“Ооруп калсам, тез жардам чакыруудан корком”

- Author, Дэнни Винцент жана Луис Барручо
- Role, BBC World Service
Карла документи жок иштеп жүргөн мигрант. Ал Лондон шаарындагы батирде 11 башка киши менен жашайт.
Мигранттар ижарага алган батирде бир гана киши өлкөдө мыйзамдуу иштеп жатат. Болгондо дагы ал медайым катары ооруканада иштейт экен.
"Биз анын жана өзүбүздүн саламаттыгыбызга тынчсызданабыз. Эгерде мага коронавирус жукса, мен 111 номуруна (коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын байланыш линиясы) чалбайм. Себеби документтерим жок, мени өлкөдөн чыгарып салышат",-дейт Карла.
Филиппинден келген Карла үйдөн кызына азык-түлүк алганы гана чыгат. Ал мурда карыяларды карап акча тапчу. Бирок карантин учурунда иш жок болгондуктан, каражат тартыш болуп жатканын айтууда.
Мыйзамсыз иштеген мигранттар
Британиянын кайрымдуулук уюмдары өлкөдө миллионго чукул документи жок мигрант бар экенин айтышууда. Аярлуу катмар катары саналган мыйзамсыз иштеген мигранттар өкмөттөн каржылык жардам ала албайм, айрымдары медициналык жардам алуудан дагы кооптонот.
"Абалдын кесепети үрөй учурат. Ден-соолугу начарлаганына карабастан көптөр дарыгерге баруудан баш тартышууда",-дейт Сюзан Куева.
Сюзан иштеген уюм Британияга Филиппиндерден мыйзамсыз келген мигранттарга көмөк көрсөтөт. Ал айрым мигранттар дарыгерге көрүнүүгө макул болсо, башкалары коронавирустун симптомдорун көрсөткөнүнө карабастан ооруканага барбайт деп айтты.
Бразилялык 23 жаштагы Жи Британияга туристтик виза менен келип, ресторанда иштеп калган. Анын визасынын мөөнөтү алты ай мурун бүткөн.

Карантин учурунда ал жумушсуз калып, ижарага алган бөлмөсү үчүн төлөй албай, азык-түлүк дагы тартыш болуп жатканын айтат.
"Өкмөт социалдык аралыкты кармоо боюнча чечим кабыл алгандан кийин абал начарлады. Көчөлөр полицияга толду. Коопсуздук кызматкерлер токтотсо документим жок, өлкөдөн чыгарып салышат",-дейт ал.
Британиянын мыйзамы боюнча документин тууралабай өлкөдө иштеп жүргөндөр медициналык жардам үчүн өз чөнтөгүнөн төлөшү керек. Мыйзамдуу иштеп жүргөндөргө медициналык кызматтар бекер.
Ошондой эле оорукана бейтаптын аты-жөнүн, жашаган жерин жана жарандыгын жазып алат. Бул маалыматты полиция дагы карап чыгууга укуктуу.
Ички иштери министрлиги болсо Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, пандемия учурунда Covid-19 вирусту аныктоочу тесттен өткүсү келгендердин миграциялык документтери талап кылынбайт жана тест бекер экенин билдирди.

Бирок отузга чукул адам укуктарын коргогон уюмдар өкмөттүн Covid-19 вирусуна текшерилгендерден миграциялык документтер талап кылынбайт деп чектелгени жетишсиз экенин айтышууда. Бул пикирге алтымышка чукул парламент депутаттары дагы кошулду. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жолдоп, мыйзамсыз мигрант болсо дагы коронавирустан бекер дарыланышы керек экенин белгилешти.
Жи өкмөттүн чечимин күтпөй эле, Британиянын мыйзамсыз мигранттардын ыктыярдуу түрдө өз мамлекетине кайтып баруу программасына кайрылды. Ага "Каса до Бразил" аттуу кайрымдуулук уюм жардам берип жатат.
"Мурда күнүнө беш же алты киши өлкөмө кайтып барууга жардам бергиле деп байланышчу. Соңку жумаларда бул сан отузга чыкты. Күнүнө отузга чукул киши байланышат",-дейт уюмдун өкүлү Виктория Набас.
Британияда канча мыйзамсыз мигрант бар экенин айтуу татаал. Алардын көбү туристтик виза менен келип, өлкөдө калып калгандар же чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр.
"Бир нече жолу Британиянын чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракеттендим. Анан бир кеме мени Британияга чейин алып келди",-дейт Жао. Мыйзамсыз мигрант 12 жылдан бери Британияда жашап, иштеп келет.
Башка мыйзамсыз мигранттардай эле, ал көп кишилер менен бирге чакан батирде жашайт.

Жао мыйзамсыз мигрант болсо дагы өкмөттөн жардам ала алды. Учурда көптөгөн адам укуктарын коргогон уюмдар пандемия учурунда бийликти кишилерди мыйзамдуу же мыйзамсыз деп бөлбөй, баарына бирдей жардам көрсөтүүгө чакырышууда.
"Мен рак илдетине чалдыктым. Ошондуктан документтерим жок болсо дагы, өкмөт жардам берип жатат",-дейт Жао.
Жао Кытайда зордук-зомбулукка кабылып, жакындарынын жардамы менен Британияга качып кеткен.
Жи болсо Бразилияга кайтып барды. Ал Британияда жаңы турмушун баштай алган жок.
"Качантан бери кагаз ким адам ким адам эмес экенин аныктайт. Кишинин тырышып иштегени, чынчыл болгону маанисиз болуп калды. Бир гана документ керек",-дейт Жи.
*Макаладагы каармандардын ысымдары өзгөртүлгөн.











