Бишкек: Эки бала сууга чөгүп каза болду

Балдарды издөө учуру.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балдарды суудан алып чыгуу учуру.

Бишкектеги Бакай-Ата конушунда жоголду деп изделип жаткан балдардын сөөгү көлмөдөн табылды. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, 28-январда саат 20:25 чамасында "102" кызматына Бакай-Ата конушунда 9 жаштагы кыз жана 6 жаштагы эркек бала жоголгону тууралуу маалымат түшкөн.

Анда 2016-жылы туулган А. Ж. жана 2019-жылы туулган К. А. саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишпегени айтылган. Бул факты боюнча борбор калаанын милициясы издөө иштерин баштаган. Анын жүрүшүндө милиция кызматкери балдар сууга чөгүп кеткенин аныктап, өз алдынча алып чыгууга аракет кылган. Бирок муз жарыла баштаган. Ошол кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары келип, балдардын сөөгүн түндө суудан алып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, балдар чоң апасынын үйүнө конокко барышкан.

"Бул жакта чоң апасы жашайт, ошонун үйүнө келишкен экен. Бирөө мектепке бара элек, экинчиси мектепте окуйт экен. Бул жерде ЖЭБдин карьери бар, ошол жердеги көлмөгө чөгүп кетишиптир. Муз тепкени барышкан окшойт", - деди атын атагысы келбеген тургун.

Маалыматтарда Бакай-Ата конушундагы балдар бул көлмө тоңгондо муз тээп ойношот.