"Чоң армада". АКШ Иранга жөнөткөн аскердик кемелер жөнүндө эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
Америкалык аскердик кемелердин тобу Ирандын жээктерине жакын Перс булуңунун аймагына келди. АКШнын президенти Дональд Трамп нааразылык акцияларын ырайымсыз басууга жооп иретинде Иранга сокку урам деген убадасын аткарабы же жокпу – бул азырынча белгисиз. Бирок аскерий серепчилер бул үчүн керектүү күч топтолуп калганын айтышууда.
Abraham Lincoln согуштук кемеси башында турган сокку уруучу топ Жакынкы Чыгышка келгенин АКШнын Борбордук командачылыгы дүйшөмбү күнү расмий жарыялады. Топ Түштүк-Чыгыш Азиянын жээгинен ал жакка бир жумадан ашык убакытта жетти.
Бул топ ушул тапта кайда экенин аскер жетекчилиги азырынча айтпай жатат. Бирок FlightRadar24 сервисинде дүйшөмбү күнү Омандын жээгине жакын Инд океанындагы чекит менен жердин ортосунда Osprey конвертопланы учканы көрүнүп турат. Osprey согуштук кемеде келатат, ал эми океандын ушул чекитинен Ирандын жээгине чейин түндүккө карай болжол менен 800 км аралык бар.
Abraham Lincoln согуштук кемеси 90 учакты жана тик учакты ташый алат.
Флагмандан жана коргоочу, көмөкчү кемелерден тышкары, авиаташуучу кемелердин тобуна үч эсминец, анын ичинде Tomahawk канаттуу ракеталары менен куралданган кемелер да кирет.
Би-Би-Синин фактыларды текшерген BBC Verify кызматы 18-январда Британиядагы "Лейкенхит" базасынан америкалык F-15 истребителдери учуп чыкканы тууралуу социалдык тармактардагы маалыматтарды текшерип, алар чын экенин тактады. Андан кийин бул учактар (жок дегенде алардын бири) Жер ортолук деңизинин чыгышындагы Крит аралында пайда болду.
BBC Verify түшүндүргөндөй, каттамды май куюучу учактын транспондери аркылуу көрүү мүмкүн болду. Мындай учак адатта узак аралыкка учкан истребителдерди коштоп жүрөт.

Сүрөттүн булагы, FlightRadar24
АКШнын бул чөлкөмдө кандай базалары бар?
Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, бул чөлкөмдө АКШнын туруктуу негизде иштеген сегиз аскердик базасы (ириси – Катардагы "Ал-Удейд" аба жана деңиз базасы) жана ондон ашык убактылуу аскер базасы бар. Эксперттер бул базада кызмат өтөгөндөрдүн саны 40-50 миңге жетет деп эсептешет.
Анткен менен, аскерий серепчилер түшүндүргөндөй, Иранга сокку урууда ондогон учактарды жана ракеталарды ташыган кемелер тобу негизги күч болуп бериши мүмкүн.
Мындан тышкары сокку урууга стратегиялык бомбалоочу учактар да катыша алат, алар туруктуу базаларынан учуп, жолдон май куюп, ракеталар учурулган райондорго чейин жете алышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түндүк Африкадан Түштүк-Чыгыш Азияга чейинки кеңири чөлкөм үчүн жооп берген АКШнын Борбордук командачылыгы аймакта авиациянын көп күндүк машыгуулары өтөрүн дүйшөмбү күнү жарыялады.
Машыгуулар качан башталып, качан аяктай турганы так айтылган жок.
Сокку урулабы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дүйнөлүк прессада бир божомол көбүрөөк айтылууда: куралдуу күчтөрдөн турган топ Ирандын айланасына чогулгандан кийин ушул жуманын аягында сокку урулушу ыктымал.
Бирок көптөгөн журналисттер менен саясатчылар, ошондой эле аскерий серепчилер сокку урулабы же жокпу – муну алдын ала айтуу мүмкүн эмес экенин моюнга алышууда. Баары АКШ президентинин чечимине жараша болот.
Дональд Трамп январдын башынан бери эле Иран бийлигине эскертүү берип, эгерде алар демонстранттарды өлтүрө баштаса, сокку ураарын соцтармакка жазып келген. Мындан тышкары, үч жума мурун ал нааразылык акцияларынын катышуучуларын артка чегинбөөгө үндөп, "жардам жакында жетип барат" деп ишендирген.
Ошондон бери, ар кандай булактардан алынган маалыматтарга ылайык, Иранда миңдеген демонстранттар өлтүрүлдү, бирок Дональд Трамп Иран бийлиги анын эскертүүлөрүнөн кийин камакка алынган 800 демонстрантты өлүм жазасына тартпоо тууралуу чечим кабыл алганын бир нече жолу айтты. Тегеран муну четке кагууда.
Согуштук кемелер тобу келгени жарыяланган күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Axios басылмасына "Ирандын жанында чоң армада турганын", бирок Тегеран сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты.
"Алар бүтүм түзгүсү келип жатат. Мен муну билем. Алар мага көп жолу чалышты", - деди Трамп.
Соңку күндөрү Ирандын расмий адамдары эгерде АКШ сокку урууга батынса, Иран да жооп кайтарууга даяр экенин бир нече жолу эскертишкен.
Аскердик серепчилер Израил жана Ирандын чек араларына жакын жайгашкан америкалык базалар мындай жооптун негизги бутасына айланышы мүмкүн деп божомолдошууда. АКШнын базалары Катарда, Иракта, Кувейтте, Бахрейнде, Оманда, Сауд Аравиясында жана чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө бар. (ZMa)









