2-февралда рейд башталат. Такси үчүн лицензия кирсе, жол кире кымбаттайбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушул тапта жети миңден ашуун айдоочу жана 300дөн көп таксопарк лицензия алды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы лицензия берүү мөөнөтү узартылбай турганын, 2-февралдан баштап лицензиясы жок айдоочуларды аныктоо боюнча рейддер башталарын эскертти. Бул арада депутат Дастан Бекешев лицензия берүү мөөнөтү узартылбаса, такси баасы кымбаттап, жумушсуздук көбөйөрүн билдирүүдө.
Максат Ахмадов таксиге лицензия алуу үчүн бир аптадан бери документ топтоп жүргөнүн айтат. Лицензиясыз такси кызматын көрсөтүү мөөнөтү бүтүп бараткандыктан, бүгүн Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына келген.
"Документтерди бир апта мурун топтоп баштагам. Азыркыга чейин бүтө элекмин. Өзгөчө 083-медициналык маалымкат алуу маселе жаратат экен. Ооба, көбү "Түндүк" тиркемесинен бүтөт экен. Бирок нары-бери көп чуркайт экенсиң да. Чынын айтсам, лицензия жөн гана карапайым калкты кыйноо экен", - деди Максат Ахмадов.
Такси кызматын көрсөткөндөр 1-февралга чейин лицензия алып үлгүрүшү керек. Болбосо, айдоочуларга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынат. Бардык документ тапшыргандан кийин лицензия он төрт күн аралыгында берилет.
"Бул жакка (Транспорт ишин лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө бөлүмү-ред.) документтерди тапшырып, лицензия алуу үчүн киргени жатабыз. Он-он беш күндө бүтөт деп жатышат. Он беш күн биз жумушсуз калабызбы, кандай болот? Жатабызбы үйдө, кандай тиричилик болот? Такси менен күн көрүп жатабыз да. Үйдө мен жалгыз иштейм", - деди дагы бир таксист Бөлөкчал Шерматов.

Бул арада Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Кыргызстанда 7000ден ашык жеке адам жана 300дөн көп таксопарк лицензия алышканын билдирди.
Лицензия алуу үчүн паспорт, салык органына катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилик боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими, автотранспорт каражатын каттоо күбөлүгү, тиешелүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү, автопарк менен түзүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсү, транспорт каражатын башкарууга укук берген ишеним кат же ижара келишими, техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу акт, лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ талап кылынат.
Мунун акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Саламаттыгы жана соттулугу жөнүндө маалымкат да талап кылынат.
Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Нурсултан Муратбеков жеңил кылмыш үчүн соттолгондорго лицензия бериле турганын, кеп оор кылмыштар жөнүндө болуп жатканын айтты:
"Өтө оор кылмыштарды кылган жарандарга гана лицензия берилбейт. Маалымат иретинде айтсам, адам өлтүрүү, зордуктоо үчүн соттолгондорго, тилекке каршы, лицензия бере албайбыз. Мындан тышкары стаж үч жылдан кем болбошу керек. Себеби азыр жаңы эле айдоочулук күбөлүк алып, бир жыл аралыгында такси кызматын көрсөтүүгө чыккандар көп. Алардын тажырыйбасы жок, жол эрежесин билбейт, анан жол кырсыкка кабылып калып жатышат".
Өлкөдө оң рулдуу машине менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салган жана таксисттерди лицензия алууга милдеттендирген мыйзам 2025-жылы 22-августта күчүнө кирген. Кийин лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган.
Депутат Дастан Бекешов, айдоочулар да, жүрүнчүлөр да буга даяр эместигин айтып, мөөнөттү дагы жылдыруу зарылдыгын белгилөөдө.
"Мына, үч күн ичинде мөөнөт бүтөт. Тилекке каршы, азырынча жети жарым миң лицензия берилди. Бизде, Бишкекте 70 миң таксист бар. Лицензия ала албай калышса, мөөнөттү жылдырбасак, такси кызматы кымбаттайт. Бир топ жумушсуздук болот".
Ички иштер министрлиги лицензия берүү мөөнөтү узартылбай турганын, 2-февралдан тарта рейддер башталарын эскертүүдө.








