АКШ Иранга кол салса эмне болот? Жети сценарий

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Франк Гарднер
- Role, Коопсуздук боюнча кабарчы
АКШ жакынкы күндөрү Иранга кол сала тургандай болуп турат.
Кайсы жакка чабуул жасалары белгилүү болгону менен анын жыйынтыгы кандай болору белгисиз.
Эгерде Тегеран менен акыркы мүнөттөрдө бир макулдашууга келе албаса жана Доналд Трамп АКШ күчтөрүнө кол салууга буйрук берсе, анда окуя кайсы багытта өнүгүшү ыктымал?
1. Максаттуу, так чабуулдар, жарандардын өлүмү аз болот, демократияга өтөт
Иран ислам революциясынын сакчыларынын (IRGC) аскердик базасына жана анын карамагындагы Басиж аскердик бөлүгүнө, баллистикалык ракеталарды учурган жана сактаган жерлерге жана ошондой эле Ирандын өзөктүк программаларына АКШнын аба жана деңиз аскер күчтөрү чектелген жана так белгиленген соккуларды урат.
Алсырап турган бийлик кулатылып, чыныгы демократиялык башкарууга өтөт жана Иран кайрадан дүйнө менен алака түзөт.
Бул абдан оптимисттик сценарий. Ирак менен Ливияга Батыштын аскердик кийлигишүүсү демократиялык өзгөрүүлөрдү алып келген эмес. Батыш эки өлкөдө тең катаал диктатордук бийликти кулаткан болсо да көп жылга созулган башаламандыктар менен кан төгүүлөргө себеп болгон.
Батыштын аскердик колдоосу жок эле 2024-жылы өз алдынча төңкөрүш жасаган Сирия президент Башар ал-Асадды кетирип, азырынча жакшы ийгиликке жетишкен.
2. Бийлик кулабайт, бирок саясатын жумшартат
Муну жалпысынан "Венесуэла модели" деп атап койсо болот. АКШнын ыкчам жана кубаттуу иш-аракети режимге тийбейт, бирок саясатын жумшартат.
Иранда болсо Ислам Республикасы кала берет. Бул көпчүлүк ирандыктарга жакпашы мүмкүн, бирок Иран Жакынкы Чыгыштагы күч колдонгон козголоңчуларды колдоосун токтотууга аргасыз болот. Өлкө ичиндеги баллистикалык ракета программасын жана ошондой эле митингдерди басуу чараларын азайтып же токтотушу мүмкүн.
Бирок бул сценарийдин ишке ашуу ыктымалдыгы төмөн.
Ислам Республикасынын жетекчилиги өзгөрүүлөргө моюн сунбай келатканына 47 жыл болду. Азыр ал багытын өзгөртө деле албайт болуш керек.

3. Бийлик кулап, ордун аскердик башкаруу басат
Көпчүлүктүн оюнча, бул сценарийдин ишке ашуу ыктымалдыгы жогору.
Азыркы бийликти колдогондор көп болгону менен жана көп жылдардан бери ар бир митинг болгон сайын бийлик алсыздап жатса да, азыркы саясий кырдаалды сактоого кызыкдар үлкөн жана кенен кулач жайган терең мамлекеттик коопсуздук күчүндө.
Бийликти кулатууга багытталган митингдердин натыйжасыз болуп жатканынын негизги себептери – алар жакка өткөн адамдардын саны кыйла аздыгында. Бийликтегилер болсо кызматтан кол жууп калбоо үчүн күч жана зомбулук колдонууга даяр.
АКШнын соккусунан кийинки башаламан кырдаалда IRGC сакчылар тобунун өкүлдөрүнөн турган күчтүү аскердик өкмөт Иранды башкарып калышы ыктымал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
4. Иран АКШнын күчтөрүнө жана кошуналарына чабуул жасап өч алат
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Иран АКШнын кандай гана соккусу болбосун ага жооп болорун, "колу машаанын учунда турганын" айткан.
Иран АКШнын деңиз жана аба аскер күчүнө теңеле албайт, бирок өзүнүн баллистикалык ракеталары жана дрондору менен сокку ура алышы ыктымал. Куралдардын көбү үңкүрлөрдө, жер астында же алыскы тоолуу аймактарда жашырылган.
Перс булуңун бойлой жайгашкан араб аймактарында, айрыкча Бахрейн менен Катарда, Американын базалары жана объекттери жайгашкан. Бирок Иран дагы, эгер кааласа, АКШнын соккусуна көмөктөшкөн кайсы гана өлкө болбосун, мисалы, Иорданиянын же Израилдин маанилүү инфратүзүмдөрүн бутага алышы мүмкүн.
2019-жылы Saudi Aramco мунай-химиялык кампаларына каршы кыйратуучу ракеталык жана дрон чабуулу саудиялыктардын Иран ракеталарынын алдында канчалык алсыз экенин көрсөткөн. Аталган соккулар Ирактагы Иран колдогон согушкерлерге байланыштырылган эле.
Ирандын Перс булуңундагы араб кошуналарынын баары АКШнын шериктештери. Учурда алар АКШнын кандай гана иш-аракети болбосун кесепети өздөрүнө тиеринен кооптонуп жатышат.

