Трамп өкмөт Преттинин өлүмүнөн кийинки Миннесотадагы "чыңалууну азайтарын" билдирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Кайла Эпштейн
Президент Дональд Трамп Миннесота штатында федералдык иммиграция кызматкерлери тарабынан АКШнын эки жараны атып өлтүрүлгөндөн кийин пайда болгон чыңалууну анын администрациясы "кичине жумшартарын" билдирди.
"Кыскасы, жамаш иш болду, эки өлүм тең аябай жаман болду", - деди ал шейшемби күнү Fox Newsке берген маегинде.
Январдын биринчи күндөрү иммиграциялык офицер Рене Гууд аттуу аялды атып алып, өткөн дем алыштарда чек арачы агенттердин колунан Алекс Претти аттуу дагы бир жаран каза тапты.
Преттинин өлүмү жеринде каршылык акцияларын кайрадан тутантып, өлкө боюнча катуу нааразылыктарга алып келди, ошондой эле эки партиянын мыйзам чыгаруучуларынын сынына кабылды. Трамптын бул билдирүүсү анын администрациясынын Миннесотадагы операцияларынан бир кадам артка чегинип жатышынын соңку белгиси болду.
Шейшемби күнү кечинде, Айова штатындагы митингдин алдында, башка журналисттер менен сүйлөшүп жатып, Трамп ардагерлер ооруканасынын реанимация бөлүмүндө иштеген медициналык кызматкер Преттинин өлтүрүлүшүн "абдан өкүнүчтүү окуя" деп атады.
Журналисттер Трампттан ал Преттини "ички террорист" деп мүнөздөөгө макулбу деп сурашканда, "Мен андайды уккан эмесмин»", - деп жооп берди
Андан кийин президент: "Ал курал көтөрүп жүрбөшү керек эле", - деп кошумчалады.
Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм, атып өлтүрүүдөн көп өтпөй, Претти "ал жерде тынч нааразылык билдирүү үчүн келген эмес, ал зомбулукту күчөтүү үчүн келген" деп, маркумду "ички терроризм" үчүн айыптаган эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ички коопсуздук департаменти (DHS) дагы агенттер Претти алардын куралсыздандыруу аракеттерине каршылык көрсөткөндөн кийин, өздөрүн коргоо үчүн ок чыгарганын билдирген.
Ноэм Претти тирешүү маалында куралын "коркутуп көрсөткөнү" үчүн ок жегенин айтууда. Бирок күбөлөр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал көтөрүп жүргөн курал расмий катталганын, Преттиден тапанча тартылып алынгандан кийин ага ок чыгарылганын айтып келишет.
АКШнын Бажы жана чек араны коргоо кызматы (CBP) даярдаган алдын ала баяндамада айтылгандар Ички коопсуздук департаментинин окуянын чоо-жайын түшүндүргөн алгачкы версиядан айырмаланат. Анда эки агент Преттиге ок атканы айтылат.
BBCнин АКШдагы өнөктөшү CBS News көргөн отчеттун көчүрмөсүндө Претти куралына жетүүгө аракет кылганы тууралуу маалымат жок.
Дүйшөмбү күнү Ички коопсуздук департаменти Миннесотадагы миссиясынын жетекчиси, Чек ара күзөт кызматынын өкүлү Грегори Бовинону штаттан чакыртып алды. Департамент анын ордуна Ак үйдүн "чек ара боюнча атайын өкүлү" Том Хоманды штатка жиберерин билдирди.
Хоман шейшемби күнү социалдык медиада Миннесота губернатору Тим Уолз, Миннеаполис шаарынын мэри Жейкоб Фрей жана жергиликтүү укук коргоо органдары менен жолукканын жазды.
37 жаштагы Рене Гуддун өлүмүнөн эки жума өткөндөн кийин орун алган Преттинин өлүмү жергиликтүү тургундардын кыжырын келтирип, штат жана шаар бийликтери Трамп администрациясынан аймактан 3 000 чакты иммиграция агентин жана офицерин аймактан чыгарып кетүүнү кайрадан талап кылышты.
Fox Newsке берген маегинде Трамп Миннесотадагы операцияны коргогондой болуп, "биз штаттан миңдеген кооптуу кылмышкерлерди" алып чыктык, ошондуктан "алардын кылмыш көрсөткүчтөрү жакшы", - деди.
"Азыр ал жакта Том Хоман бар, баары иштеп жатат", - деп кошумчалады Трамп, ага чейин ал анын администрациясы "чыңалууну азайтат" деген.
Ак үйдүн жогорку даражадагы кеңешчиси, администрацияда депортация демилгеси менен иштеген Стивен Миллер CNNге маек берип, анда Ак үй Ички коопсуздук департаментине Миннесотага коопсуздук камсыздоо үчүн жөнөтүлгөн кошумча кызматкерлер качкындарды издөө оперецияларына колдонулушу керектигин так көрсөтмө кылганын билдирген. Алар кармап камоо тобу менен мыйзамды бузгусу келгендер ортосунда физикалык тоскоолдук болору айтылган.
"Биз Чек ара жана бажы кызматтарынын командасы эмне үчүн бул протоколду сактабаганын иликтеп жатабыз", - деди Миллер.
Айрым республикачыл лидерлер жана мыйзам чыгаруучулар, анын ичинде Вермонт штатынын губернатору Фил Скотт жана Небраска штатынын сенатору Пит Рикеттс Преттинин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырышты.
"Өлкө бул дем алыш күндөрү үрөй учурган окуяга күбө болду", - деп жазды Рикеттс X платформасында. Ал ICE-ти каржылоо тууралуу анын колдоосу өзгөрбөгөнүн айтып, бирок бул окуя боюнча "приоритеттүү жана ачык-айкын иликтөөнү" күтөрүн айтты.
Федералдык сот Ички коопсуздук департаментине далилдерди жок кылууга же өзгөртүүгө тыюу салды.
Шейшемби күнү кечинде Айовада, негизинен экономикалык саясатка арналган, митингде, Трамп Миннесотадагы кырдаалды кеңири талкуулаган жок. Бирок иммиграцияга каршы катаал саясатын жалпылап алганда жактап, декабрдагы Harvard Harris сурамжылоосуна таянып, америкалыктардын 80% кылмыш жасаган мыйзамсыз иммигранттарды депортациялоо аракеттерин колдой турганын айтты.










