Британ окуучулары секс жөнүндө билим алат

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
Британ өкмөтү мектеп окуучуларын жыныстык байланыштын негиздерин окутууга кеңеш берген көрсөтмө чыгарды. Ага ылайык 11 жаштан кийинки окуучуларга “жыныстык катнашка качан макул болуу керек” дегендей темалар окутулат.
Мындай кадам жыныстык катнаш жана ич ара мамилелер боюнча сабак бардык мектеп курактагыларына милдеттүү түрдө өтүлүшү керек деген сунуш парламенттик билдирүүдө жарыялангандан кийин жасалууда. Би-Би-Синин үй-бүлө жана коом маселелери боюнча кабарчысы Жон Макманус жаныстык катнаш боюнча эртелей тарбия аркылуу өкмөт эмнеге жеткиси келип жатат? – деген суроону иликтеди.
Британ коомунда жыныстык байланыштар маселеси ырбап турган учур. Теле экрандарда, жарнамаларда, атүгүл мектептерде да секс жөнүндө сүрөт, видеолорду көрүүгө болот. Бул өлкөдө порнографияга расмий түрдө тыюу салынган. Бирок ал интернет аркылуу оңой эле табылат.

Британиядагы сексуализациянын бир белгиси – жашы жетелек кыздардын боюна бүтүп калуу көрсөткүчү. Британияда акыркы жылдары эртелей боюна бүтүп калган кыздардын саны азайып баратат. Маселен, азыркы учурда бул көрүнүш 1969-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүчтө.
Бирок, соңку иликтөөлөргө таянсак, Европа биримдигине кирген өлкөлөр арасында бул өлкө жашы жетелек кыздардын боюна бүтүшү боюнча төртчүнчү орунда келатат.
Балдардын кайырымдуулук уюмдары кандай болгон учурда да, өкмөттүн мектептерде жыныстык катнаш боюнча сабактарды өтүү аракеттери бул маселени жумшартууга жардам берет деп эсептешет.
Кооптуу учурлар
Билим берүү министри Никки Моргандын айтымында, секс темасына келгенде балдар катуу кысым алдында калышат. Аларга кооптуу учурларда жардам керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
«Биз кыздарыбыздын билимин гана жогорулатпастан, аларды Улуу Британиянын заманбап жашоосуна да даярдашыбыз керек», - дейт ал жергиликтүү гезиттерге берген интервьюсунда.
Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, 16 жашка чыкканга чейин жыныстык катнашка барууга тыюу салынган. Бирок, ошого карабастан, мектеп жашындагы балдарга жыныстык мамиле түзүү жолдорун үйрөтүү керек деген пикирлер үстөмдүк кылат.
Негизинен эки кооптуу жагдай бар. Биринчиси, өспүрүмдөрдүн арасындагы жөнөкөй эле романтикалык мамилелер жыныстык канташка өтүп кетиши ыктымал. Анткени, жаш адамдардын табияты ошондой. Бири-бирине катуу тартылат, бирок, жыныстык байланышка даяр болбойт.
Экинчиден, жашы жетелек кыздарды сексуалдык жактан колдонуу маселеси курч. Айталы, өспүрүм кыздарга сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөн бир катар фактылар боюнча изилдөө жүргөн. Сурамжылоого алынган чоң кишилер көпчүлүк кыздар сексуалдык катнаштын курмандыгы болгонун өздөрү дагы байкабай калат деп айтышкан.

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
Британияда чоң кишилер жаш кыздарды жыныстык байланышка алдоо жолу менен тарткан фактылар катталган. Анда өспүрүм кыздарды алгач белек-бечкек менен өздөрүнө имеришет. Андан соң “биз доспуз” деген шылтоо менен жыныстык байланышка көндүрүшөт.
Мектеп жашындагыларга жыныстык байланыш тууралуу сабак өтүүнү жактаган тараптар өкмөт мындай тарбиялык сааттарды милдеттүү түрдө окуу процессине киргизиши керек деп эсептешет.
Азыркы учурда эгер ата-энелер мындай сабактар диний баалуулуктарга жана адеп-ахлакка каршы келет деп эсептесе, анда балдарын жибербей коюуга укугу бар.
Кыргызстанда жыныстык билим берүүгө кандай карашат?
Кыргызстанда мындан бир нече жыл мурда мектеп окуучуларына жыныстык байланыш жөнүндө маалымат берген "Сергек жашоо" аттуу китеп нааразылыктарды пайда кылып, тарбиялык сааттан алынып салынган. Айрыкча, диний өкүлдөр мындай сабактар балдардын адеп-ахлагын бузат деп каршылык билдирген эле.
Ал эми Британ өкмөтүнүн мектептерге жыныстык мамиле жөнүндө сабак киргизип жатканын Кыргызстандагы дин өкүлдөрү кандай карайт?

Диний эксперт, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов балдарга бул багытта чыны менен эле билим берилиши керек деп эсептейт. Бирок, ал диний эрежелерге дал келгидей болушу шарт деп айтууда Би-Би-Сиге берген интервьюсунда.
«Бул тууралуу мусулманчылыкта кеңири айтылган. Балдарга атасы, кыздарга энеси, андан сырткары бир жыныстагы адамдар – кыздарга аялдар, балдарга эркектер билим бериши керек. Батышта көбүнчө кыздарга коопсуз сексти үйрөткөн, кантип боюна бүтүрбөй коюуга болот дегендей нерселерди түшүндүрүп олтуруп, жыныстык мамилелерге шыктандырып коюу коркунучу болуп жатпайбы. Бул туура эмес.
Шариат боюнча, жыныстык мамиле бойго жеткенде, үй-бүлөлүү болгондо никеден кийин гана болушу керек. Никелешүүдөн киийнки жыныстык мамилелердин тартиптери, адеби жөнүндө сабак өтүлсө болот» , - дейт Чубак ажы.








