Кыздыкпы же сексуалдык дебютпу?

Жесс Стенифорт

Кыздык темасы

Сүрөттүн булагы, Taylor Oakes

“Кыздык” түшүнүгү эскирип, такыр жарактан чыгып калдыбы? Айрым эксперттердин айтымында, биз өзүбүздүн эрте башталган сексуалдык мамилебиз жөнүндө сөз кылуу үчүн реалдуу альтернативаны иштеп чыгышыбыз керек.

“Кыздык” түшүнүгүндө көйгөйлөр бар. 

Феминисттердин оюнча, кыздыкты аялдарга “берилген” же алардан “тартылып алынган” сексуалдык кенч, белек же болбосо азем катары көрүшөт. Сексуалдык билим берүүчүлөр болсо кыздык боюнча салттуу ойлор көптөгөн адамдардын жакын жана жылуу мамилелерин чагылдырууда жетишсиз экенин айтышат. Ал эми бир жыныстуу мамилелерди колдогон активисттердин айтымында, кыздык түшүнүгү көптөгөн гетеросексуалдык эмес мамилелерге мүнөздүү эмес.

Көпчүлүк бул идеянын көйгөйлүү экенине макул болушу ыктымал, бирок колдонууга жарактуу реалдуу альтернативаларды сунуштагандар өтө аз. Былтыр Канаданын Торонто жергесинен өзүн “сексуалдык эркиндик философу” деп сүрөттөгөн Никол Хожес кыздык түшүнүгүн четке кага баштаган.

Ал “кыздыктын” ордуна “сексуалдык дебют” сөз айкашын колдонууну сунуштаган. Анын айтымында, адамдар бул идеянын андан ары өнүктүрүүнү өтүнүшкөн.

Ошентип Хожес кыздыкка альтернатива катары сексуалдык дебютту жайылтуу үчүн өнөктүк баштаган. Ал Instagram менен Twitter платформаларында бул тема боюнча популярдуу постторго көз салып, бул өзгөрүү тууралуу худилерди (спортивка) чыгара баштаган. Өнөктүктүн кийинки баскычында ал сексуалдык дебют түшүнүгү тууралуу адамдар менен видео маектерди тартып чыгарган.

Ушул күнгө чейин социалдык медиадагы адамдардын реакциясы Хожес эрте жыныстык катнаш боюнча башкача талкуу жүргүзө аларын көрсөтүп турат. “Сексуалдык дебютка” сын көз караш менен карагандар болсо да, көпчүлүк жооптордон аны колдоп-кубаттагандарды байкоого болот.

Хожестин эмгегин бөлүшүп же колдогондордун көпчүлүгү үчүн кыздык түшүнүгү көп деле маанилүү болгон эмес. Ал эми сексуалдык дебют деген түшүнүк аларга жаңы өңүттү ачып берген. Алар сексуалдык мамиледе өздөрүн жана башкаларды өз алдынча индивид катары көрө алган.

Хожестин аныктамасына ылайык, сексуалдык дебют - эрте башталган сексуалдык мамиленин жөнөкөйүрөөк жана түз түшүндүрмөсү болуп саналат. Хожес бул түшүнүк инклюзивдүүрөөк жана кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп үмүттөнөт.

Сексуалдык дебют

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттердин айтымында, кыздык тууралуу салттуу көз караштар бүгүнкү күндөгү көпчүлүк жаштардын ою менен дал келбейт

“Сексуалдык дебют” качан пайда болгон?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Термин катары сексуалдык дебют көп жылдардан бери бар. Башында сексуалдык дебют клиникалык термин болчу. Мааниси “кыздыкты жоготуу” дегенди билдиргенин айтат Лаура Карпентер. Ал АКШнын Теннесси жергесиндеги Вандербилт университетинде социология багытында профессор. Карпентер “Кыздыкты жоготуу” китебинин жана бул тема боюнча башка көптөгөн илимий макалалардын автору.

“Сексуалдык дебют өткөн кылымдын 70-80-жылдардагы академикалык эмгектерде колдонулган. Ал учурда өспүрүмдөрдүн арасындагы бойго бүтүү жана жыныстын жактан жуккан инфекциялар жөнүндө сөз болчу”, - дейт Карпентер.

“Аялдардын алгачкы сексуалдык катнашын туюнткан эвфемизм катары колдонулган. Ал убакта илимий эмгектерде “кыздыгын жоготуу” деп айтылган болушу мүмкүн, бирок менин оюмча, “сексуалдык дебют” арылуу дегенди билдирсе керек эле. 80 жана 90-жылдары бул термин “алгачкы жыныстык катнашка” айланган. Ушинтип ачык эле айтылган, анткени ал тагыраак аныктама”.

