COP26: АКШ-Кытай күтүүсүз климаттык макулдашуусу кандай кабыл алынды?

Климаттык саммит

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнө жүзү боюнча нааразылык акциясына чыккандар дүйнөлүк лидерлерден климаттык өзгөрүү боюнча чечкиндүү кадамдарды талап кылууда

Активисттер менен саясатчылар АКШ менен Кытайдын климаттык кызматташтыкты илгерилетерин жар салганын этияттык менен кабыл алууда.

Евробиримдик менен БУУ бул кадамды үмүт берүүчү жана маанилүү кадам деп атады. Бирок, Greenpeace (Гринпис) уюму эки өлкө тең милдеттенме алганын көбүрөөк көрсөтүшү керек деп билдирди.

АКШ менен Кытай дүйнөдөгү эң ири CO2 бөлүп чыгаруучулар.

Алар 2015-жылы белгиленген Париж келишиминдеги 1,5°С температурага жетүү үчүн бирге иштей турганын айтышты.

Окумуштуулардын айтымында, дүйнөдө температуранын жогорулашын 1,5°С менен чектөө адамзатты эң жаман климаттык өзгөрүүнүн кесепетинен сактап калат.

Дүйнөлүк эки алп атаандаштын билдирүүсү Глазго жергесинде өтүп жаткан COP26 климаттык саммитинде жасалды. Саммит расмий түрдө жума күнү аяктайт.

АКШнын президенти Жо Байден менен анын кытайлык кесиптеши Си Цзинпин кийинки аптада виртуалдык жолугушуу өткөрөрү күтүлүүдө.

Кытайдын климаттык элчилеринин айтканына караганда, аталган билдирүү соңку он ай ичиндеги болжолдуу 30 жолугушуудан кийин макулдашылган.

Көмүр кычкыл газы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Күтүүсүз макулдашууга карата коомчулуктун реакциянын негизинен оң болду, бирок эксперттер менен активисттер эми убадаларды аткаруу үчүн конкреттүү аракеттер көрүлүшү керек экенин эскертишти.

Жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фонддогу АКШнын климаттык саясат боюнча директору Женевева Марикл бул билдирүү 1,5°С чекти ишке ашыруу үчүн “жаңы үмүт” жаратканын айтты.

Бирок “Эки өлкө кийинки тогуз жылда бөлүп чыгарууларды азайтуусу үчүн эмнелер керектелгенин жакшылап карап турушубуз керек”, - деп кошумчалады ал.

“Гринпис” уюмунун аткаруучу директору Женнифер Морган Кытай менен АКШ климаттык максаттарга жетүү үчүн көбүрөөк милдеттенме алганын көрсөтүшү керек деп эскертти.

Австралиянын мурдагы премьер-министри Кевин Рудд Би-Би-Сиге билдиргендей, макулдашуу “оюн эрежелерин өзгөрткөн жок”, бирок алдыга жылуу үчүн маанилүү кадам болгон. Учурда ал климаттык өзгөрүү боюнча макулдашуулар менен иштеген Азия коомунун президенти.

“Кытай менен АКШнын ортосундагы азыркы геосаясий абал коркунучтуу. Бул макулдашууну Вашингтон менен Бээжиндин ортосунан чыгаруунун өзү эле учурда маанилүү”, - деди ал.

АКШ-Кытай биргелешкен билдирүүсү 1,5°С максатты орундатуу үчүн керектүү болгон “маанилүү боштукту” толтурууга аракеттерди күчөтүүгө чакырат.

Бир топ маселелер боюнча, анын ичинде метанды бөлүп чыгаруу, таза энергияга өтүү жана көмүртекти азайтуу багытында макулдашууга жетишкен.

Кытайдын климаттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн башкы өкүлү Се Жэнхуа кабарчыларга “Кытай менен АКШнын ортосунда ача пикирге караганда макулдашуу көбүрөөк” деп билдирди.

Кытай метанды чектөө боюнча ушул аптанын башында макулдашууга кошулуудан баш тарткан болчу. Бирок, анын ордуна көйгөйдү чечүү үчүн “улуттук планды” иштеп чыгууга убада берген эле. Метан - зыяндуу парник газы.

“Азыр ар бир кадам маанилүү. Алдыда басып өтө турган жолубуз узак”, - деди ал.

Се Жэнхуа

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын климаттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн башкы өкүлү Се Жэнхуа Кытай менен АКШ 30дан ашуун виртуалдык жолугушуу өткөргөнүн билдирди

Кытай дүйнө жүзү боюнча көмүр кычкыл газын эң көп бөлүп чыгарган өлкө. Андан кийинки орунда АКШ турат. Сентябрда өлкө президенти Си Цзинпин Кытай 2060-жылга чейин көмүртекти нейтралдаштырууну көздөрүн билдирип, бөлүп чыгаруу 2030-жылы туу чокусуна жетерин айткан.

АКШ болсо таза нөлгө 2050-жылга чейин жетүүнү максат кылууда.

COP26 климаттык саммитте шаршемби күнү төмөнкүдөй маанилүү жетишкендиктер да болду:

  • COP26 келишиминин акыркы варианты жарыяланды. Анда өлкөлөр 2022-жылдын акырына чейин көмүртекти азайтууга көбүрөөк басым жасары белгиленди. Ошондой эле, документ аялуу мамлекеттерге көбүрөөк көмөк көрсөтүүгө чакырат. Бирок текст жетиштүү деңгээлде амбициялуу болбой калды деп көпчүлүктүн сынына кабылды
  • Британиянын премьер-министри Борис Жонсон башка өлкөлөрдүн лидерлерин соңку келишимге келүү жана сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкүлдөргө көбүрөөк ыйгарым укук берүүгө чакырды. Басма сөз жыйынында сүйлөп жатып ал дүйнөлүк температураны 1,5°С төмөн кармап туруу амбициясынан баш тарта элек экенин билдирди
  • COP26нын шаршемби күнкү темасы саякат болду. Ондогон мамлекеттер мунай жана күйүүчү май менен иштеген машиналардан бара-бара баш тартарын убада кылды. Бирок, АКШ, Кытай жана Германия кол койгон жок. Бир нече ири компаниялар, анын ичинде Ford жана Mercedes, милдеттенме алууга сөз берди. (EA)