COP26: Казылып алынган отун индустриясы климаттык саммитке ири делегацияны жөнөткөн

Глазгодогу акция

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дем алыш күндөрү активисттер Глазгодо акцияга чыгышкан

Би-Би-Сиге берилген анализ көрсөткөндөй, COP26 климаттык саммитине башка өлкөлөргө караганда казылып алынган отун индустриясы менен байланышы бар делегаттардын саны көбүрөөк болгон.

Аталган жолугушуунун башталышында БУУ тарабынан жарыяланган катышуучулардын тизмесин Global Witness уюмунун активисттери карап чыгышкан.

Алар казылып алынган отун өнөр жайларына байланышы бар 503 киши климаттык саммитке аккредитация алганын аныктап чыгышкан.

Ал делегаттар мунай жана газ индустриясын калкалары айтылууда жана активисттердин айтымында, аларга бөгөт коюлушу зарыл.

“Казылып алынган отун өнөр жайы климаттык кризисти четке кагып, ал боюнча чыныгы аракеттерди он жылдап кечиктирип келди. Ошондуктан бул чоң көйгөй болууда”, - дейт Global Witness уюмунун өкүлү Мюррей Ворзи.

“БУУнун 25 жылдык климаттык сүйлөшүүлөрү дүйнөлүк бөлүп чыгаруулардын азайышына алып келбеген эң чоң себептеринин бири - алардын таасир этип турганы”.

40 миңдей киши COP26 саммитине катышууда. БУУнун маалыматына ылайык, Бразилия 479 делегат менен эң чоң топту түзгөн.

Глазго шаарындагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан Британия болсо 230 делегатты каттаган.

Кайсы өлкөлөр казылып алынган отунду калкалап жатат?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анализ жүргүзгөн Global Witness, Corporate Accountability жана башка уюмдар казылып алынган отунду калкалоочу деп мунай жана газ компанияларынын кызыкчылыгын коргогон топтун мүчөсүн же соода бирикмелеринин делегациясына кирген кимдир бирөөнү эсептешет.

Жалпысынан алар аталган саммитте ошол кызыкчылыктар менен байланышы бар 503 адамды аныкташкан.

Ошондой эле, алар төмөнкүлөрдү таап чыгышкан:

  • Казылып алынган отунду калкалагандар эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү. Алар: Канада жана Орусия
  • COP саммитиндеги казылып алынган отун лоббиси соңку 20 жылда климаттык өзгөрүүдөн жабыр тарткан сегиз өлкөнүн делегаттарынын жалпы санынан көбүрөөк
  • COP саммитине 100дөн ашуун казылып алынган отун компаниялары келип, 30 соода бирикмеси жана мүчө уюмдар катышкан
  • Казылып алынган отунду калкалагандар БУУнун климаттык өзгөрүү боюнча рамкалык конвенциясынын түпкүлүктүү элдеринин расмий өкүлдөрүнөн дээрлик эки эсеге көп болгон

Алар аныктаган эң чоң топтордун бири Бөлүп чыгарууларды соодалаган эл аралык бирикме (IETA) болгон. Бирикменин 103 делегаты, анын ичинде BP мунай жана газ компаниясынын үч мүчөсү саммитке келген.

Global Witness уюмунун маалыматы боюнча, IETA көптөгөн ири мунай компаниялары тарабынан колдоого алынган. Ал компаниялар мунай менен газды казып алууну улантуу үчүн кенемте төлөөнү жана көмүртекти сатууну жайылтууну көздөшөт.

“Бул мүчө катары казылып алынган отун багытында өтө көп компанияны камтыган бирикме. Анын планын казылып алынган отун компаниялары белгилейт жана алар казылып алынган отун компанияларынын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат”, - деди Global Witness уюмунун өкүлү Мюррей Ворзи.

“Бирок биз климаттык аракеттей болуп көрүнгөн жалган чечимдердин сунушталганын көрүп жатабыз. Бирок алар азыркы абалды сактоого багытталган. Алар казылып алынган отундун жерде калышына багытталган биздин ачык, жөнөкөй чара көрүүбүзгө жолтоо болууда. Бул климаттык кризистин чыныгы чечими экенин билебиз”.

Станция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казылып алынган заттарды күйгүзүүдөн чыккан күкүрт жана азот кислотасы кычкыл жаан-чачын болуп түшөт

IETA уюму бөлүп чыгарууларды азайтуунун базарга негизделген эң натыйжалуу жолдорун табуу үчүн иштеп жатканын айтат. Анын мүчөлүгүнө казылып алынган отун компаниялары жана ошондой эле башка бизнестин ар кандай түрлөрү кирген.

“Биздин юридикалык фирмаларыбыз бар, биздин долбоор иштеп чыгуучуларыбыз бар. Алар дүйнө жүзү боюнча таза технологияны киргизип жаткан кишилер. Ошондой эле, алар биздин бирикменин дагы мүчөлөрү болуп кетет”, - дейт IETA уюмунун өкүлү Алессандро Вителли.

“Биз бүгүн жана эртең эле токтоп калбайбыз, казылып алынган отунду жагуудан улам бөлүп чыгуулар кокустан эле токтоп калбайт. Учурда бул өткөөл процесс жүрүп жатат. Көмүртек базарлары ошол өткөөл мезгилдин ишке ашышын камсыздоонун эң жакшы жолу”.

Активист топтор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тамекиге тыюу салууга олуттуу мамиле кылбай, акыры аталган тармакты калкалагандардын баары ДСУнун жолугушууларынан четтетилгенин эске салышты. Алар COP саммитиндеги мунай жана газ компаниялары үчүн дагы ошондой эле мамилени талап кылып жатышат.

“Казылып алынган газ өндүрүшүн көбөйтөрүн ачык эле айтып жатканына карабастан Shell жана BP өңдүү компаниялар бул сүйлөшүүлөрдүн ичинде жүрөт”, - дейт анализ жүргүзүүгө салым кошкон Корпоративдик Европа Обсерваториясынын өкүлү Паско Сабидо.

“Эгерде амбициябызды бийик коёрубузга олуттуу карасак, анда казылып алынган отунду калкалагандар сүйлөшүүлөрдөн четтетилиши кажет”. (EA)