Түшүнүктөргө аныктама берүү Карпентер үчүн маанилүү. Ал “секс” сыяктуу терминдердин маанилери өзгөргөнүн жазып жүргөн. Карпентер өз эмгектеринде кыздык жана кыздыкты жоготуу түшүнүктөрүн ачык-даана колдонгонун айтат. Анткени, аталган мамилени адамдар кайсы сөз менен сүрөттөгөнүн белгилегиси келген.

Хожестин айтымында, сексуалдык дебют адамдын жашоосунда көп жолу кайталана турган кубулуш. “Бул кыздыктын ордуна жаңы түшүнүк киргизүү дегендик эмес. Бул кыздык деген түшүнүк жок нерсе дегендик, себеби адамдын сексуалдык саякаты эч качан бүтпөйт”, - дейт Хожес.

“Бир кыз же аял катары башка бир аялды өпкөн кезде дене боюң дүркүрөп, ичиңде бир нерсе ойгонгон учур болушу мүмкүн — бул сексуалдык дебют. Ал жашооңдогу көз ирмемдердин бири гана. Ал адам катары өзүңдү түшүнүп жетүүдөгү терең өзгөрүү. Сексуалдык дебют көп жолу, ар кандай жолдор менен, ар башка куракта боло турчу нерсе катары кабыл алынганда - “биринчи жолу” деген жүк жеңилдейт.

Жыныстык дебют

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хожес сексуалдык дебют инклюзивдүүрөөк жана кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп үмүттөнөт

Өтө эле жөнөкөйбү?

Хожестин өнөктүгү социалдык медиада кеңири жайылып кеткенде калифорниялык сексуалдык билим берүүчү Жулия Фелдман-Декудронун бир нерсеге ичи чыкпай калган.

“Альтернативдүү терминди карап жаткан соң анын аябай жаңылыш түшүнүк экенин эске салып кетким келет”, - дейт Фелдман-Декудро.

Хожестин сексуалдык дебют боюнча аныктамасын адамдардын жаңы башталыштарынын бири деп кабыл алганда деле, анын оюнча, сексуалдык мамилелерди талкуулоо үчүн тилде калыптанып калган структуралык жаңылыштыктар калып калууда.

“Кыздык же сексуалдык дебют сыяктуу терминди колдонгондо, бир адамдын башка адам менен болгон жакын-жылуу мамилесине аныктама бересиң. Бир адамдын жыныстык мамилесине жана иденттүүлүгүнө аныктама берүү үчүн өнөктөштөрдүн катнашы болушу керек. Эгерде биз ошондой аныктама берип жаткан болсок, анда көп адамдардын башын айлантып, көңүлүн түшүрүп жатабыз. Анын логикалык уландысына — адамдын жыныстык жактан ырахат ала алышы же канааттанышы — дагы кимдир бирөө салым кошушу керек болот”, - деп түшүндүрөт Фелдман-Декудро.

Бирок ал Хожестин “кыздык түшүнүгү ар кандай себептерден улам көйгөйлүү” деген көз карашына макул.

“Биз кыздыкты көйгөйлүү түшүнүк катары кабыл алып, андан ары жыла беришибиз керек. Көйгөй биздин сексуалдык мамилебиздин башаты бар деген түшүнүктө. Бир убакта эле ал чыныгы нерсеге айланып чыга келгендей. Бул башка сезимдердин баркын жана баасын түшүрөт. Жашообуздун калган бөлүгү эмне? Башка алган ырахаттарыбызчы? Көзүбүздү ачкан башка тажрыйбалар көз жаздымда калып кете береби? Аларды да эске алышыбыз керекпи?” - деп суроо салат Фелдман-Декудро.

Кеп “бир эле көз ирмемде” эмес

Карпентердин айтымында, ар кайсы коомдо алгачкы окуяларды эске тутуп калуу адаты бар. Мисалы, биринчи наристенин төрөлгөнүн, баланын мектепке биринчи барган күнүн, ж.б. Алгачкы сексуалдык катнаш дагы социалдык жактан маанилүү окуялардын бири катары кабыл алынышы мүмкүн. Бирок, Карпентердин айтымында, сексуалдык мамиле тууралуу биздин түшүнүгүбүз кеңейип отуруп, кыздык түшүнүгүнүн бырчалануусуна жол ачышы ыктымал.

Карпентер Хожес менен Фелдман-Декудронун айтканында жүйө бар дейт. Себеби, коом өзгөрүп, мурда универсалдык чындык катары туюлган нерселерге адамдар азыраак көңүл бурганды үйрөнүп алышы мүмкүн. (EA)

Макала айрым кыскартуулар менен которулду. Макаланын түп нускасын BBC Worklife сайтынан окуңуз.