"Чекеси жарылып, кабыргасы сынган". Армиядагы зомбулук

Сүрөттүн булагы, courtesy
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Author, Алмира Абидинова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
Байаман, Анарбек, Артур (...)
Соңку бир жыл аралыгында кыргыз армиясында кеминде төрт катардагы жоокер күмөндүү жагдайда каза болду. Алардын ичинен үчөө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына чакырылган уландар болгон. Түрмө кайтарышкан. Би-Би-Си аскерде көз жумган жана сабалды делген жоокерлердин ата-энелери менен жолугуп, алардын бүгүнкү күндөгү жашоосунан кабар алып, аскердеги зомбулукту канткенте токтотууга мүмкүн деген суроого жооп издеди.
Кечирип кой, балам. Аягына чыга албай калдым, кечирип кой. Каражаным, күлмүңдөп гана турчу элең, күлмүңдөп, күлүп…
Эркингүл Темирбекова күлгүндөй баласын, Байаманын былтыр жайда жоготкон. Уулу армияда көз жумган. Бүгүн мүрзөсүнө келип боздоп турат.
Аскердик билеттин эмне кереги бар эле, эмне кереги бар эле, балам ай.
Байаман Темирбеков 2025-жылы март айында армияга чакырылган. Ал Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна жөнөтүлгөн. Бай-Мундуз айылында Жаза аткаруу кызматына караштуу аскер бөлүгү бар. Жоокерлер түрмө кайтарышат.
Байаман 16-июль күнү таңга маал көз жумган. Мекеме ал батальондун командиринин бөлмөсүндө асынып алганын кабарлаган.
Эркингүл Темирбекова уулу өз жанын кыйган дегенге ишенбейт:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Муунуп өлдү кылып коюшту. Денесинде көк ала бар экен, чекеси жарык экен. Баары көргөн жокпуз дешти. Ошол жерде канча жоокер болсо, ошонун баарынан сотто сурадым. Баары көргөн жокпуз дешти. Кабыргасы качан сынганы аныкталбай эле калды. Балам өзүн өлтүрмөк эмес. Бирок иштин аягына чыга алган жокмун. Мамлекетке каршы алсыз экенмин. Анын үстүнө кайра-кайра Кочкордон Жалал-Абадга сотко каттай албадым. Жол алыс, балдарым кичине".
Байаман өлөр алдында кат калтырып, анда чогуу кызмат өтөгөн башка жоокер аброюна шек келтирип, физикалык күч колдонуп жүргөнү жазылган. Бул иштин алкагында бир жоокер, офицер жана батальондун командири кармалган. Жоокер беш жылга шарттуу түрдө кесилген. Эркингүл Темирбекова аны кечиргенин, себеби уулунун өлүмүнө себепкер болгонуна ынанбаганын айтат:
"Жалгыз бала экен. Бул жерде ал балага жөн жерден күнөө артылган болушу мүмкүн деп ойлодум. Ал баланы тергөө абагынан өзүм эле чыгарам дедим. Бир бала өлдү, бир бала түрмөгө барганда жыргамак беле деп чыгарып бердим. Командирдин соту болсо бүтө элек. Офицерге алты ай беришти. Тергөө учурунда абакта болгондуктан алты айдын бир күнүн эки күнгө эсептеп сот залынан чыгарышты".

Сүрөттүн булагы, үй-бүлөлүк архив
Апасынын айтымында, Байаман өзү аскер кызматкери болгусу келчү экен:
"Аскерге барып, ошол жерде келишими менен калып иштеп, үй алып, жаныма жашайсын деген. Ошол тилекке жетпей калдык. Ажал экен, кетти...Үй таап алды өзүнө. Мен ыйлап-сыктап жүргөндө "элүү миң сом берип, аскерге кетирбей алып калбайт белеңиз" деген чондор деле болду. Элүү миң сомум болсо, мен баламды аскерге жиберет белем?! Мына, аскердик билети менен кошо сөөгүн колума берип коюшту".
Эркингүлдүн Байамандан башка беш баласы бар. Нарын облусунун Кочкор районунда жашайт. Батирде турат. Мындан жыйырма жыл мурун, Байаман төрөлгөндө жерге кезекке турганын, ал кезеги алигиче келе электинин айтат:
"Ушул балам төрөлгөндө жерге кезекке тургам, балам жыйырмага чыгып каза болду. Жерге кезегим жете элек. Эч качан эч кимге догумду арткан эмесмин. Өлгөнүнө биртике тыйын берип коет экен. Ага баламдын кыялын орундатып, үй алып коеюн десем, ага деле үй келбейт экен".
