Жапаровдун бийликтеги беш жылы: Саясий тандем сыноодон өттүбү?

Президент

Сүрөттүн булагы, Official

    • Author, Венера Осмокеева
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Садыр Жапаровдун бийликке келгенине беш жыл болду. Ал 2020-жылдагы саясий кризистен кийин мамлекеттин башына келип, адилеттүү башкарууну, коррупция менен күрөшүүнү жана экономика үчүн эбегейсиз секирикти убада кылган. Коомчулук да ошол мезгилде бийликтен олуттуу өзгөрүүлөрдү күткөн. Беш жыл өткөн соң бул убадалар канчалык деңгээлде ишке ашты? Баштапкы күтүүлөр менен учурдагы реалдуулук кандай?

"Оппозицияны жок кылып таштады"

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров алгач өлкөдөгү башкаруу моделин өзгөртүүгө киришти. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. Ошентип Кыргызстан парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга багыт алды. Натыйжада бийликтин негизги ыйгарым укуктары президенттин колуна топтолду.

Убагында айрымдар бул өзгөрүүнү кубаттап, "жоопкерчиликтин бир адамга жүктөлгөнү туура" деп баалашкан. Ошол эле учурда бийликтин борборлошуусу демократиялык принциптерге доо кетириши мүмкүн экенин эскертип, "Кыргызстан көп өтпөй Түркмөнстанга айланат" деген сындар да болгон.

Сынчылар беш жыл аралыгында өлкөдө саясий атаандаштык алсырап, оппозициянын таасири азайганын белгилешет. Алар парламенттин ролу чектелип, саясий талаада альтернативдүү оюнчулар дээрлик көрүнбөй калды дешет:

"Беш жылдын ичинде оппозициянын баарын жок кылып таштады. Көрүнүп эле турат го. Бары эле сиз-биз деп кошомат кыла бербейт да. Анча-мынча сын айткандарды деле алып барып камап салып жатпайбы. Бир аз каршы сөз айткандарга карата "эл бузар" деген көз караш калыптанды. Президенттен тартып, министрлерге чейин өзүм билемдик нормалдуу көрүнүш болуп калды. Биздин тарыхта мындай нерсе 1937-жылдары болгон. Бийликке каршы сүйлөдү деп соттун чечиминде жазылып турат. Бул эмне деген аша чапкандык? Беш жылдын ичинде жакшы иштер да болду, бирок кемчиликтер көп. Айрым саясатчыларды болбогон, негизсиз нерсе үчүн жоопко тартып жатышат. Беш жыл мурун, абактан чыкканда, "мындан ары бир дагы киши пикир үчүн жоопко тартылбайт" деген ушул кишинин убадасы беле? Аткарылдыбы?",- деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Би-Би-Сиге.

Жапаровдун беш жылдык башкаруу маалында бир катар саясатчылар, жарандык активисттер жана журналисттер кармалды. Кайсы бири тергөө абагына бир нече ай отуруп чыкса, бир нече адам темир тор артында кала берүүдө.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана айрым элчиликтер бул окуялар боюнча биринен сала экинчиси тынчсыздануусун билдирип жатты.

Расмий Бишкек болсо Кыргызстанда адам укуктары ар дайым корголуп келгенин жана корголо турганын айтып, мындай чакырыктарды ички саясатка кийлигишүү катары баалап жатты.

"Демократия, демократия десе эле демократияны чуулгандуу иштерге, көтөрүлүштөргө колдонбош керек да. Калп нерсени чындай кылып таратса, эл ишене берет да. Мына ушундайлар да бар арасында. Митингдерге такыр тыюу салган эмеспиз. Горький аянтына барып, суткалап жатып алып, эмнени айтсаңар, айта берсеңер болот берет. Бирок болгону жалган айтпагыла", - деген президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягындагы курултайдагы сөзүндө.

Экономикадагы өзгөрүүлөр

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Деген менен Садыр Жапаровдун беш жылдык башкаруу учурундагы өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө оң баа бергендер арбын. Расмий Бишкек соңку жылдары Кыргызстан экономикасы мурда болуп көрбөгөндөй ылдам темп менен өсүп жатканын байма-бай белгилеп келет.

Бийликтин маалыматына ылайык, 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,7 млрд сомду түзсө, 2025-жылга карата бул көрсөткүч 1 триллион сомдон ашты.

Өкмөт муну салык жыйноонун, бажы тармагынын ишинин жакшырганы, көмүскө экономика жана коррупция менен күрөштүн натыйжасы деп түшүндүрүүдө.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын соңуна карата ички дүң продукция киши башына 2513 долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 86 пайызга өскөн. 2025-жылдын жыйынтыгы менен бул сан дагы жогорулап, 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров курултайда экономикалык көрсөткүчтөргө да токтолгон.

"Соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9,8 пайызды түздү. Быйыл да экономикалык активдүүлүк жогору бойдон сакталды. 2025-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүшү 10,2 пайызга жетип, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү. Эл аралык валюталык фонддун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдынкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бул биздин экономикалык саясатыбыздын натыйжалуулугун, улуттук стратегиянын туура экендигинин, элибиздин тынымсыз эмгегинин айкын далили. Мындай динамикалык өсүш өлкөнүн каржылык негизинин бекемделип жатканын жана жүргүзүлгөн реформалардын тууралыгын көрсөтүүдө. Дүйнөдөгү белгилүү жана алдынкы рейтингдик агенттиктер тарабынан 2025-жылы Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтинги "Б+" деңгээлине көтөрүлдү, бул мамлекетибиздин эл аралык аброюн жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жасалган чоң кадам болду", - деген президент.

Жапаровдун экономикадагы эң резонанстуу чечимдеринин бири "Кумтөр" кенинин улутташтырылышы болду.

Ал бул кадамды тарыхый чечим катары сыпаттап, "Кумтөр" жылына орто эсеп менен 1 миллиард доллардын тегерегинде киреше берип жатканын айтып келет.

Муну менен катар көп жылдан бери айтылып, бирок ишке ашпай келген "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу башталды.

Аймактык энергетикалык коопсуздуктун негизи катары көрсөтүлүп жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, "Ала-Тоо резорт" туристтик комплекси сыяктуу ири долбоорлор жанданды.

Бул Жапаровдун беш жылдык башкаруу маалында бийликтин эң ири жана стратегиялык демилгеси болуп калды.

Ошол эле маалда экономикалык өсүштүн сапаты жана анын калктын күнүмдүк жашоосуна тийгизген таасири боюнча талаштар да арбын.

Айрым экономисттер бюджеттин өсүшү менен катар инфляция, социалдык теңсиздиктин күчөшү да байкалып жатканын белгилешет.

"Чындыгында, соңку жылдары экономикалык жылыштар болду. Инфраструктуралык долбоорлор алдыга жылып, ири курулуштар ишке ашууда. Бир катар чакан ГЭСтер салынды. Жалпысынан мамлекет экономикага мурдагыдан көбүрөөк каражат тарта баштады. Анын эсебинен жолдор оңдолуп, имараттар курулуп жатат. Ошол эле маалда кемчиликтер да жок эмес. Айрыкча инфляция жана кымбатчылык элге катуу сезилүүдө. Мамлекеттик ишканалар ачылып жатат жана бул жакшы көрүнүш. Бирок соңку жылдары мамлекеттик монополия күч алып, бул жеке секторду басып койду. Мисалы, мурда окуу китептерин жеке басмаканалар басып чыкчу. Азыр мамлекеттик басмакананын колуна өттү. Айдоочуларды окуткан мектептерде да ушундай эле көрүнүш. Жеке менчиктер жабылып, мамлекеттик гана система калды. Алкоголь продукциясын чыгарууда да мамлекеттик монополия пайда болду. Айтор, мамлекеттик монополия кулач жайды. Мунун оң жактары да бар. Экономика кыймылга келип, айрым тармактар өнүгүүдө. Бирок жеке сектор кантип өнүгөт деген суроо ачык бойдон калууда. Эгер жеке бизнеске болгон мындай мамиле улана берсе, бул келечекте экономиканын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондуктан монополизацияны чектеп, жеке менчик ишканаларды колдоо маселесин олуттуу кароо зарыл",- деди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

Тышкы саясат, чек ара, коррупция жана криминал

Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүндө Кыргызстандын тышкы саясаты кандай өзгөрүүлөргө дуушар болду?

Көп жылдан бери көйгөйгө айланган коңшулар менен чек ара такталып, чекит коюлду. Муну дипломатиялык чеберчиликтин бир мисалы катары баалагандар бар.

Адистердин айтымында, өлкө мурдагыдай жөн гана жардам сураган мамлекет катары эмес, өзүн активдүү регионалдык оюнчу катары көрсөтө баштады.

