Коронавирус: Жалган маалымат таратканы үчүн камакка алынгандар

Сүрөттүн булагы, Tyler County Sheriff's Office/ Getty
- Author, Жо Тайди
- Role, Кибер коопсуздук боюнча кабарчы
Майкл Лэйн Брандин "Фейсбук" баракчасына жазган пикири чоң талкууга түрткү болорун билген. Аны жазып жатканда Майкл ишинен айдалып, камакка алынарын ойлогон эмес.
Март айында көптөгөн мамлекеттер катаал чараларды ишке ашырып жатканда, Майкл жашаган аймакта карантин чаралары киргизиле элек болчу. Зеригип жаткан жаш жаран "Фейсбук" баракчасындагы Covid-19 вирусуна байланыштуу талкууну карап, "социалдык эксперимент" жасап көрүүнү чечкен.
Майкл баракчасына вирусту жуктуруп алганын, дарыгерлер вирус ал жашаган аймакта кеңири тарап жатканын айтышканын жазган. Анын жакындары дароо байланышкан экен.
"Туугандарым, тааныштарым мага байланышып, тез сакайып кет деп айтышты. Мен аларга бул жалган маалымат экенин дароо айттым",-дейт Майкл.
Бирок Майкл билбегени, ал жазган жалган маалымат желдей тарап, Tyler County аймагы дүрбөлөңгө түшкөн. Техас полициясынын айтымында, аймактын тургундары дендароо абалына түшүп, ооруканаларга байланышып вирустан коргонуунун жолдорун сураган экен.
Коопсуздук кызматкерлери Майкл менен байланышып, ал жалган маалымат таратканын, "социалдык эксперимент" жасап жатканын баракчасына жазууну талап кылышкан. Майкл бул талаптарды дароо аткарган. Ага карабастан, жалган маалымат токтобой тарай берген.
Ошондо Tyler County аймагынын полиция бөлүмү өз "Фейсбук" баракчасына "сот Майкл Лэйн Брадинди жалган маалымат таратканы үчүн камакка алуу боюнча чечим чыгарды" деп жазды. Майкл полицияны күтпөй эле, өзү барып, колго түшүп берген экен.
"Мени дароо камашты. Сот күрөөгө койгуча абакта отурасың деп түшүндүрүштү. Түнү менен түрмөдө өкүнүп жаттым",-дейт Майкл.
Сот Майкл бир миң доллар күрөө төлөп соттук териштирүүгө чейин эркиндикке чыкса болот деген чечим чыгарган. Учурда Майкл үйдө отурат. Соттук угуулар баштала элек.

Сүрөттүн булагы, Michael Lane Brandin
"Коммуникация боюнча жогорку билимим бар. Мен жалган маалымат коомчулукту оңой эле дүрбөлөңгө саларын дагы бир жолу далилдеп бердим окшойт. Ар бир адам макала же маалымат окуп жатып, ага дароо ишенбеши керек. Аны тастыктап, таразалап туруп кабыл алганы туура. "Фейсбук" баракчамдагы экспериментим үчүн жумуштан айдалдым, акчам жок болгондуктан үй-бүлөмө жүк болдум. Азыр ата-энем мага жардам берип жатат",-дейт Майкл.
АКШда жалган маалымат тараткандарга карата катаал чара көрүлөт.
Дүйнөдөгү жалган маалымат үчүн камакка алынгандар
Жалган маалымат таратканы үчүн Индия, Марокко, Таиланд, Кения, Камбоджа, Сомали, Эфиопия, Сингапур, Ботсвана, Орусия жана Түштүк Африка сыяктуу мамлекеттерде камакка алынгандар болду.
Алардын айрымдары коомду дүрбөлөңгө салуу үчүн жалган маалымат тараткан. Бирок адам укуктарын коргогон уюмдар айрым мамлекет лидерлери пандемияны колдонуп, активисттерди, оппозиция өкүлдөрүн тынчытып жатканын дагы айтышууда.
Кениянын тургуну Роберт Алай күрөө төлөп абактан чыкты. Сот аны 10 жылга түрмөгө кесиши ыктымал.

Сүрөттүн булагы, Robert Alai
41 жаштагы Роберт Алай Мобасса порт шаарында коронавируска кабылгандар аныкталды деп "Твиттер" баракчасына жазган. Ал жалган маалымат таратты делген айып менен камакка алынып, үч күн түрмөдө кармалган. Роберт абакта социалдык аралыкты сактоого мүмкүн болбогонун, чакан бөлмөдө ондогондор кармалганын айтат.
"Баарыбыз жерге жаттык. Эч кимге беткап берилген жок. Смартфондогу программаны колдонуп, биз кармалган абакты ченедик - узундугу төрт метр, туурасы үч метр экен. Бул бөлмөдө абдан көп киши кармалгандыктан, айрым учурда отурууга мүмкүн болбой калып жатты. Жалган маалымат тараттың, башкалардын өмүрүнө коркунуч жараттың деп камакка алып туруп, пандемия учурунда ошондой шартта кармоо туура эмес",-дейт Роберт Алай.

Сүрөттүн булагы, Robert Alai
Алай мырза өкмөттү сындап келген белгилүү блогерлердин бири. Анын "Твиттер" баракчасында миллиондон ашуун колдоочулары бар. Ал эми Кениянын полициясы Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген жок.
Кениянын өкмөтү жалган маалымат тараткандарга катаал чара көрүлөрүн эскертип келген. Блоггер Алай болсо, ал тараткан маалымат жалган эмес экенин айтууда. Би-Би-Си Алайдын бул сөзүн тастыктай алган жок.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Роберт Алай өкмөттү сындаганы үчүн бир нече жолу камакка алынган. Анын айтымында, бийлик пандемия шартын колдонуп, активисттерди тынчытууга аракеттенип жатат.
"Бийлик блоггер, журналист жана активисттерди коомдук сайттар аркылуу жалган маалымат тараттың деп камакка алып жатышат. Жалган маалымат тараткандарга чара көрүлбөшү керек деген жокмун. Бирок полиция туш келди эле камай бербей, окуяны териштирип туруп ишин кылышы керек. Элге маалымат жетип турганы абдан маанилүү жана менин өз пикиримди билдирүүгө укугум бар",-дейт Алай.
Эгерде Роберт Алай күнөлүү деп табылса ал 47 миң доллар айып пул же 10 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.
Пандемиянын эркиндикке болгон коркунучу
Human Rights Watch уюму өткөн айда адамдын өмүрүн сактоого багытталган пандемия учурундагы айрым чектөөлөр аша чапкандык болгонун билдирген. Уюм айрым мамлекеттер пандемияга таянып сөз эркиндигин чектеп жатканын кошумчалаган.
Уюмдун баяндамасына ылайык, айрым мамлекеттерде дарыгерлерге кысым көрсөтүлүп, алар чыныгы абалды айтуудан кооптонуп калышты. Ошондой эле журналисттердин ишмердүүлүгүнө дагы чектөөлөр киргизилгени байкалууда.
Мисалы, январь айында коронавирус тууралуу ачык айтып чыккан кытайлык дарыгер Ли Вэньлян полиция тарабынан кысымга алынып, коомдук сайттарда жалган маалымат таратканы үчүн эскертүү алган. Мындай мисалдар дүйнөнүн булуң бурчунда, анын ичинде Кыргызстанда катталды.
Сөз эркиндигин урматтоо менен жалган маалымат менен күрөшүүдө ар бир мамлекет балансты сактоо менен алпурушууда. Учурдагы пандемия кийинки муун үчүн чоң сабак болуп калары талашсыз. (AT)