Эркингүл Темирбекова кийим тигип иштечү. Бул тармак каатчылыкка кептелгенден бери ишсиз отурат. Анын үстүнө баласы өлгөндөн кийин оорукчан болуп калган.
"Стресстен жатыным ооруп калды. Операцияга барсам, жүрөгүңүз начар экен деп албай коюшту".
Байаман кайрымдуулук иштерине катышып, кийин фонд ачам деп кыялданып жүрчү экен.

Ушул эле жылы, Байаман өлөрдөн бир ай мурун, 7-июнда Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын дагы бир жоокери каза болгон. Молдовановка айылындагы №7412 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер соттолуучулардын бирин гемодиализ алуу үчүн шаардагы медициналык мекемелердин бирине коштоп барган. Аз убакыттан соң жоокер ажатканага кирип өзүн-өзү атып алганы кабарланган. Окуяга эмне себеп болгону белгисиз.
Мерт болгон улан 20 жашта болгону айтылган. Ал 17-майда ант берип, кызмат өтөөгө киришкен.
Би-Би-Си бул баланын жакындары менен байланыша алган жок.
"Бир жарым айда өлтүрүп туруп, колума салып беришти"
Бардык ишти Артур жасачу да. Айла жок, өлгөндөн кийин өзүм жасап жатам. Эх...
Артурду жаңы жерге берип, элди узатып, каш карайса да атасы эшикти ирээтке келтирип жүрөт. Көкүрөгүнө бук толсо да билдиргиси келбейт. Көзүнүн жашы кургай элек жубайына, кыздарына тирек болбоско арга жок.
Ушул баламдын кружкасы эле. Сүттү көп куюп, балам экөөбүз чай иччү элек.
Карлыгач Гусеинованын жалгыз уулу Артур быйыл 5-январда Байаман каза болгон Жалал-Абаддагы №10 түзөтүү мекемесинде көз жумган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жоокер өзүн-өзү атып алганын кабарлаган. Апасы уулунун сөөгүн Бишкекке өзү алып келген. Ур-токмокко кабылганына күбө болгон:
"Сөөккө кайним кирди. Ал чыккандан кийин болбой жатып мен кирдим. Уулумду көргөндө эле эс-учумду жоготтум. Денесиндеги көк ала тактар көз алдымда. Табарсыгына тээптир, ал жери көпкөк. Мен баламды беш колдой билем да. Көзүмө дароо эле ошол сабалган жерлери көрүндү. Кудай ай, бир жарым айдын ичинде баламды өлтүрүп туруп колума салып берип коюшту. Балам өлмөк эмес. Балам өзүн-өзү атмак эмес. Атпайт болчу. Балам ур-токмокту көтөрмөк. Урса деле чыдамак".

Сүрөттүн булагы, үй-бүлөлүк архив
Апасынын айтымында, уулу бышык бала болчу. Улуттук гвардиянын катарында кызмат өтөйм деп даярданып жүргөн. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментине бөлүнүп калган.
"Бой десе бой, өң десе өңү бар эле. Кең далылуу болчу. Улуттук гвардияга барам деп залга барчу. Үйдөн эртең менен кетип, кечинде келсе да, кечкисин эки саат машыкчу", - дейт Карлыгач Гусейинова.
Артур Атыров көз жумгандан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси "Өзүнө кол салууга жеткирүү" боюнча кылмыш иши козголуп, бөлүктө кызмат өтөгөн аскер жана взвод командири кармалган. Бул окуянын фонунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы Курманбек Сокеев кызматтан алынган.
Улуум атасы менен шахмат ойноп, женип күлүп калар эле.
Аскерге кетерден мурун Артур шахмат доскасын алдырган экен. Эстелик үчүн калтырып кеткендей...
Артур Атыров Бишкектеги Искак Раззаков атындагы кыргыз улуттук техникалык университетинде экинчи курста окучу. Математиканы жакшы көрчү. Олимпиадаларга катышчу.
Жакындары Артурду жашоону сүйгөн, бийге кызыккан жигит катары эскеришет. Бишкектеги кафелердин биринде өзү ашпоз болуп, апасы пол жууп иштеген. Ата-энеси менен батирде жашап, өз үйлөрүнө киргенине үч гана жыл болгон.
