Аскеров: жыныстык билим берүү өтө маанилүү

Сүрөттүн булагы, PA

Улуу Британияда эми 11 жаштан кийинки окуучуларга “жыныстык катнашка качан макул болуу керек” дегендей темалар окутулат. Ал эми Кыргызстанда жакында эле биринчи айым Раиса Атамбаева аялдардын улуттук форумунда Бишкекте ар бир алтынчы кыз жыныстык жашоосун 16 жашында баштайт деп белгилеген.

Кыргызстанда өспүрүмдөргө сексуалдык билим берүү канчалык маанилүү деген суроону Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын акушер жана гинекология кафедрасынын башчысы, Кыргыз акушер-гинеколог ассоциациясынын президенти, доктор Арсен Аскеровго жолдодук.

Арсен Аскеров: Биринчиден билим бербегенден эмне кесепеттер чыгат деп айтсак туура болот. Бул кесепеттер Совет доорунан бери эле келет. Бул эрте турмушка чыгуу, эрте жыныстык мамиле, күтүүсүз кош бойлулук, анын негизинде аборттордун, кабылдоо төрөттөрдүн көбөйүшү жана эненин өлүмдүүлүгүнүн көбөйүшүнө да алып келет деген сөз болот.

Би-Би-Си: Батышта айрым өлкөлөрдө 11 жаштан баштап жыныстык билим берүү сабактары башталат экен. Кыргызстанда болсо бул маселе канчалык жолго коюлган?

Арсен Аскеров: Кыргызстанда чыныгы жыныстык билим студент кезинде гана берилет. Ал эми мектепте бул жашыруун түрүндө, тез арада өз алдынча сабак катары өтүп келет. Бул боюнча туура маалымат берилбейт. Көпчүлүк учурда өспүрүмдөр досторунан, башкача айтканда такталбаган, туура берилбеген маалыматтарды чогултуп билим алышат.

Би-Би-Си: Кыргызстандыктар жаныстык катнаш темасына "уят" көз карашта экени маалым. Ушул "уят" деп канга сиңип калган теманы кантип жеңип кетсе болот?

Арсен Аскеров: Албетте традицияларды, стереотиптерди бузуш керек. Буга мурунку муундагылар сөзсүз түрдө тоскоолдук кылат. Себеби алар өздөрү муну башынан өткөрбөгөндөн кийин, өз билимин тоскоолдук менен алгандыктан ал жетиштүү жана бул маселе кооптуу деп, биздин салтка шылтап бөгөт болушат. Бирок заман жана маалымат булактар да өзгөргөндүктөн, адам баласынын чөйрөөнү кабыл алуусу да өзгөрө баштайт. Демек башкача, илимий көз караш менен туура маалымат бериш керек. Мүмкүн чындыгында мусулманчылыкты эске алып, эркек балдарды жана кыздарды бөлүп, өзүнчө окутуш керек. Бирок билим бериш керек.

Би-Би-Си: Кыргызстанда айрым тургундар балдарга жыныстык билим берүү ислам динине каршы келет деген пикирде. Диндин ролу кандай болуш керек бул маселеде?

Арсен Аскеров: Айрым учурда нейтралдуу позициядан өтө агресивдүү позицияга өтүп калышат. Илимий деңгээли жогору молдолор тескерисинче жардам бериш керек. Куранда жазылган туура сунуштар эркек балага жана кыз кишиге өз убагында жетиш керек. Ал тууралуу китептер азыр бар. Тилекке каршы молдолордун билим деңгээли төмөн болгондуктан буга каршы чыгышууда.

Кыргызстанда жыныстык билим берүүгө дин өкүлдөрү кандай карайт?

Чубак ажы Жалилов: Бул тууралуу мусулманчылыкта кеңири айтылган. Балдарга атасы, кыздарга энеси, андан сырткары бир жыныстагы адамдар – кыздарга аялдар, балдарга эркектер билим бериши керек. Батышта көбүнчө кыздарга коопсуз сексти үйрөткөн, кантип боюна бүтүрбөй коюуга болот дегендей нерселерди түшүндүрүп олтуруп, жыныстык мамилелерге шыктандырып коюу коркунучу болуп жатпайбы. Бул туура эмес. Шарият боюнча жыныстык мамиле нике аркылуу болуш керек. Никелешкенден кийин дагы жыныстык мамилелер тууралуу сабактар болуш керек. Бирок никеге же бойго жеткенге чейинки аралыктагы башаламан жыныстык мамилелерде болгону кантип бойго бүтүрбөөнүн амалын үйрөтүү менен гана чектелип жатса, анда албетте бул шарият боюнча терс көз караш менен кабылданат.