Президент Жапаров Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу оюн айтты

Президент Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров

29-январда президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы сөз эркиндигинин, демократиянын жана адам укуктарынын абалы тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине комментарий берди.

Анда Жапаров Кыргызстанда "сөз эркиндиги да, демократия да бар" экенин, жарандар "өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип" жатканын, социалдык тармактарда да, маалымат каражаттарында да "каалаганын каалагандай эле айтып жатканын" белгиледи.

"Азыр муну окугандар "айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип жатпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы" деши мүмкүн. Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар, же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи? Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат", - деди Жапаров.

Ал мыйзамсыз чакырыктарга жол берилбей турганын, айрымдар сөз эркиндигине жамынып алып, "аймактар аралык кастыкты козутуп жатканын" айтып, кайсыл бир маселеге карата нааразылык акция кылам дегендер Бишкектеги Горький сейил багына чыгып, журналисттерди чакырып, кайрылса болорун кошумчалады.

"Мамлекеттик органдардын алдына барбасын, алардын ишине жолтоо болбосун деген эле ой. Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө бар. Биз бир гана нерсени суранып жатабыз. Жалган маалыматтарды таратып бирөөлөрдүн аброюна шек келтирбегиле, далили жок каралабагыла деген эле талап", - деди Жапаров.

Ал Европа мамлекеттеринде жана Америкада да адам укуктары жана маалымат каражаттарына байланыштуу маселелелер бар экенин айтып, "саналуу адамдардын эмес, мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек" деп билдирди.

Жапаров бул комментарийин президенттик кызматка киришкенден берки беш жылда Кыргызстанда сөз эркиндигинин, адам укуктарынын жана демократиянын көрсөткүчтөрү төмөндөгөнү тууралуу маалыматтарга жооп иретинде берди.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү көз карандысыз байкоочулар жана уюмдар соңку беш жыл ичинде Кыргызстанда экономикалык көрсөткүчтөр жакшырып, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке киргенин кубатташканы менен өлкөдө адам укуктарына, сөз эркиндигине байланыштуу көйгөйлөр бар экенин билдирип, айрым катардагы жарандар, активисттер же журналисттер суракка чакырылган же кармалган учурларды мисал келтирип жүрүшөт.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү демократиянын жана эркиндиктин абалына көз салган америкалык "Фридом Хаус" уюмунун рейтингинде Кыргызстан соңку беш жылдан бери "эркин эмес" өлкө катары сыпатталып келет.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун "Пресс эркиндиги" рейтингинде соңку беш жыл ичинде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 82-орундан 144-орунга түшкөн.

"Салыштырмалуу деңгээлдеги сөз жана басма сөз эркиндиги менен бул өлкө 2022-жылга чейин туруксуз экономикасына жана кеңири жайылган кызматтык коррупцияга карабастан Борбор Азияда өзгөчө орунда турган. Бирок азыр ал (Кыргызстан) маалымат каражаттарына карата күчөгөн басымды баштан кечирүүдө", - деп айтылат "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Кыргызстанга арналган барагында.

Кыргыз бийлиги бул сыяктуу эл аралык уюмдардын рейтингдерин негизсиз деп четке кагып келет.