"Балам чыканактай кезинен иштеп, бизге жардам берип, ушул үйдү тургузганбыз. Үйдүн туш кагаздарын, эмеректерин өзү тандаган. Табити жакшы эле. Эми кантем?!
Келбесин билем, келбес жакка кеткенин да билем. Бирок келет деген үмүт кээде ойгонуп кетет. Армияга кетти эле, балам келип калат деп өзүмдү-өзүм алдап коем. Мен да ооруйм, атасы да оорукчан. Азыр бири-бирибизди сооротуп, балабыз жоокер, балабыз баатыр, эл үчүн кызмат кылып жүрүп келбес сапарга кетти деп өзүбүздү алдап жатабыз", - деп көз жашын төгүп жатты Карлыгач Гусейинова.
"Сүрөтү менен сүйлөшүп калдым"

Сүрөттүн булагы, үй-бүлөлүк архив
Баламдын сүрөтү менен сүйлөшүп калам деп эч ойлогон эмесмин. Сүрөтү менен сүйлөшүп калдым, ушунтип.
Алтынай Керкибашева уулунун күйүтүнөн улам төшөктө жатып, жаңыдан баш көтөрүп келе жатат. Ош облусунун Өзгөн районунда жашаган бул жубайлардын кенже уулу былтыр 20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын Баткендеги аскер бөлүгүндө өмүр менен кош айтышкан. Расмий маалыматта жоокер асынып алганы айтылган. Кийин соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, аскер сабалганы жана дем жетпей көз жумганы аныкталган. Былтыр декабрда райондук соттун өкүмү чыгып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер 16 жылга эркинен ажыратылды.
"Жогорку бийликтегилерге, президент Садыр Нургожоевичке, генерал Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылам. Бизден кийин да ата-энелер сыздап, балдарынын мүрзөсүн кучактап калбасын! Тартипти күчөтүш керек. Президентибиз армияны жакшы кылып койду. Кийим-кече, оокат-аштан айып жок. Болгону бул жерде тартип болбой жатат. Келишимдик негизде кызмат өткөгөндөр менен жоокерлерди эки бөлүш керек. Экөөнү кошуп койгондон улам чыгып жатат бул нерсе", - Ибраим Исаков.
Ата-энесинин айтымында, Анарбек Ибраим уулу анча-мынчага моюн бербеген, карылуу бала болгон. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуп жатып армияга кеткен. Андан мурда Кыргыз-Түрк "Манас" университетине өткөн. Программист болгусу келчү. Ата-энеси алыс деп борбордо окутушкан эмес экен. Апасы балким ошондо борбордо калып калса, өлбөй калат беле деп өкүттө жүрөт.
Менин өкүнгөнүм, азыркыга чейин ыйлаганым - Бишкекке барып алып келип алганым.
"Эгер балам шизофрения болсо, эмнеге армияга алышты?!"

Бардык жерден таза чыккан балага шизофрения деп диагноз коюп берип жатышат. Эгер балам шизофрения болсо, эмнеге армияга алышты?!
Имигүлсүн Сапарованын окуясы да абдан кейиштүү. Аны улуу баласы Бакытты кайра медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн Жалал-Абаддан Бишкекке келген маалда жолуктурдук. Былтыр дарыгерлер Бакытка шизофрения деген диагноз коюшкан. Имигүлсүн эже болсо, уулунун саламаттыгы чың болгонун, аскерге барып, травма алгандан кийин оорукчан болуп калганын айтууда:
"Башка эмне менен урганын билбейм деп жатат. Өзүмдү жоготтум деп жатат. Тура калып эле качтым, башым чымырап, башкача болуп кеткем деп жатат. Чуркап качканда артынан кубалашыптыр. Бул өзүмдү-өзүмдү бетке чапкыладым, бетим чымыраганда коркуп кеттим деп жатат. Ошондон кийин эмне кылып жатканын билген эмес. Улам кийимин чечип, кие берген. Биз видеобайланышка чыкканда кийимин чечип жаткан, кайра кийип жаткан. Менин балам өзүн жоготуп койгон. Кайда жүргөнүн, эмне кылганын билбей жүрө берген".
Бакыт Базарбаев 2024-жылы 30-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ош шаарындагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Анын алдында медициналык кароодон өткөн, ден соолугу жайында болгон. Бир апта өтпөй абалы өзгөрүп, учурашканы барган туугандарын тааныбай калган. Аскер бөлүккө ата-энеси чакырылган.
