Газада барымтадагы акыркы туткундун сөөгү табылды. Израиль Рафахта өткөрмө бекетин ачууга макул болду

Сүрөттүн булагы, Bring Them Home Now/Handout via REUTERS
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
Израил аскерлери ХАМАСтын барымтасындагы акыркы туткундун сөөгү табылганын кабарлашты.
Израилдик улуу сержант Ран Гвилини издөөө иштери ХАМАС менен тынчтык келишими күчүнө кирген октябрдан тарта башталган эле.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Гвилинин кайтарылышын чоң жетишкендик деп атады.
ХАМАС октябрда эле тынчтык келишими башталгандан тарта, 72 саат ичинде бардык туткундагыларды, тирүүбү же өлтүрүлгөнбү, айырмасы жок кайтарышы керек эле.
Бирок анда Израилге 20 туткун жана 27 каза болгон израилдиктин жана чет элдиктердин сөөгү кайтарылган. Бирок алардын арасында Гвили болгон эмес.
Соңку бир нече жумаларда ХАМАС израилдиктин сөөгү табылбай жатканын айтып келишкен.
Израилдик аскерлердин маалыматы боюнча, Гвили каза болгондо болгону 24 жашта болгон, ал Алумим кибуцуна ХАМАС 2023-жылы 7-октябрда кол салганда каза болуп, согушчандар анын жансыз денесин кийин Газага алып кирип кетишкен.
Израилге бардык туткундар өткөрүлүп берилди, бул - Израиль менен ХАМАС эми АКШ президенти Дональд Трамп иштеп чыккан Газадагы тынчтык планынын экинчи этабына өтүшөт дегенди билдирет.
Тынчтык планынын жаңы этабы ок чыгаруунун токтотуудан эми секторду толугу менен бейаскерлештирүүгө өтүүнү карайт. Ал планга ылайык, ХАМАС, палестинадагы башка топтор жана өткөөл мезгилде Газаны башкарган уюмдар толугу менен куралсыздандырылат.
Экинчи этап расмий түрдө январдын ортосунда башталган, Израиль Гвилинин сөөгү табыла элек деп анын ишке ашышына каршылык көрсөтүп келген эле, демек тынчтык планынын жаңы фазасына өтүүнүн бардык шарттары аткарылган эмес.
Израиль "Рафахтагы чектелген өткөрмө-бекеттин ачылышына макул болду"
Израил Гвилинин сөөгү кайтарылгандан кийин Газа менен Египет чектешкен жерде маанилүү өткөрмө-бекет ачыларын билдирди.
Рафах өткөрмөсү 2024-жылы майда жабылган. Ал тынчтык планынын биринчи этабында - Израиль менен ХАМАС ок атышууну токтоткон октябрда эле ачылат деп күтүлгөн. Бирок Израиль Гвилинин сөөгү табылмайын өткөрмө пункт жабык тейден калат деп көшөрүп келген.
Жекшемби күнү израилдик аскерлер Газанын түндүгүндө Гвилинин сөөгүн издөө иштери жанданганын жар салышкан. ХАМАСтын "Изз ад-Дин аль-Кассам" аттуу аскердик канаты да жекшемби күнү билдирүү жасап, ортомчулар аркылуу Израилге Гвилинин сөөгү кайда экени тууралуу маалыматты өткөрүп беришкенин айткан.

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жекшемби күнү кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун канцеляриясы Израиль, "Рафахта чектелген тартипте өткөрмө-бекетин ачууга макул экенин" жар салды. Израиль бийликтери өткөрмө-бекет жөө жүргөндөр үчүн гана ачыларын жана ал Израиль тараптан толук көзөмөлдөнөрүн түшүндүрүштү.
Декабрдын башында израиль өкмөтү палестиналыктар Газаны таштап кетүүсү үчүн Рафахтагы бекет "жакынкы күндөрү" ачыларын убадалаган. Бирок Египеттин бийликтери өткөрмө бекет эгер эки жакка бирдей кыймыл камсыздалганда гана ачыларын айткан. Египет өткөрмө-бекет ушундай тартипте иш алып барганда гана Газадан чыга качкан миңдеген палестиналыктар үйлөрүнө кайтып келе алышат деген болчу.
Ишемби күнү АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер баштаган америкалык делегация Израилдин премьер-министри менен жолуккан. Тараптар Газа боюнча тынчтык планынын экинчи этабын ишке ашыруунун чоо-жайын талкуулашкан. Уиткофф жолугушуу "конструктивдүү жана позитивдүү" болгонун айткан.
Экинчи этап Газада жаңы технократтык палестина өкмөтүн түзүүнү карайт, ал мамлекеттик кызматтарды башкарып, аймакты толугу менен бейаскерлештирет.