Сүрөттүн булагы, UGC
5. Иран булуңда миналарды коюп өч алат
Бул сценарий дүйнөдөгү деңиз жолуна жана мунай ташууга карата ыктымал коркунуч катары көптөн бери каралып келет. 1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушунан кийин Иран чындыгында деңиз жолдоруна мина коюп, Королдук деңиз күчтөрүнүн миначылары аларды тазалоого көмөктөшкөн.
Иран менен Омандын ортосундагы Ормуз тар кысыгы орчундуу аймак. Дүйнөдөгү суюлтулган табигый газ экспортунун болжолдуу 20% жана мунай жана мунай өнүмүнүн 20-25% жыл сайын дал ушул кысык аркылуу өтөт.
Иран деңиз миналарын ыкчам жайгаштыруу боюнча машыгууларды өткөрүп келет. Эгерде миналарды жайгаштырса, анда ал дүйнөлүк соода менен мунайдын баасына таасир этет.

6. Иран АКШнын согуштук кемесин чөктүрүп өч алат
Перс булуңундагы аскердик кеменин бортунда Американын деңиз аскердик күчтөрүнүн капитаны Иран тараптан анын тынчын алган коркунучтардын бири "үйүрү менен чабуул жасоо" экенин бир жолу мага айткан эле.
Дал ушул жерден Иран бир же ар кайсы багытка көптөгөн жарылуучу дрондорду учуруп, тез сүзгөн торпедалык катерлерди чыгарат. АКШнын жакын жайгашкан деңиз күчтөрү дагы алардын баарын бир учурда жок кыла албайт.
Перс булуңундагы Ирандын салттуу деңиз күчтөрүнүн ордуна IRGC деңиз аскер күчтөрү иштеп жатканына көп болгон. Ал тургай айрым командирлер Шахтын тушунда Дартмутта окуп даярдыктан өтүп кеткен.
Ирандын деңиз аскердик күчтөрүнүн кызматкерлери машыгууларында салттуу эмес же "асимметриялык" согуштук ыкмаларга басым жасап келет. Мында алар АКШнын деңиз аскердик күчтөрү сыяктуу башкы каршылашынын техникалык артыкчылыктарын жеңүү же буйтап өтүү жолдорун изилдешет.
АКШнын согуштук кемесинин чөгүүсү, ага кошумча кызматкерлердин ыктымал туткунга түшүүсү АКШ үчүн болуп көрбөгөндөй кемсинтүү дегендик.
Мындай сценарийдин ишке ашуу ыктымалдыгы төмөн болгону менен АКШнын миллиард долларлык USS Cole согуштук кемеси 2000-жылы Аден кеме токтоочу жайындагы ал-Каиданын жанкечтисинин жардыруусунун натыйжасында зыянга учурап калган жайы бар. Анда америкалык 17 деңиз кызматкери каза болгон.
Ага чейин, 1987-жылы, ирактык учкуч АКШнын USS Stark согуштук кемесине эки Exocet ракетасын жаңылыштык менен атып алып, 37 деңиз кызматкерин өлтүргөн.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
7. Бийлик кулап, башаламандык болот
Бул чыныгы коркунуч жана кошуналары Катар менен Сауд Арабия сыяктуу өлкөлөр үчүн орчундуу маселелердин бири.
Сирияда, Йеменде жана Ливияда тутангандай ыктымал жарандык согуш менен катар башаламандык чыгып кетүү коркунучу бар. Мындай кырдаалда бийлик боштугу жаралып, күрддөр, балужилер жана башка азчылыктар өз элин коргоого умтулуп, этникалык тиреш куралдуу кагылышка айланып кетиши мүмкүн.
Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн көбү Ислам Республикасынын урашына сүйүнмөк. Айрыкча бул Ирандын аймактагы өкүлдөрүнө каршы оор соккуларды уруп келаткан Израилге майдай жакмак. Израил Ирандын өзөктүк программасы коркунуч туудурарынан кооптонуп келет.
Бирок Жакынкы Чыгыштагы 93 миллиондой калкы бар эң чоң өлкөдө башаламандыкты, гуманитардык жана качкын кризисинин жаралышын эч ким каалабайт.
Учурдагы эң чоң коркунуч Ирандын чек араларына жакын жерге кубаттуу күчтөрдү жайгаштырган президент Трамп аракетке өтүү чечимин кабыл алабы же кадыр-баркын жоготууну тандайбы. Бул акыр-аягы белгисиз, күтүүсүз жана бүлүндүрүүчү согуштун тутанышына себеп болуп калышы ыктымал.