"Биз барганда балам өзгөрүп калган. Балам башкача болуп калган. Бизди араңдан-зорго тааныды", - деп ошол күндөрдү ыйламсырап эскерди Имигүлсүн Сапарова.
Ал ортодо териштирүү жүрүп, Бакыт үйүнө 22-ноябрда гана кайткан. Апасынын айтымында, ал он беш күн бою ушундай оор абалда аскер бөлүктө кармалып турган:
"Былтыр 1-январда катуу ооруду, 8-январга чейин уктаган жок. Эмне жеп жатканын билген жок. Эч нерсени билбей калган. Ал гана эмес жалаяк кийип калган. Ошондо бул жакка алып келгенбиз. Үч-төрт жолу кечирим сурап барышты командирлери. Башында дары-дармек алганга бираз жардам беришти. Анан ошол бойдон жок. Мекенди коргоо милдеттүү экенин айтышат. Эмне үчүн мамлекет мекенди коргоп барган балдар ур-токмоктун айынан майып же оорулуу болуп калса, алардын ден соолугун өз калыбына келтирүүгө милдеттүү эмес?! Мени ушул өкүндүрөт".
Бакыт Базарбаев ур-токмокко кабылганын кийин гана айтып берген. Апасы арыз жазган. Териштирүү жүрүп жатат, иш сотко өтө элек.
ӨКМ Бакыттын сабалганын четке каккан. Акыл-эси аскерде кызмат өтөөгө мүмкүндүк бербеген бала "калпыстыктан" армияга барып калганын жүйө келтирген.
Ал эми Республикалык психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлери Бакытка шизофрения деген диагноз койгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр декабрда бул борбордун алты эксперт-дарыгери кармалганын кабарлаган. Маалыматта алар өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүнчүлүк түзүп беришкени айтылган. Бул үчүн каражат алып турушканы аныкталган.
Кызыгы, бул дарыгерлердин арасында, Бакытты шизофрения деп дарылаган дарыгер да бар экенин белгилүү болду.
"Азыр эң башкысы баламдын ден соолугу. Балам айыгып кетсе болду. Алар жоопко тартылат деп деле ишенбейм. Баламды армияга жөнөткөнүмө өкүнөм. Кийинки балам быйыл 18ге толот. Мен аны жөнөтпөйм. Армияга барбайт", - деп улутунду Бакыттын апасы.
Бакыт өзү жол катар үндөгөн жок. Азыр бул темада сүйлөшкүсү келбейт.
Имигүлсүн Сапарова уулун экинчи жолу психиатриалык экспертизадан өткөрүп, Жалал-Абадга кайтып баратат. Жыйынтыгында дарыгерлер уулу шизофрения эмес деген бүтүм чыгарышат деп үмүттөнүүдө.
Бакыт быйыл жыйырмага чыкты. Оор сыноону башынан өткөрүп, эми гана жай турмушка кайтуу аракетинде. Жогорку окуу жайга тапшырды. Айти кызматкери болом деген тилеги бар.
"Коомдо кандай терс көрүнүштөр болсо, бизде да ал жок эмес"

Сүрөттүн булагы, president.kg
Күч түзүм жетекчилери аскердеги чоңсунуу дээрлик жоюлганын айтып келгени менен өлүмгө жеткирүү, ур-токмок, мазактоо учурлары токтой элек.
Былтыр социалдык тармактарда аскердик форма кийген адам жоокерлерди жер сүздүрүп, сөгүп жаткан учур тартылган видео тараган. Окуя ӨКМдин аскер бөлүктөрүнүн биринде болгону аныкталган.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев болсо "Барпы" чек ара заставасын ачуу учурунда чоңсунууга жол берген жетекчилер катуу жазалана турганын эскерткен.
"Командирлер, күнү-түнү көзүңөрдү албай, карагыла. Эгерде аскерлерден жана алардын ата-энелеринен кайрылуу түшсө, силер жазага тартыласыңар. Туура, аскерди тарбиялап, даярдаш керек. Бирок ушунун баарын уставдын чегинде жасоого мүмкүнчүлүк бар", - деген Ташиев.
Аскер бөлүктөрүнө сырттан Акыйкатчы институту да көз салып, аскер госпиталына маал-маалы менен барып турат. Мекеме билдиргендей, тилекке каршы, жоокерлер уставга жат көрүнүштөр болуп жатканы жөнүндө айтуудан тартынышат, арыз жазышпайт.
