүзгөн дүйнөлүк сурамжылоосунда сурамжылоого катышкан 10 миң жаштардын 75% “келечек коркунучтуу экенине” макул болгону аныкталган. Жооп бергендердин болжолдуу 41% климаттык өзгөрүүнү себеп катары көрсөтүп, “балалуу болуудан карманарын” айтышкан.
Балалуу болбойм
Танмай Синде Мумбайда жашайт. Ал жаратылыш үчүн балалуу болбойм деп чечкен. Климаттык өзгөрүү боюнча өкмөттөр аралык эксперттик топ анын кичи мекени 2050-жылдары деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам чөгүп кетиши мүмкүн экенин айткан.
Үй-бүлөсү анын чечимин түшүнгөн эмес. Ошентсе да ал бир эркек катары Индияда аялдарга караганда мындай көз карашы үчүн көбүрөөк артыкчылыкка ээ экенин мойнуна алат.

Сүрөттүн булагы, Танмай Синде
“Индияда үй-бүлөлөр аябай салтка бекем жана кылымдар бою сакталып келген үрп-адаттар менен ырым-жырымдарды карманышат”, - дейт ал. “Үйлөнгөн кийинки эң негизги нерсе - балалуу болуу. Ушул маданиятты сактоо үчүн коомдун басымы өтө чоң”.
Ал пикирин өзгөртүшү мүмкүнбү? “Коопсузураак планета жана туруктуу жашоо образы балалуу болуу үчүн шарттардын бири. Көмүртекти бөлүп чыгаруу жана күндүн ысышын токтотуу боюнча массалык өзгөрүүлөр жана катуу чечимдер чыгарылбаса, балалуу болом деп ойлобойм”.
Швециядагы Лунд университетинин профессору Кимберли Николас өнүккөн дүйнөдөгү жаш балдар көмүртекти бөлүп чыгарууга болуп көрбөгөндөй терс таасир этерин айткан изилдөөгө катышкан.

Сүрөттүн булагы, SIMON CHARLES FLORIAN ROSE
Ал бирок адамдар балалуу болбошу керек деп эсептебейт. “Адамдардын жеке тандоосун колдоп же жерүү менин милдетим эмес”, - дейт ал. “Балалуу болобу-жокпу, аны өз алдынча чечүү адам укугуна кирет. Мен жашап жаткан жаш балдар коопсуз планета менен коомго ээ болгон дүйнө үчүн эмгектенем”.
“Биз өзгөртө алган нерселерге аракеттерибизди багытташыбыз керек”, - дейт ал.
Жашоосунун үчтөн бирин таштанды чыгарбай жашаган адам катары Лаурен балалуу болуп-болбоо жөнүндө бир чечимге келе элек.
“Бала багып алуу жөнүндө ойлонгом. Оюмча, сонун болмок. Бирок, өзүмдүн балалуу болушум жөнүндө чече элекмин”, - дейт ал.
Туруктуулук жөнүндөгү башка чечимдердей эле ал өзүнө балалуу болуу “таза ишке ашабы?” деп суроо салат.
“Планета үчүн жалпысынан пайдасы тиеби? Мага караганда көбүрөөк жашаган жана жакшыраак дүйнө курууну улантууга аракет кылган бул балага баалуулукту өткөрүп бере аламбы?” (EA)












