Украинадагы согуш: Запорожьеде орустардын соккусунан үч адам каза каза тапты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орус аскерлери Запорожье облусундагы Вольнянск шаарына чабуул жасап, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча андан үч адам каза тапты.
Украинанын аба күчтөрү 29-январга караган түнү Орусия Украинага 105 дрон менен чабуул жасап, анын 84 атылып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украин аскерлери 18 дрон Днепропетровск, Одесса жана Запорожье облустарындагы жети аймакта бутага алган максаттарына жеткенин ырасташты.
Запорожьеде орустардын соккусунан үч адам каза тапса, Днепропетровсктто эки киши жарадар болгон. Одессада курмандыктар жок, бирок инфраструктуралык объектилер жабыркады.
Соңку чабуулдун алдында президент Зеленский Орусия Украинага жаңы сокку урууга даярданып жатканын айткан эле.
"Орусиялыктар дагы бир чабуулга даярданып жатканы тууралуу кабарыбыз бар. Чалгын кызматы бул тууралуу маалымат берип жатат, азыр Америка, Европа жана башка өнөктөштөр дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү орустардын ар бир чабуулу дискредитациялап жатканын түшүнүшү керек", - деген эле украин президенти.
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр Донбасстын аймагы кимге тиешелүү болот ушул маселеге келгенде такалып жаткандыгын айтты. Орусия, Украина жана АКШ ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы раунду жекшембиге, 1-февралга дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Кремлден тастыкташты.
Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Сибига Зеленский аймактар маселесин жана Запорожье атомдук электростанциясынын тагдырын Владимир Путин менен жолугушуп, сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
Январдын башында Киевдеги жылуулук берүүчү объектилерге болгон орустардын бир нече чабуулдарынан кийин 737 көп кабаттуу турак-жай дагы деле жылуулугу жок кала берүүдө.