"Акыйкатчы институтуна тиешелүү 115-линия бар. Шыр байланыш. Аскерлер менен жолукканда зомбулукка туш болсоңор ошол жакка да кайрылгыла деп кеңеш беребиз. Мындан тышкары Аскер прокуратурасына кайрылса болот. Ата-эне, достор аркылуу кандайдыр бир мүмкүндүк болуп калса, түздөн-түз кайрылгыла деп кеңеш беребиз", -дейт Акыйкатчы институтунун Жарандык жана саясий укуктардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Дооронбеков.
Ушул жерде белгилеп кете турган учур бар. Жоокерлер негизинен Коргоо министрлигинде, Чек ара кызматында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде жана Жаза аткаруу кызматында аскердик милдетин өтөшөт. Коргоо министрлигинин өзүндө уставга жат көрүнүштөр дээрлик тыйылып калганын кыргыз бийлиги да, жоокерлер, алардын ата-энелери да белгилеп жүрүшөт.
Президент соңку курултада эле кыргыз армиясын күчтөндүрүү үчүн миллиарддаган каражат жумшалганын, аскер кызматкерлерин даярдоо стандарттары жаңыланганын айткан:
"Аскер кызматчыларын даярдоо стандарттарын жаңыладык, кызматтык тартипти чыңдадык, социалдык кепилдиктерди жакшырттык. Бүгүн кыргыз аскери – заманбап технологияны өздөштүргөн, антына бекем, өлкөнү бардык учурда коргоого даяр жана кесипкөй адистер десек болот. Мындан ары да армияны реформалоону улантабыз, жаштарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо иштерин күчөтөбүз".
Коргоо министрлиги жаш жоокерлерге моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн атайын кызматкерлер ишке алынып жатканын, бирок адистер аз экенин айтууда.
Ал ортодо коргоо министринин биринчи орун басары Тариэль Отанбаев армияга билими төмөн, аскердик даярдыгы жетишсиз уландар кабыл алынып жатканын жүйө келтирүүдө.
"Күзгү чакырууда жалпы чакыруучулардын 70 % ден соолугу боюнча тандоодон өтпөй калды. Кайтаруу жана конвой департаменти эле эмес, башка аскер бөлүктөрүнө да билими төмөн жарандар кабыл алынууда. Армия коомдун бир бөлүгү, коомдо кандай терс көрүнүштөр болсо, бизде да алар жок эмес".
Кантсе да соңку бир жылдагы кайгылуу окуялар – Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана конвой департаментине көйгөй көбүрөөк болуп жатканын айгинелөөдө.
Укук коргоочулардын пикиринде, 18ге жаңы толгон жаш балдар эмес, чоң кишилер үчүн да жабык жайларда кызмат өтөө оор. Гүлшайыр Абдирасулова түрмөлөрдү айлык алган адискөй аскерлер гана кайтарышы керек деген пикирде:
"Армияга барам, курал кармаганды үйрөнөм, полигондо чуркайм, мекенимди коргойм деген ниет менен барган баланы вышкага чыгарып коюп, түрмөдө отурган кишини кайтартып коюшууда. Муну армияда кызмат өтөө деп айтканга болбойт. Ошондуктан Кайтаруу жана конвой департаментинде түрмөнү айлык алган кишилер коргош керек. Башкача айтканда, ал жакта адискөй армия гана болуш керек".
Армияда балдары жабыркаган ата-энелер аскерде катардагы жоокерлер менен келишимдик негизде кызмат өткөгөн аскерлерди бөлүү керектигин да айтып келишет. Тариэль Отонбаев бул мүмкүн эместигин белгилейт.
"Келишимдик негизде кызмат өтөгөндөр менен катардагы жоокерлерди бөлүүгө такыр болбойт. Себеби аскерге жаңы келгендер толук кандуу күжүрмөн тапшырмаларды аткара албайт. Аткарууга билим да, тажырыйба да керек".
Катардагы жоокерлер менен офицерлердин ортосундагы мамиле канткенде жакшырат?
Укук коргоочулардын пикиринде, армияда өздөрү зомбулук көрбөй, тарбияны уставда гана белгиленген эрежелердин негизинде алган бир муун калыптанганда гана чоңсунуу жана өкүм-зордук токтошу мүмкүн.












