Нипах вирусунан улам Азия өлкөлөрүндө Индиядан келгендерге текшерүү күчөдү

Тайские медицинские работники в защитных масках, проверяющие пассажиров международных рейсов, которые прибывают в аэропорт Суварнабхуми, провинция Самутпракан, Таиланд, 25 января 2026 года

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си Орус кызматы

Адам өлүмүнө алып келе турган Нипах вирусунан улам Азия өлкөлөрүндө Индиядан келгиндерге текшерүү күчөдү. Индиянын Батыш Бенгалия штатында адам өмүрүнө коркунуч жараткан Нипах вирусунун очогу катталды. Вирустун жайылып кетишинин алдын алуу үчүн Азиянын айрым өлкөлөрү Индиядан келген жарандарга текшерүүсүн күчөтүп жатат.

Таиланд Батыш Бенгалиядан учуп келген жүргүнчүлөрдү үч аэпортто текшерип жатат. Непал Катмандудагы аэпортто эле эмес, Индия менен чектешкен чек ара бекеттери аркылуу өлкөгө киргендерди да текшерип жатат.

Кыргыз, казак, өзбек бийликтери да чек арада медициналык көзөмөлүн күчөттү.

Январдын башында Батыш Бенгалияда беш медициналык кызматкер бул вирусту жуктуруп алышып, алардын биринин абалы оорлоп кетти. Алар менен байланышта болгон 110 адам карантинге алынды.

Бул вирус жаныбарлардан адамдарга жугушу мүмкүн. Бул илдеттин вакцинасы же айыктыруучу дарысы жок болгондуктан, андан каза болуу мүмкүнчүлүгү жогору, 40%дан 75% чейин жетет.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан көзөмөлүн күчөттү

Шейшембиде 24.kg маалымат агенттиги Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип, өлкөдө Нипахтын бир да учуру катталбаганын тактаган.

"Паникага алдырууга себеп жок. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо системасы кандай гана потенциалдуу эпидмологиялык коркунуч болбосун ыкчам жооп берүүгө даяр" - деген министрлик. Мекеме "инфекциянын өлкөгө алынып кирилишинин алдын алуу үчүн" чек арада санитардык көзөмөл күчөтүлгөнүн да айткан.

Өзбекстандагы бийлик дагы бул вирус аларда каттала электигин айтып, чек арада көзөмөл күчөгөнүн билдирип жатат. Алар "бул оорунун өлкөгө киришинин мүмкүнчүлүгү төмөн" экенин айтып жатышат.

Буга чейин казак бийлиги да чек арасында "Индия жана Түштүк-Чыгыш-Азиядан жана Индиядан келгендерге карата " санитардык дана карантиндик көзөмөлү катаалданганын кабарлаган.

Нипах эмне деген вирус жана анын кандай симптомдору бар?

Аталган вирус адамдарга жаныбарлардан жугушу мүмкүн. Мисалы, чочколордон же жарганаттардан. Мындан тышкары, ал тамак-аш аркылуу да адамдан адамга жуга алат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Нипахты эпидемиялык тобокелчилигинен улам Covid-19 жана Зика вирусундай абдан коркунучтуу оорулардын ондугуна киргизди.

Нипах вирусунун инкубациялык убактысы төрт күндөн 14 күнгө чейин созулат.

Анын ар кандай симптомдору болушу мүмкүн, айрым учурда оору такыр эле белги бербейт.

Вирустун алгачкы белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуңдардын ооруксунушу, көңүл айлануу, тамак оору кирет. Айрым адамдарды уйку басып, мээси чаташкандай болуп, пневмония да болушат.

Оору оор формада өтсө энцефалит - мээ шишигине алып келчү оору да пайда болот.

Бүгүнкү күндө Нипахты дарылоочу дары-дармек же вакцина жок.

Буга чейин Нипахтын очогу кайсы жерде катталган?

Нипах вирусунун биринчи очогу 1998-жылы Малайзиядагы чочко фермаларында катталган. Андан кийин ал коңшу Сингапурда катталган. Вирустун аты ал биринчи жолу катталган кыштактын ысымынан коюлган.

Вирустун биринчи очогу орун алганда 100дөн ашык адам каза таап, ооруну ооздукташ үчүн миллиондой чочко жок кылынган. Вирус фермер жана малчыларды ошентип чоң чыгымга учураткан.

Соңку жылдары бул вирустан Бангладеш көп жабыр тартты. 2001-жылдан бери мында 100дөн ашык адам бул оорудан каза тапты.

Индияда бул вирус Батыш Бенгалияда 2001 жана 2007-жылдары баш көтөргөн.

Соңку жылдары Нипах вирусунан Керала аттуу Индиядагы штат жабыркады. 2018-жылы мында 19 адам бул вирус менен катталып, анын 17си каза тапкан. 2023-жылы алты киши бул илдетке кабылып, анын экөө каза тапкан.

Азыр абал кандай?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Батыш Бенгалияда өткөн жумада вирус кеминде беш адамда катталды, алардын баары Барасат шаарындагы жеке менчик оорукана менен байланыштуу болуп жатат.

Эки медайым реанимацияга жатып калды, бирөөнүн абалы "абдан оор" деп бааланып жатканын жергиликтүү ММКлар штаттын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып билдирип жатышат.

Жекшемби күнү Таиланд Батыш Бенгалиядан учуп келгендерди Бангкок жана Пхукет эл аралык аба майдандарында текшере баштады. Жүргүнчүлөр саламаттыгы тууралуу анкета толтуруп жатышат.

Таиланддын Улуттук парктар жана жапайы жаратылыш боюнча башкармалыгы популярдуу болгон туристтик жайларда көзөмөлүн күчөттү.

Ооруларды көзөмөлдөө боюнча департаменттин өкүлү Журай Вонгсвасди Би-Би-Си-ге бийликтегилер Таиландда оорунун алдын алууга болоруна "жапысынан ишенимдүү" экенин айтып берди.

Ал арада Тайваньдын саламаттыкты сактоо органдары Нипах вирусун "бешинчи категориядагы ооруладардын" тизмесине киргизүүнү сунуштап чыгышты.

Бул аралда иштеген системага ылайык, мындай категориядагы ооруларга коомдук саламаттыкка олуттуу коркунуч жараткан жаңы жана сейрек инфекциялар кирет жана алар өзгөчө чараларды талап кылат.