COP26: 190 өлкө көмүрдөн баш тартат, Бишкекте “ЕБ-Борбордук Азия” бизнес форуму

COP26: 190 өлкө менен уюм көмүрдөн баш тартат

Көмүр

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылы дүйнөдөгү электр энергиясынын болжолдуу 37% көмүр өндүргөн

Британиянын өкмөтүнөн билдиришкендей, ири көмүр керектөөчүлөр, анын ичинде Польша, Вьетнам жана Чили COP26 климаттык саммитинде казылып алынган отундан баш тартуу милдеттенмесин алайын деп жатышат.

Көмүр климаттык өзгөрүүгө салым кошкон бирден бир зат.

Британия 190 өлкө менен уюм көмүрдөн баш тартууга убада бергенин билдирди.

Бирок, көмүргө эң көп көз каранды болгон дүйнөдөгү өлкөлөр, анын ичинде Австралия, Индия, Кытай жана АКШ, милдеттенмени алууга кол койгон эмес.

Макулдашууга кол койгондор өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде көмүр менен энергия өндүрүүгө инвестиция салууну токтотууга милдеттүү болушат.

Ошондой эле, Британия билдиргендей, алар 2030-жылы ири экономикалар көмүр энергиясынан бара-бара баш тартарын жана жакыр өлкөлөр болсо 2040-жылы баш тартарын макулдашкан.

“Көмүрдүн аягы жакындап калды”, - деди Британиянын бизнес жана энергетика министри Кваси Квартең.

“Дүйнө туура багытта баратат, көмүрдүн тагдырын чечүүгө даяр. Таза энергияга негизделген келечекти куруу боюнча экологиялык жана экономикалык артыкчылыктардан пайдаланабыз”.

Жаңы милдеттенмени алууга 40тан ашуун өлкө кол койду. Британия билдиргендей, Польша, Вьетнам жана Чили биринчи жолу жаңы көмүр энергиясына инвестиция кылбай же аны курбай турганын жана андан баш тартууга макул болгон 18 мамлекеттин арасына кирди.

Бирок Британиянын Көмүскө бизнес министри Эд Милибанддын айтымында, Кытай жана башка ири бөлүп чыгаруучулар өңдүү “кыжыр келтирген мисалдар” дагы бар. Алар өлкө ичиндеги көмүр керектөөнү токтотууга олуттуу мамиле кылышпайт. Ошондой эле, ал күйүүчү май менен газдан дагы бара-бара баш тартуу боюнча эч кандай сөз болбогонун белгилеп өттү.

Дүйнө жүзү боюнча көмүрдүн колдонулушун азайтуу боюнча жетишкендиктер болгон болсо да, ал 2019-жылы дүйнөдөгү электр энергиясынын болжолдуу 37% өндүргөн.

Түштүк Африка, Польша жана Индия сыяктуу өлкөлөр өздөрүнүн энергетика секторун тазартуу үчүн ири инвестиция кылууга муктаж. (EA)

“ЕБ-Борбордук Азия” бизнес форумуна укук коргоочулар кайрылды

Бишкекте эртең “Европалык Биримдик- Борбордук Азия” бизнес форуму өткөн жатат. Анын алдында “Бир Дүйнө”-КР” укук коргоо уюму форумдун күн тартибине адам укугуна бизнес менен байланышкан терс таасирлердин алдын алуу жана жоюу боюнча глобалдык стандарттарды киргизүү жөнүндө кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши 2021-жылы 21-мартта бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндө жетекчилик принциптерин бекиткенин, анын негизинде тарыхта биринчи жолу адам укуктарына бизнес менен байланышкан терс таасирлердин алдын алуу жана жоюу боюнча глобалдык стандарт түзүлгөнү айтылат.

Жаңы стандарттар мамлекетке жана бизнеске адам укуктарындагы проблемаларды эффективдүү чечүү боюнча укуктук коргоо каражаттарына жетүүнүн механизмдерин берет. (КC)