"Бул мезгил аралыгында бир катар мамлекеттерде Кыргызстандын элчиликтери ачылды. Мисалы, Италияда, Венгрияда, Каирде жана Эфиопияда. Көп векторлуу тышкы саясатты карманып жатат. Бул туура кадам. Европа Биримдиги, Кытай, АКШ, Орусия, Индия, Пакистан, Түркия жана Иран сыяктуу өлкөлөр менен алака активдүү жүрүп жатат. Постсоветтик өлкөлөр менен да кызматташууда ийгиликке жеттик. Эл аралык аренада Кыргызстан мурдагыдай жөн гана жардам сураган өлкө эмес, өзүн өнөктөш катары көрсөтө баштады. Мындан тышкары, биз жүргүзүп жаткан ар тармактуу өнүктүрүү пландары коңшуларыбызды жана эл аралык өнөктөштөрүбүздү шыктандыра баштады. Алар Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кабыл алып калды", - деди саясат талдоочу Зайнидин Курманов.

Кыргызстан Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арасын тактап жатканда айрым активисттер жана саясатчылар бийликтин кайсы бир маанилүү тилкелер боюнча чечимдерине нааразылыгын билдирген учурлар болду. Өзбекстан менен чек араны тактоо маалында "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жеринин өзбек тарапка берилишине каршы чыккан 25тен ашуун саясатчы жана активисттер кармалып, аларга "Массалык башаламандык" беренеси менен айып тагылды. Бир бөлүгүнүн соту алигиче уланып келе жатат.

Президент Садыр Жапаровдун бийлиги жана анын тарапташтары соңку беш жылдагы негизги жетишкендиктердин бири катары коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү көрсөтүп келишет.

Кыргызстанда мурда эң таасирдүү адамдардын бири делип, мыйзамдагы уулу атыккан Камчы Көлбаевдин жок кылышы өлкөдөгү кылмыш дүйнөсүнүн тамырын кыркууда маанилүү кадам катары сыпатталат.

Андан тышкары коррупцияга каршы күрөшүүнүн жыйынтыгында 2020-жылдан бери өлкө бюджетине 300 миллиард сом түшкөнү расмий булактарда көрсөтүлгөн.

Өзбекстандык саясат талдоочу Алишер Илхамов буга чейин Би-Би-Сиге берген маегинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн бири да, алардын арасында Кыргызстан мыйзам үстөмдүгү жана сот адилеттигинин көз карандысыздыгы багытында олуттуу ийгиликке жетише албаганын, коррупциянын көрсөткүчү дале жогору экенин белгилеген.

Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлине көз салган Transparency International уюмунун жылдык баяндамаларында да Кыргызстандын көрсөткүчүндө олуттуу өзгөрүү болгон жок. Өлкө постсоветтик чөлкөмдө жемкорлук дале кеңири жайылган мамлекеттердин катарында турат. Кыргыз бийлиги бул сыяктуу эл аралык рейтингдерди негизсиз деп четке кагып келет.

Жапаров жана Ташиев тандеми

Жапаров жана Ташиев

Сүрөттүн булагы, Official

Жапаровдун бийликтеги беш жылын анын негизги өнөктөшү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевсиз элестетүү мүмкүн эмес. Эки саясатчы бийликке келгенден кийин айрымдар алардын мамилесин саясий кызыкчылыктар менен байланыштырды.

Мурдагы эки президенттин достук мамилеси саясий сыноолорду көтөрө албай калганын эске алганда, Жапаров менен Ташиев ошол эле тагдырга туш болот дегендер болду.

Башкалары экөөнүн мамилесин чыныгы достук жана өз ара ишеним деп кабылдашты.

Бийликке келген учурдан тартып, экөө тең алардын ортосундагы байланыштын түздүгү тууралуу бир нече ирет айтып жүрүштү.

Президенттин беш жылдык башкаруусуна утурлай тартылган тасмада Ташиев муну дагы бир ирет кайталап, аларды өлүм гана ажырата аларын баса белгиледи.

"Биз бири-бирибизге саясат үчүн, же байлык үчүн же бир таасир үчүн жардам берип, жөлөп-таяйлы деген оюбуз жок. Экөөбүздүн достук, адамдык сапаттарыбыздын дал келиши болуп калды. Ошол эле кезде биздин кызыкчылыгыбыз да дал келди. Биздин негизги кызыкчылыгыбыз – мамлекетибизди, кыргызды сүйгөндүгүбүз, кыргыз элин, кыргыз мамлекетин сүйгөндүгүбүз. Ушул дал келип калды. Бирок баары эле саясатта достук жок дешип, ар түрдүү адамдар бизди кагыштырганга аракет кылышып, ар түрдүү пландарын түзүшүп, ушул экөө урушуп кетсе, бизге да күн тийип калаар бекен дешип, үмүт кылып жүрүшпөдүбү. Азыр деле үмүт кылып кылып жүргөндөр бар. Ошолордун баарынын үмүтү, ою таш кабат. Таш капты жана мындан ары да таш кабат. Себеби, Садыр Нуркожоевичтин бийлигине же президенттигине мен кызыгып жаткан жерим жок. Садыр Нуркожоевичтен алып, президент болуп алайын деген оюм жок. Ошондой оюбуз жок болуп, бири-бирибиге бут тоспой, жөлөп-таяп келгенибиз үчүн мамлекетибиз оңолуп жатат", - деди документалдык тасмада Камчыбек Ташиев.

Мурдагы депутат Исхак Масалиевдин баамында, Жапаров менен Ташиевдин мамилеси фундаменталдуу жана туруктуу:

"Буларды мурунку эки киши (Атамбаев - Жээнбеков) менен салыштырып болбойт. Алар тойдо, төрдө бириккен. Булар камакта, кыйынчылыкта биригип, көп чоң окуяларды чогуу башынан өткөрдү. Менимче, булар ажырабайт, дос болуп кала берет. Балким бирөө четке чыгып, экинчиси калышы мүмкүн. Бирок булар бири-бирине каршы сүйлөй албайт. Туруктуу, түбөлүктүү саясат эч качан болгон эмес. Саясатта эртеби-кечпи пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Бирок фундаменталдуу түрдө дос болуп кала берет. Кабарым боюнча, азыр деле экөөнүн ортосунда анча-мынча каршы пикир, талаш бар. Бир тууган болбогон соң талаш болот да. Буга чейин деле болгон. Мурун мен депутат кезде экөө менен тең чогуу иштеп калгам, билем. Бирок учурда ар ким өз ордун тапты, бири-бирине сый-урмат менен мамиле жасап жатат. Булар касташып, мушташканга чейин бара албайт".

Президенттик шайлоонун жакындап келатканы коомдо чоң кызыгуу жаратты. Көптөр кийинки президент ким болоорун алдын ала жоромолдоп, "Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев саясий аренада кантип позицияларын сактап катат?" деген суроону узаткандар дагы жок эмес.

"Менин баамымда, келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду. Максаттуу ошого бараткан болушу мүмкүн. Саясатта мындай нерсе болот. Ташиев канча жолу "мага президенттиктин кереги жок" деп айтты. Бирок адам канчалык мага керек эмес деген нерсе ошончолук керек болуп чыгат",- деди мурдагы депутат Исхак Масалиев.

Даректүү тасма жана мактоо

Жапаров жана Ташиев

Сүрөттүн булагы, Official

Садыр Жапаровдун бийликке келгенине беш жылдыгын утурлай анын башкаруусуна арналган атайын даректүү тасма да жарык көрдү.

Анда мамлекет башчынын жана анын командасынын ушул мөөнөт ичинде аткарган иштери, жетишкендиктери кеңири чагылдырылган.

Айтор, экранда Кыргызстанда бары ирээтке келип, тизген шурудай өз нугунда кетип жаткандай элес калтырды.

Президенттин беш жылдыгын утурлай сырттан пикир билдиргендер да болду. Грузияда катталган InterPressNews көз карандысыз маалымат агенттиги Садыр Жапаровдун башкаруусу тууралуу кеңири макала жарыялады.

Анда 2020-жылдагы терең саясий кризистен кийин Кыргызстан экономикалык өсүшкө жетишкени, башкаруудагы туруктуулук жана өлкөнүн аймактык ролу өзгөрүп жатканы айтылган.

Франциядагы элчи Садык Шер-Нияз макаланы социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп, Кыргызстан мурда Грузияны үлгү тутуп келсе, азыр аталган өлкөнүн ЖМКлары мамлекетке оң баа берип жатканы сыймыктануу жаратат деди.

Ошол эле маалда мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев АКШнын мурдагы президенттеринин кеңешчисинен, Кытайдын алдыңкы аналитикалык институттарынан жана эл аралык эксперттерден чыккан Садыр Жапаров тууралуу мактоолорду активдүү жайылтты.

Кантсе да азыркы бийликтин беш жылдан кийинки эл ичиндеги кадр-баркын, өкмөттүн ар кыл маселелер боюнча саясатына карата жарандардын пикирин бейтарап көрсөткөн коомдук сурамжылоолор жокко эсе. Президент Жапаров жакында жарыяланган документалдык тасмада азыркы бийлик эл ичинде колдоого ээ экенин, кайра талапкерлигин койсо, чоң айырма менен жеңип келерин билдирди. Ошол эле маалда өлкөдө элдин турмушунун сапатын жакшыртуу, жарандардын эркиндиги менен укуктарына шарт түзүү, башкаруу жана чечим кабыл алууда ачыктыкты камсыз кылуу сыяктуу багыттарда иш алып баруу зарылдыгын айткандар да жок эмес.